Күлдүр

Википедия дан

Күлдүр "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Маңгул баатыры, Күнөс балбандын агасы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп өткөргөн түлөөгө чакырылат. Манас маңгулдарды Нескарадан куткарып калганда он төрттөгү уулу Чаганбайды Манаска жолдош кылып берет. Алтайдан Анжиянга көчүү тууралуу кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 60, 231 — 232, 250). Башка учурларда Чалыбайдын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 39, 93, 144, 149, 180, 419; 3. 48, 165; 4. 43, 52).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4