Лимпопо дарыясы

Википедия дан
Лимпопо.
Лимпопо.

Лимпопо дарыясы, Крокодилдүү – Африканын түштүк-чыгышындагы дарыя; ТАР, Ботсвана, Зимбабве, Мозамбиктин аймактары аркылуу агат. Ортонку агымында ТАР – Ботсвана, ТАР – Зимбабвенин чек арасын түзөт. Узундугу 1800 км, алабынын аянты 415 миң км2.

Витватерсранд тоосунан башталып, Мозамбик ойдуңу аркылуу агат да, Инди океанына куят. Башкы куймалары: Моколо, Лепхалала, Могалаквена, Санд, Улифантс (оң), Марико, Мотлоуце, Тули, Умзингвани, Бубье, Мвенези, Шангане (сол). Жамгыр жана жер астындагы суулардан куралат. Көп жылдык орточо чыгымы төмөнкү агымында 449 м3/сек чамасында (жылдык агымынын көлөмү 14,2 км3). Жайкы (декабрь–февраль) жамгырдан төмөнкү агымынын деңгээли 5–7 мге көтөрүлөт. Крокодилдүү дарыясында Хартбиспурт плотинасы, Улифантстта Лоскоп суу сактагычы курулган. Чатынан 209 кмге чейин кеме жүрөт. Алабында Крюгер, Баньине улуттук парктары бар. Боюнан Мабалане, Шокве шаары, деңизден 60 км алыстыкта Шаи-Шаи порту орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.