Левинсон-Лессинг Франц Юлье­вич

Википедия дан

Левинсон-Лессинг Франц Юлье­вич [25. 2(9. 3). 1861, Петербург — 25. 10. 1939, Ленинград] — сов. геолог ж-a петрограф, СССР ИАнын акад. (1925; корр. мүчө, 1914).

Петербург ун-тинин физика-матем. ф-тетин бүткөн (1883). Юрьев (азыркы Тарту) ун-тинин (1892—1902), Петербург по­литех. ин-тунун (1902—30) проф., Ле­нинград ун-тинде петрография кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Геол. музейдин ж-a В. В. Докучаев атн. топурак таануу ин-тунун дирек­тору (1925—29), Петрография ин-тун, о. эле Камчаткадагы жанар тоо станциясын уюштуруучу ж-a алардын директору (1930—38). Л.-Л-дин негизги ил. эмгектери теориялык петрографияга ж-a петрогенезис маселелерине арналган.

Ал магманыи эки түрдүү-гранит ж-a базальт составында болорун айткан. Петрографиялык формациялар ж-дө түшүнүктү (1888), о. эле тоо тектердпн хим. составы б-ча жиктелишин 1-болуп (1898) негиздеген. Л.-Л.— кристаллография, минера­логия, вулканология, жалпы геология, стратиграфия, палеонтологпя, топу­рак таануу, геологиянын тарыхы б-ча көптөгөн ил. эмгектердин автору.

Анын жетекчилиги м-н орус тилинде 1-жолу «Петрографиялык сөздүк»( 1932) түзүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.