Кыргызстан химиялык сырьёсу

Википедия дан

Кыргызстан химиялык сырьёсу — Химиялык сырьёдон республиканын аймагында барит, бор, нукура күкүрт, күкүрттүү колчедан, табигый туз, целестин бар. Барит кендеринен Кочкор районундагы Арсы кени чалгындалынып, баланстык запасы аныкталган (барит С2 категориясы боюнча 122,8 миң т). Табылгыты жана Түндүк барит кендери чала-чапкыт чалгындалган. Бор минералдашуусу Чалкуйрук-Акжылга, Кабасай, Боземчек, Күмүштак рудалуу аймактарда байкалат.

Гидротерм тибиндеги борат минералдашуусу масштабдуу өлчөмдө Балыксуу кенчесинде аныкталган запасы (1 млн т).

Күкүрттүн мамлекеттик баланска алынган запастары Ачыкташ жана Кумтөр кендеринде. Чаңгырташ нукура күкүрт кенинин (күкүрттүн запасы 238,6 миң т) практикалык мааниси бар.

Республикада туз маанилүү химиялык сырьё болуп эсептелет. Таш туздун Кочкор (Чоңтуз), Желдисуу, Кетментөбө, Тунуктуз кендери бар. Алардын баланстык запасы 6315,0 миң т. Туз негизинен жергиликтүү керектөөлөрдө колдонулат (малга берилет ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]