Кыргызстан алюминий кендери

Википедия дан

Алюминий негизинен боксит жана нефелендүү сиениттен алынат.

Кыргызстандагы Түркстан жана Алай кырка тоолорунда 300дөн ашуун боксит жаткан жерлер бар. Түркстан-Алай аймагында ортоңку ташкөмүр карбонат мезгилинин катмарлары менен байланышкан боксит чыгуучу жерлердин кеңири кездешүүсү Түштүк Теңир-Тоодо белгилүү бир аймактык режимге (тектоника, климат д. у. с.) ээ болгон бокситтүү бассейндин бар экендигин көрсөтөт; бокситтердин чыккан жерлерин изилдөөдө рудалар начар, ошондой эле жогорку сапатта болору далилденген. Жогорку сапаттагы рудалар майда объекттерде (запасы 0.5 —1 млн т), начар сапаттуулары Ворух, Сох, Карангли ж. б. кендерде учурайт; изилденген аянт келечекте боксит алынуучу бардык палеозой катмары жаткан аянттын 1/4 бөлүгүнөн азын түзөт. Какшаал кырка тоосу боюнча жыйналган геологиялык материалдар бул аймактын Алай-Түркстан аймагы менн тыгыз байланышы бар экендигин, ошондой эле бокситтин табылышы бул аймакты да бокситтүү бассейнге кошуу керектигин көрсөтөт.

Нефелиндүү сиенит чыгуучу жерлер республикада көптөн бери белгилүү. Алардын ичинен Сандык жана Зардалек массивдери өнөр жайы үчүн зарыл алюминий кени катары каралат. Сандык нефелиндүү сиенит кени — ири аянттагы (17х6 км) интрузиялык массив. Эсептелген запасы 1036 млн т. Кенди ачык ыкма менен казып алууга болот. Зардалек нефелиндүү сиенит кенинин аянты 10 км2. Эсептелген запасы 680,2 млн т. Ачык жана жер астынан казып алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]