Кытай каны Чоң Китенин жиберүүсү менен Чоң Билгичтин кыргыздардын жылкысына тийгени

Википедия дан

Кытай каны Чоң Китенин жиберүүсү менен Чоң Билгичтин кыргыздардын жылкысына тийгени Кытай келип жылкы тийгени Сейтекке угулат. Чоң Билгичти кууп жөнөйт. Кыргыз, кытай баатырларынын бири-бириникинен калышпаган сын-сыпаты, эрдиги өзгөчө даңазалуу Чоң Билгич амалдуу, жайчылык өнөрү бар баатыр болгондуктан, Акжолтойду алаксытып Бээжинге алып барып жайламакчы болот. Сейтек из кууп келип Акжолтой жараланып алсырап турганда жардам берет. Акжолтой атына «мээр чөптөн чалдырып, өзү эбеп-себеп дарыдан эрикпей жутуп ичип, ооруган жерлери басылып, умачтай көздөрү ачылып» эс алат. Сейтек Чоң Билгичти жаралантат. Анын касиеттүү тулпары Ниянкор ээсинин оор абалын сезип, Каканды көздөй алып качат. Сейтек менен Акжолтой аркасынан сүрө түшүшөт. Муну көрүп турган кытай каны Чоң Ките кыргыз баатырларына ого бетер өчөшүп калат. Сейтекти Акжолтой кайра кайтарат. «Кырма кызыл дарыны кырк жол сыйпап, кайнатма кара дарыны ичтен берип» Чоң Билгичти кытайлар эс алдырышат.

Чоң Билгич жети күндөн кийин Китеге барып, буруттарды жеңе албай койдук, Индия канынын (Чоң Керги) кызы Бурулду алсаңыз Чыңтемир аттуу уулдуу болосуз, ошол гана кыргыздарды жеңе алат дейт. Ките Бурулга үйлөнүп, Чыңтемир төрөлгөндө, оң колуна кара кан, сол колуна сары алтын кармап түшөт. Кытайдын Ылаңгыр деген чоң сынчысы көрүп баланы жактырып, он сегиз миң ааламды жеңе турган шер чыгарын айтат. Чыңтеңирди алпарып какандыктардын зуу кудук деген кудугуна салып сынашат. Анын түбүндө алтымыш баштуу ажыдаар болуп, ажыдаардын жытынан сандаган адам өлчү экен. Чыңтеңир чыдайт. Ал чыныгы баатырларча тез жана тентек өсөт. Он бирге чыкканда атасы Ките өлүп, чоң салтанат менен көмөт. Сейтек Акберметке (Берметжан) үйлөнүп, анын боюна бүтүп, жолборстун этин күсөйт. Муну түшүнгөн Акжолтой салбырынга чыгып, жети күнү кыдырып жүрүп жолборс таппайт. Кара-Кыя капка ташка келип, атын жайдактап жатып эс алып, таң сүрө чочуп ойгонсо, чагарак куйрук чаар жолборс Акжолтойду чалчудай тиктеп турат. Машаа тартып жиберсе, баягы жолборс адам баласына айланат. Ал Акжолтойду сынап, даарыганы жүргөн Кызыр экен. Колунда жетелеген быштысы бар. Берметке берип кой деп, бир тоголок жаңгак берет. «Жытын көрсө жаңгактын, кумары канат талгактын, Шер этинен анча өөдө, жолборсуңдан канча өөдө» бул жаңгак медияндын ажыдаар өлүп, уусу чачылган жеринде өнүп чыккан бир түп касиеттүү жаңгактын жемиши экен. Келечекте Кенен мине турган тулпар ушу деп, өзү жетелей жүргөн Кер тулпарды тапшырат, Акжолтой Акберметке Кызырдан укканын айтат. Сейтектин түшүндө Манас Зулпукор кылычын берип, Кенен төрөлгөнгө чейин эле чоң той өткөр дейт. Бул түштү Акжолтой жакшылыкка жоруп, мыкты уулдуу болот экенсиң — дейт. Тогуз ай, тогуз күндө Акбермет катуу толготуп, карыштай кара жалы бар касиеттүү бала төрөлөт. Анын сүрүнөн аялдар качып, кемпирлер каза табат. Аты Кенен коюлат. Ал тез эле чоңоюп, Кер тулпарды минип, келберсиген кан болуп чыга келет.

Жакшылык Сарык уулунда Сейтек Орускан дегендин кызы Күлнарга Семетей менен Айчүрөк сыяктуу эле куда түшүп, көп калың берип үйлөнөт. Мамбет Чокмор уулунда Орускандын кызы Күлнар Күлчоронун ала турган колуктусу катары айтылат. Шапак Ырысменде уулунун вариантында Сейтектин колуктусу Нурперинин сиңдиси — Сейилкан. Анын бешиктеги чагында бир абышка-кемпир таап алып тарбиялашкан. Сейтек ага үйлөнгөндөн кийин Коңурбайдын баласы Куялы кыргыздарга каршы жүрүш жасайт.

Эзелтен бери кыргыздарга өчөшкөн Жанаалы, Карач дегендерден Эбегей, Көгөй деген эки дөө чыгып, аталарыбыздын өчүн алабыз деп кыргыздарга чабуулга камынышат.

Акжолтой уктап жатса байлануу турган тулпарынын тынчы кетип, аттанып жер чалса, Эбегей, Көгөйдүн көп колу кездешет. Чырдашпайлык, түбү тууганбыз деп өтүнөт.

Коёналынын Кайсар деген уулунун кызы Айканышты бир кемпир (Манастын карындашы Кардыгач — мүрөк суусун ичкендиктен өлбөй жүрүптүр) Кененге барып тий деп үгүттөйт. Айканыш Кенен көңүлүнө толсо тиерин, толбосо касташарын айтып, ок жетпеген Талкызылды минип, Болот деген баатырды кошчу алып, Кенен аттуу жоо чыкты деп аттанат. Алдынан Эбегей, Көгөйдүн аскери чыгат. Айканышка куда түшүүгө Акжолтой, Сейтек барат. Айканыштын тилеги орундалып Кененге нике кыйылат. Келин алып келатып Сейтек, Акжолтой бир мазардын түбүнө түшүп тамактанышат да «кабыргадан кагынып, как төбөдөн сезгенип, тарса-турса жөтөлүп», экөө тең көз жумушат. Экөөнүн тулпарлары Кулансур менен Кулунсурду жабдыктатып токутуп, Ак эшенге мингизип, сөөктөрүн Чук мазардын түбүнө коюшат. Таштан обо көтөрүп, кадырлуу күмбөз салдырат. Элдин башында Кенен калат. Мындан кийинки окуялар Кенендин айланасында өөрчүтүлөт. Ал да ата-бабасындай баатыр чыгып, Таласта кан болуп турган чакта Кулансарык, Алымсарык деген балалуу болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4