Колдун аттанганы, Каныкейдин сарамжалы

Википедия дан

Колдун аттанганы, Каныкейдин сарамжалы — бөлүмдүн сюжетиндеги маанилүү деталдардан, эпостогу туруктуу салттык окуялардын бири. Колдун артынан Акылайдын үйүнөн аттанган Манас Бөкөйдүн белиндеги Каныкейдин ордосуна бурула турган айрылыш жолго жакындаганда өзүнөн өзү туталанып, ачуусу келип, себебин айтпай бүркөлгөнүн байкаган Алмамбет: баатыр, макул десең Каныкей жеңеге кайрыла кетели — дейт. Өзү айта албай келе жаткан Манастын кабагы ачылып, дароо макул болуп, Каныкейдикине бурулушат. Келе кетер деп камдуу турган Каныкей сыйлап, аш-тамагын берип бүткөн соң отуз-кырк балбанга чоң куржун көтөртүп келип, ортого койдуруп, Алмамбетке кайрылат: «Аяшым тыңда. Мынабу куржундун ичинде узак сапарда жүргөн, катуу согушка катыша турган адамга эмне керек болсо ошонун баары бар» — деп жайкы ысыкта киер калпактан, суукта киер тумактан тартып, жоого киер чопкут, милте, ок-дары, бир нече сыйра ич кийим, чылгоо, жылуу байпакка чейин бар экенин, кырк чоронун ар бирине ылайыкталып жасалганын терип-тепчип айтып чыгат. Угуп олтургандардын көбү анын айткандарына ишенишкен жок. Баатырлар аттанмак болуп сыртка чыгышса ар бирине жанына доол байлатып, алтын соот күрөөкүнү бөктөртүп, токулгалуу бедөө аттарды даярдатып коюптур. Каныкейдин кылганына кырк баатыр айран калышты. Аттанып жөнөй берген баатырлардын артынан ээрчий баскан Каныкей: аяш, токтой тур! — деп, Алмамбетке кайрылып, көзүнө жаш алып туруп, өзүнүн баласыздыгын, Манастын күйөрү жок жалгыздыгын айтып, кысталыш күн болсо баатырга көзүңдү сала жүр деп суранды. Анын сөзүн угуп туруп Алмамбет Манасты жалгыз дейсиң калың кыргыз эли бар, Абыке, Көбөш туугандары бар, эли да, күйөрү да жок анык жалгыз мен эмесминби! — деп, өз арманын айтканда, чын айтат дешип уккандар бүт жашыды.

Алмамбеттин аялы Арууке ыйлап туруп узак жолдо жанына медер болсун деп Алмамбетке кайрылып, боюнда күмөн бала бар экенин айтты. Качан келерин сураган Каныкейдин суроосуна Алмамбет бир жарым жылда келип каларын айтып баатырлар жөнөп кетишти.

Октябрь революциясына чейин жазылып алынган тексттерде эпизод толук түрүндө жок, бирок, «Чоң казат» деп аталбаганы менен Көкөтөйдүн ашы нан кийинки Манастын жортуулу Валиханов жазып алган эпизоддо да, Радлов жазып алган вариантта да эскерилет. Манас жортуулга барам деп төкөр устага ач албарс соктурушу, Каныкей күл азык даярдасын деп тапшырышы өңдүү окуялар экөөндө тең орун алган. Андан башка да венгер окумуштуусу Д. Алмаши жазып алып, 1911ж. жарыялаган үзүндүдө Манас казатка аттанып жатканда уулу Семетей менен коштошкону берилип, окумуштуунун түшүндүрмөсүндө «Чоң казат» эскерилет. Буга караганда «Чоң казат » жана ага тиешелүү окуялар эпосто мурдатан эле бар окуя дешке болот.

Баатырдын жакын жардамчысы болгон аялы иштүү жана сарамжалдуу болуп, күйөөсүнүн жоо кийимдерин белендеп бериши белгилүү эпостордун көбүндө бар даяр сюжеттердин бири. Баатырдын жарынын сарамжалдуулук касиетине көчмөн турмушта жашаган түрк элдеринин эпосторунда өзгөчө маани берилет.

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча сюжеттин өнүгүшү: болжогон күнү казатка аттанып, кол баштаган Кошой Каныкейге кайрылып, баатырдын батадан бүткөн баласын алып кел, көрөлү деп өтүнөт. Каныкей ымыркай Семетейди алып келипКошойгоберип, суп чепкен жаап, бата сурайт. Кошой Семетейге батасын берет. Кошой кол баштап, кошундун артын сүрүп Бакай жүрөт. Бээжинге барсаң соо келериң күмөн, колуман даам ооз тийип кет деген Каныкейдин өтүнүчү боюнча Манас чоролору менен конок болуп, түштөнүп, даяр болгон Аколпокту алып колдун артынан жете барат.

Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин вариантында бул окуя бири-бирине жакын айтылган сыяктуу эле, башка белгилүү манасчыларда да сюжет жакын баяндалат. Орчундуу айырма катары Саякбай Каралаевдин варианты менен Шапак Рысмендеевдин вариантында Семетейдин төрөлүп калгандыгын, Сагымбай Орозбаковдун варианты, Молдобасан Мусулманкуловдун варианты,Багыш Сазановдун варианты, ТМВда али төрөлө электигин көргөзүүгө болот. Окуянын ички майда деталдары Шапак Рысмендеевдин варианты менен Саякбай Каралаевдин вариантында бири-бирине жакын болсо, калган варианттарда Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4