Куламбаев, Ботбай

Википедия дан

Куламбаев Ботбай (1949-ж. т., Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы) — эстрада ырчысы, улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1993).
1966—69 жана 1974—77-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист.
Караколдогу педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин (сырттан) бүткөн.
1977—79-ж. Ак-Суу райондук маданият бөлүмүндө автоклубдун башчысы, 1979—82-ж. Каракол шаардык маданият үйунүн алдындагы ансамблдин көркөм жетекчиси.
1982— 89-ж. «Кыял» элдик көркөм промыселинин Караколдогу улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу бөлүмүндө мастер, 1989-жылдан «Насыйкат» кичи ишканасынын жетекчиси.
«Боз салкын» ыр-бий ансамблинде ырдайт. Ливияда, Түркияда, Сомалиде, Италияда гастролдо болгон. Италияда жеке концерт берген. <br

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.