Ливия чөлү

Википедия дан
Ливия чөлү.

Ливия чөлү - Африкада, Нил дарыясынан батышта, Ливия, Египет, Судандын аймактарында, Сахаранын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 2 млн км2дей. Түндүк бөлүгү түзөң, кум дөбөлөрү (бийиктиги 300 мге чейин) басымдуу, түндүк-чыгышында тектоникалык терең ойдуңдар (Каттара, деңиз деңгээлинен 133 м төмөн жайгашкан Сива, Файюм жана башка) бар. Түштүк бөлүгүн 400–500 м бийиктеги (айрым жеринде 1934 мге жеткен) таштуу (хамада) же кумдуу платолор ээлейт. Климаты тропиктик чөлдүү, түндүгү жер ортолук деңиздик жарым чөлдүү. Январдын орточо температурасы 12–18ᵒС, июлдуку 28–35ᵒС. Температуранын суткалык өзгөрүүсү 16ᵒСка чейин жетет. Жылдык жаанчачыны 25 ммден аз, түндүгүндө 50–100 мм. Буулануунун жылдык өлчөмү 4000 ммден ашат. Ливия чөлүндө кургак сайлар – уэддер дээрлик жокко эсе. Чөл акациясы, тамариск, шыбак өсөт. Булак чыккан жерлеринде – Сива, Бахария, Файюм, Куфра, Харга, Дахла, Фарафра оазистери бар. Оазистерде калктын негизги бөлүгү отурукташкан, алар курма пальмасын, шабдалы, өрүк, дан өсүмдүктөрүн өстүрөт. Мал чарбасы өнүккөн. Файюм, Харга оазистери темир жолу аркылуу Нил өрөөнү менен байланышат. Бахарияда темир кени бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7