Легалдык марксизм

Википедия дан

Легалдык марксизм - 19-к-дын 90-жылдары пайда болгон идеалисттик саясий агым.

Анын өкүлдөрү Маркстын экон. окуусунун айрым жоболорун Россияда капитализмдин өсүшүн негиздөө үчүн пайдаланууга далалат кылган. Алар падыша өкмөтү уруксат кылган, б. а. легалдык газета ж-a журналда да макалаларын ачык жарыялап турушкандыктан «легалдык марксчылар» деп аталган. В. И. Ленин бул агымды марксизмдин бурш, ад-тта чагылдырылышы катары мүнөздөгөн.

Көрүнүктүү өкүлдөрү: П. Б. Струве, М. И. Туган-Барановский, С. Н. Булгаков, Н. А. Бердяев ж. б. Алар Россияда капитализмдин өнүгүшүн тангандыгы ж-a майда өндүрүштү жактагандыгы үчүн народниктерди сындашкан. Алар капитализмдин прогрессчил жагын белгилөө м-н анын эзүүчүлүк маңызы, таптык карама-каршылыгы ж-а сөзсүз кыйрашы ж-дөгү маселени таанып, тап күрөшү, пролетариат диктатурасы ж-дөгү марксизмдин башкы окуусун жокко чыгарган. «Л. м-дин» толугураак коз караты П. Б. Струвенин «Россиянын экономикалык өнүгүшү жөнүндө маселеге карата сын макалалар» (1894) деген китебинде баяндалган. В. И. Ленин народниктерге карты күрөштө «Л. м.» м-н убактылуу келишүүгө, акыресе «легалдык марксчылардын» басма сөзүн пайда­ланууга мүмкүн экенин көрсөтүп, би­рок «Л. м-ди» эл аралык ревизионизмдин ж-a либералдык бурж. идеологиянын бир формасы катары баалап, ага карты элдешпес күрөш жүргүзүү керектигин белгилеген. «Л. м- дин» лидерлери кадеттерге, ал эми Окт. рев-ясынан кийин ашынган ак гвардиячыларга айланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.