Мазмунга өтүү

Көлн

Отурукташкан жай
Көлн
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Германия
Жер Түндүк Рейн-Вестфалия
Район Линденталь
Координаттар 50°56′32″ с. ш. 6°57′28″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 9 ички район
Башчысы Юрген Ротерс
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 405,15 км²
Борборунун бийиктиги 37,5-118,04 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 1007119 адамды (2010)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду 02 21 ,0 22 03,0 22 32,0 22 33
Почта индекси 50441-51149
Автоунаа коду K
Расмий сайты http://www.stadt-koeln.de/  (нем.)
Көлн (Германия)

Көлн (нем. Köln) — Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бирдик). Көлн административдик округуна карайт. Линденталь районуна кирет.

Калкы 1,0 млн киши (2010);[1] калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург жана Мүнхенден кийин). Болжолдуу аянты - 405,15 км². Мамлекет ичинде бекитилген расмий коду05 3 15 000. Мэр — Юрген Ротерс.

Шаар административдик курамы боюнча 9 шаардык районго бөлүнөт.

Рейн дарыясындагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Ага жакын жайгашкан шаарспутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Германиянын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбору. Машина куруу (транспорт, айыл чарба, оор, электртехникалык, радио-электроника ж. б.), мунай ажыратуу, мунай-химиялык, текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки өнөр-жай ишканалары иштейт. Көльн – дүйнөлүк маанидеги автомобиль өнөр жай борбору. Америкалык «Ford Motor Company» жана япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб-квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Метрополитен иштейт. Университеттер (анын ичинде Көльн), китепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык музей (анын ичинде көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Вальраф-Рихарц-Лүдвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия искусствосу ж. б.) бар. Көльн – Европанын музыкалык театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (анын ичинде опера жана балет), Мамлекеттик жогорку музыка мектеби, филармония, ири концерт залдары иштейт. Б. з. ч. 1-кылымдан белгилүү. 785–1273-жылдары архиепископтуктун борбору. Орто кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири болгон. 1475-ж. эркин империя шаар статусун алган. 1946-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия жеринин курамында. Роман (10–13-кылымдар) жана барокко (17–18-кылымдар) стилиндеги чиркөөлөр, готика стилиндеги собор (13–19-кылымдар), ратуша (14–15-кылымдар), турак жайлар (13-кылым), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-кылымдар) сакталган. Эл аралык музыка фестивалдары жана бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботан. багы (экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Amtliche Bevölkerungszahlen. Текшерилген күнү 18 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 29 -июль (теке) 2011.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Түндүк Рейн-Вестфалия райондору Калып:Германия:Линденталь Район:Шаарлар