Кызыл кыргыз тарыхы
«Кызыл кыргыз тарыхы» – белгилүү тарыхчы жана адабиятчы Б. Солтоноевдин 2 китептен турган эмгеги. Араб тамгасы менен жазылган. 1895 ж. жазылып баштап 1934 ж. аяктаган. Бул эмгектин жазылышына китеп саткан дүкөнчүнүн «кыргызга тарыхтын кереги жок» деген сөзү болгонундугун автор өзү эскерген.
"Кызыл кыргыз тарыхы" алгачкылардан болуп кыргыз тарыхын кенен камтып, кыргыз автору тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги эмгек болуп эсептелет. Анда биринчи жолу кыргыздарга тиешелүү маалыматтарга илимий талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыктар чыгарылган. Бирок Кеңеш бийлигинин жүргүзгөн тап күрөшү саясатынын кысмагынынан улам автор кыргыз элинин тарыхындагы кээ бир орчундуу окуяларга терс баа берип, белгилүү адамдарды кан соргуч феодал катары сыпаттап, алардын тарыхтагы ролун төмөндөтүүгө аргасыз болгон. Алгач К. К. т. 1-жолу 1993-ж. жарык көргөн ж-а 2003-ж. толукталып, «Кыргыз тарыхы» деген ат м-н кайрадан 1 китеп болуп басылып чыккан. Кээ бир кемчиликтерине карабай, кыргыз тарыхын окуп, үйрөнүүдө К. К. т. өтө маанилүү булактардын бири болуп саналат.
Кызыл кыргыз тарыхы биринчи жолу "Ала-Тоо" журналында, К. Жусуповдун редакциясы алдында кирил тамгасында сандан санга чыгарылып турган. 1993 ж. "Учкун" басмаканасынан өз алдынча китеп болуп чыккан. 2003 ж. толукталып «Кыргыз тарыхы» деген ат менен кайрадан 1 китеп болуп басылып чыккан. Кээ бир кемчиликтерине карабай, кыргыз тарыхын окуп, үйрөнүүдө өтө маанилүү булактардын бири болуп саналат.
Эмгектин биринчи китебинде кыргыздардын тарыхка белгилүү болушунан тартып Ормон хандын тушундагы окуяларга чейинки тарыхы камтылган. Анда ошол учурда белгилүү окумуштуу-изилдөөчүлөр В. Бартольд, В. Радлов, Н. Бичурин (Ианкиф), Н. Аристов, Абу-л-Гази хан, К. Халид ж. б. Туманскийдин кол жазмасы (Худуд ал-алам мин ал-Машрик ила-л-Магриб) сыяктуу эмгектерди колдонуп, байыртадан берки кыргыздын турмушу, адат-салты, дини менен кошо хунн, динлин, усун, түрк, карлук, караханид, кара кытай, ж. б. уруулардын тарыхтагы орду, кыргыздын эл болушу, 14–16-кылымдардагы кыргыздар, Тагай бийдин тарыхы, оң-солдун таралышы, кыргыздардын ичиндеги кээ бир уруулар (черик, коңурат, моңолдор, асык ж. б.), Манап бийдин тарыхы, Енисей кыргыздары, кытай кыргызы, Жаңыл мырза, Эсенкул сыяктуу кыргыз баатырлары жөнүндө, калмак чабуулу, Анжиянга сүрүлгөн кыргыздардын өз жерине келип орношу, кыргыз-казак жана кыргыз урууларынын ич ара мамилелери, Кокон хандыгынын тушундагы кыргыз тарыхы изилденген.
2-китеби 1845-1847-жылдары Кенесары хандын кыргызга жасаган чабуулу менен башталып, сарыбагыш менен бугулардын чабышы, кыргыздардын Россияга карашы, 1916-жылкы көтөрүлүш ж. б. маалымат берилип, кыргыз адабияты, «Манас» эпосу, кээ бир манасчылар тууралуу кыскача материалдарды камтыйт.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 1 том, 1993 ж. Archived 2017-10-23 at the Wayback Machine
- Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 2 том, 1993 ж. Archived 2017-10-23 at the Wayback Machine