Кеңдик

Википедия дан
Жер шары.

Кеңдик (latitude) – сфералык координата системасындагы координаталардын бири; анын жардамы менен Жердеги, Күндөгү же планетадагы чекиттердин экваторго салыштырмалуу асман сферасындагы орду аныкталат.

Кеңдик астрономиялык, географиялык жана башкаларга айырмаланат. Астрономиялык кеңдик – берилген орундагы тик сызык менен жер экваторунун тегиздигинин ортосундагы бурчтук аралык; географиялык кеңдик – жер бетиндеги чекиттин абалын аныктоочу географиялык координаталардын бири. Кеңдик боюнча ай либрациясы – эклиптикага карата Айдын орбитасынын тегиздигинин жантаюусунан пайда болгон термелүүсү. Жердин айланасында бир жолу айланганда Айдын айлануу огунун абалы өзгөрбөйт. Кеңдиктеги либрациянын максимуму ±6о41ў'га жетет. Кеңдик тегереги – асман сферасындагы эклиптиканын жана асман жарык чыгаруучусунун уюлу аркылуу өтүүчү чоң жарым тегерек, к. Экватордук координаталар.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4