Лиллдик Алан

Википедия дан
Лиллдик Алан
Толук аты-жөнү Алан Лилльдик
Англис тилинде фр. Alain de Lille, лат. Alanus de Insulis
Төрөлгөн 1120
Лилль
Көз жумган 1202 жылы
Сито Аббатчылыгы

Аллан Лилльдик (1120, Лилль — 1202, Сито) – француз философу, теолог жана акын.

Философиялык, теологиялык чыгармаларынан ичинен Алан Лилльдиктин аты менен төмөнкүлөр байланыштуу: 134 «эреже» (теологиялык максималар), жыйынтык «Айырмачылык» (Quot modis) – библиялык түшүнүктөрдү камтыган, маңызы үч деңгээлден турган энциклопедиялык сөздүк. Анын биринчи жолку латын тилиндеги «себептер жөнүндөгү китебинде», «еретиктерге каршы» деген трактаты ж. б. чыккан. Алан Лилльдиктин белгилүү болгон «светтик» эмгектери: «жаратылыштын ыйы» көркөм прозада жана ырда, философиялык – моралдык көрүнүш, гекзаметрадагы аллегориялык эпопея. «Антиклавдиан» (1183–84-ж.) жазылган. Алан Лилльдиктиин ой пикирин Платонго, Аристотелге, Боэцийге, Псевдо-Дионинт Ареопагитке (Иоанн Скот Эриуген аркылуу болгон комментарий катары түшүнсөк болот.

Аны Шартр мектеби менен космизми (дүйнөлүк жандын теориясы, жаратылышты кудайдын орун басары катары) платондук пифагорчулук ж. б. менен жакындатат.

Алан Лилльдик 15-кылымда чоң кадыр-баркка ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8