Кум жалчалары

Википедия дан
Кумдуу чөл (Такла-Макан, Кытай).

Кум жалчалары — шамалдын соккон багыты боюнча узатасынан созулуп, өсүмдүктөр менен жапырт же жарым жартылай капталып калган кум дөбөлөрү. Кумдуу чөлдөрдүн эң негизги рельеф формаларын түзөт. Узундугу ондогон кмге, бийиктиги 1 мден 80 мге чейин, туурасы жүздөгөн мге жетет. Кум жалчалары шамалдын агымдарынан пайда болгон куюндун кыймылынан жана каптал экспозицияларынын бирдей эмес жылышынан келип чыгат. Жалдардын аралыктарында кененирээк кокту-колоттор жайгашат. Кум жалчалары Орто Азияга өтө мүнөздүү; ошондой эле Казакстан, Жуңгария, Индия, Австралия, Африка ж. б. аймактарда кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]