Курмантай Абдиев

Википедия дан

АБДИЕВ Курмантай-коомдук ишмер

1949-жылы 1-октябрда Ош областынын Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунун Кара-Кулжа айылында туулган.

Жогорку билимдүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридика факультетин “Укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1966-жылы Совет районунун “Совет” совхозунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1968-70-жылдары Советтик Армиянын катарында ызмат өтөгөн. ЖОЖду аяктагандан кийин республиканын прокуратура органдарында ар кандай кызматтарда иштеген, 1978-1982-жылдары – стажер, тергөөчү, Фрунзе шаардык Свердлов районунун прокуратурасынын улук-тергөөчүсү, 1982-жылдан-1984-жылга чейин Кыргыз ССРинин тергөө башкармалыгынын прокурору, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүнүн милдетин аткаруучу, 1984-1986-жылдары Фрунзе шаарынын Свердлов районунун прокурорунун орун басары, 1986-90-жылдары Фрунзе шаарынын Ленин районунун прокурору, 1991-92-жылдары тергөө башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары, тергөө бөлүмүнүн начальниги, республиканын прокурорунун орун басарынын милдетин аткаруучу, 1992-94-жылдары Ош областынын прокурору, 1994-1998-жылдары Талас областынын прокурору, 1998-1999-жылдары Нарын областынын прокурору.

1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2000-2001-жылдары Ош областынын прокурору, 2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, 2003-2006-жылдары Башкы прокурор]]дун орун басары – Кыргыз Республикасынын аскердик прокурору, 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары.

“Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 27-28-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору]]нун биринчи орун басарлыгы кызматынан – ээлеген ордунан Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен бошотулган 2009-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши таркагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун тескөөсүндө болгон.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болгон.

2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон. [[2010-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин Регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланган.

“Аскердик ак ниеттүүлүгү үчүн” медалы менен сыйланган (1970-ж.), прокуратуранын ардактуу кызматкери (2000-ж.), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи (2005-ж.). Юстициянын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Юстициянын Генерал-майору атайын наамы бар.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]