Колдонуучу:Zhypara

Википедия дан
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов
[[File:http://www.google.kg/imgres?hl=ru&sa=X&tbo=d&biw=1366&bih=631&tbm=isch&tbnid=NtFIFlr2JrwDjM:&imgrefurl=http://www.nashagazeta.ch/node/7536&docid=pg3Yd0OCltuqIM&imgurl=http://www.nashagazeta.ch/files/u155/photo_7.jpg&w=500&h=321&ei=RJjRUP3eO4X74QT8mYHIBA&zoom=1&iact=hc&vpx=4&vpy=271&dur=12421&hovh=180&hovw=280&tx=144&ty=119&sig=101126648845603408900&page=1&tbnh=141&tbnw=209&start=0&ndsp=26&ved=1t:429,r:8,s:0,i:109.jpg%7Cthumb%7Ccenter%7C200px]]
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Чыңгыз Төрөкулович Айтматов
Туулган жылы: 1928-жылы 12-декабрь 1928-жыл
Туулган жери: Шекер айылы, Талас,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Кайтыш болгон жылы: 10-июнь 2008-жыл (79 жашында)
Кайтыш болгон жери: Нюрнберг, Бавария, Германия
Ишмердүүлүгү: прозаик
Жанры: роман, повесть

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.

Балалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.

Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.

Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтматов адабиятты бала чагынан сүйгөн, ал эми студенттик күндөрүндө адабиятка болгон кызыкчылыгы андан да катуу боло баштайт. Мына ошондой күндөрдүн биринде Айтматов орус адабияты менен аябай достошот. Ал орус жазуучуларынын "Полктун уулу" ("Сын полка") жана "Ак кайың" ("Белая берёза") деген чыгармаларын басмакана менен макулдашпай туруп, кыргыз тилине которот. Бирок бул чыгармалар эчак эле которулуп калгандыктан Айтматовдун котормолору жарык көрбөй калат. Бирок ал өзүнүн жазуучулук ишин ошол повесттерди которуу менен баштадым деп эсептейт. Студент кезинде гезиттерге өзүнүн чакан макалаларын, очерктерин жарыялап жүрөт.

1952-жылдан баштап анын "Ашым", "Газетчи Дзюо", "Кайракта", "Сыпайчы", "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аңгемелери жарык көрө баштаган.

Окуусун аяктагандан кийин (1953) Айтматов зоотехник болуп иштейт. Мына ошол кезде ал өз чыгармаларын жаза баштайт. 1956-1958-жылдары жогорку адабий курстарды аяктаган.

Ошентип, курстарды аяктагандан кийин "Адабий Кыргызстан" журналынын редактору болуп иштеп калат. Андан кийин беш жылдай "Правда" гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт. Бул дагы жазуучунун чыгармачыл талантын байытууга чоң түрткү берет. СССРдин ири адабий басылмалары - "Новый мир" жана "Литературная газетанын" редколлегиясынын мүчөсү, "Иностранная литература" журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган.

"Москвадагы эки жылдык окуу мага, мурунку зоотехникке, көптөгөн жакшы нерселерди алып келди. Теориялык жактан эле эмес, ошондой эле практикалык жактан - биздин семинарлар Жогорку курстардагы талкуулар мен үчүн абдан жакшы чыгармачыл мектеп болуп берди", -дейт Айтматов.

Ч.Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган Жамийла повести дүйнөлүк атак-даңк алып келген. 1963-жылы "Тоолор жана талаалар баяны" жыйнагы үчүн Айтматов Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Жазуучунун чыгармалары, анын 60-80-жылдардагы "Бетме-бет", "Кызыл жоолук жалжалым", "Бото көз", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Жаныбарым, Гүлсары!", "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повесттери, "Кылым карыткан бир күн", "Кыямат", "Кассандра тамгасы", "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүк колукту") романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду ХХ жүз жылдыктын акырындагы XXI жүз жылдыктын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты.

Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган.

2012-жылы жазуучунун кызы Ширин атасынын 1970-жылдары жазылган "Жер жана Флейта" деген романын калемгердин иш болмосунон таап чыкканын коомчулукка угузду.

Махабат айдыңында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында, окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес. “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов: “Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”- деп жазат.

Журналист Жаныбек Жанызак “Айтматовдун айымдары” аттуу китепче жазып, ал китепче калкка кеңири тарап кеткен. Жазуучу буга жооп кылып жогоруда аты аталган китебинде: “Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли, өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек”- дейт да, кебин улай: “Керез – алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”

«Манас» жана Айтматов[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Манас» эпосу профессионал жазуучулар үчүн жеке эле драматургия жаатында гана эмес, прозада, поэзияда көркөм булак болуп келүүдө. Прозада биринчи кезекте Ч. Айтматовдун эстетикалык ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп турат. Атактуу жазуучу улуу эпосту изилдеп, пропагандалап гана тим болбостон, анын сюжетин, идеяларын, көркөм каражаттарын чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланды.

К. Асаналиев мындай дейт: «Манас» Айтматовдун «көркөм акыл-зээнинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, кээ бир белгилери менен эмес, барыдан мурда синкреттик искусствонун улуу туундусу катары, өзүнчө бир бүткөн система катары жашайт».

«Манас» эпосун айтуу учурунда кунт коюп «манасчыдан угуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң» дейт Айтматов эпос жонундо[1].

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду.

Анын ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков баштаган өлкө жетекчилери, Орусиянын президентининин администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкин, элчилер, коомчулук өкүлдөрү катышты.

  1. "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4