Конго дарыясы

Википедия дан
Конго (дарыя)‎»‎ барагынан багытталды)
Конго дарыясы
Конго ойдуңу.

Конго, 3аирБорбордук Африкадагы дарыя; негизинен Конго Демократиялык Республикасы, айрым бөлүктөрү Конго Республикасы жана Анголанын чек аралары аркылуу агат. Узундугу Луалабанын башатынан 4320 км; алабынын аянты (3691 миң км2) жана суусунун молдугу (орточо чыгымы 46 миң м3/сек) боюнча Африкада биринчи, дүйнөдө Амазонка жана Паранадан кийин 2–3-орунду ээлейт. Заирдин түштүк-чыгышынан, Замбиянын чегине жакын жайгашкан платодон башталып, Стэнли шаркыратмасына чейин Луалаба деп аталат. Орто бөлүгүндө Конго ойдуңу аркылуу кенен (20 кмге чейин) өрөөн менен агып, салааларды жана көлдөрдү пайда кылат. Төмөн жагында Түштүк Гвинея дөңсөөсүн терең капчыгай аркылуу жарып агат. Мында босоголор менен шаркыратмалар (Стэнли, Ливингстон ж. б.) көп. Матади шаары тушта деңиз жээгиндеги түздүккө чыгып, Банана шаары тушта Атлантика океанына эстуарийди пайда кылып куят.

Башкы куймалары: Лифура, Лувуа, Лукуга, Арувими, Итимбири, Убанги, Санга (оң), Ломами, Лулонга, Касаи (Ква), Руки (сол). Конгонун алабында Танганьика, Киву, Бангвеулу, Мверу ж. б. ири көлдөр жайгашкан. Суусу жогорку агымында ноябрь–декабрда, ортонку жана төмөнкү бөлүктөрүндө май–июнда жана ноябрь–декабрда кирет. Орточо чыгымы 46 миң м3/сек (эң көбү 75 миң км3/сек, азы 23 миң км3/сек). Жылдык орточо агымы 1450 км3. Конго океан суусун жээктен 75 км аралыкка чейин тузсуздандырат. Жылына 50 млн тга чейин шиленди агызып келет. Гидроэнергиясынын запасы 390 ГВт чамасында. Ири ГЭСтери: Ле-Маринель, Делькомюн (Луалаба), Франки (Луфирде), Инга (Конгонун төмөнкү агымында). Балык кармалат. Конгонун алабындагы суу жолунун жалпы узундугу 20 миң кмдей. Конгонун өзүндө айрым участкаларында гана кеме жүрөт. Айрым босоголуу участкалары темир жол аркылуу туташат. Жээгиндеги ири шаарлары: Букаву, Конголо, Кинду, Кисангани, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы), Браззавиль (Конго Республикасы); төмөнкү агымында Матади деңиз порту (Бома, Банана аванпорттору менен) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]