Кенжут

Википедия дан

Кенжуттопоним. "Манас" эпосунда Алтайлык кыргыздар көчүп барган жердин аты катары: «Алтайлык кыргыз барыптыр Ополдун тоосун оролуп, Кенжутка жетти көчмөнү» (Сагымбай Орозбаков, 2. 200),— деп айтылат. Алмамбет Манаска келгенден кийин К-тун каны Айганга жортуул жасап аны жеңет да, Алтынай деген кызына Алмамбет үйлөнөт. Алар мужоосу (маджус — отко табынуу) динде болгондуктан, мусулман динине киргизишет. Бул окуя Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана айтылат. Кээде Шооруктун эли жашаган жер катары да эскертилет:

Жетигендин тарабы,

Жерди Кенжут карады,

Күн чыгышы Ималай.

Шолорду да жердеген

Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).

Географиялык реалияда түндүк Индиядагы жер — Канжут. Айрым изилдөөчүлөр (М. Ауэзов, Ө. Караев) К-ту байыркы Эне-Сай кыргыздарынын Улук-Кемдеги (Тува АССРи) шаары (Кем-Кемжут) менен окшоштурушат. Жердин аттары гана окшош болбосо, Кем-Кемжут 10-кылымда эле жок болуп кеткен, ал эми Канжут (Кенжут) кийинки кезге чейин эле аталып Сары-Кол тараптагы элдерге (кыргыз, тажик) кеңири белгилүү болгон экөө эки башка региондогу топоним. Ч. Валиханов : «Канджут — Хунза менен Нагар княжествосунун эски жалпы аты», — деп жазат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4