Авраам Линкольн

Википедия дан
Линкольн, Авраам‎»‎ барагынан багытталды)
Авраам Линкольн

Линкольн Авраам (12. 2. 1809, Кентукки штаты, Ходженвилл – 15. 4. 1865, Вашингтон) – Американын мамлекеттик ишмери, АКШнын 16-президенти (1861–65). Кулчулукка каршы чыккан республикалык партияны уюштуруучулардын бири (1854). Линкольн Миссисипи дарыясында сал агызуучу, жер ченегич, почта кызматкери болуп иштеп, 1834-жылдан коомдук иштерге катыша баштаган. 1834– 41-ж. Иллинойс мыйзам чыгаруу чогулушунун, 1847–49-ж. АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү. 1836-ж. адвокаттык укукка ээ болгон. Линкольн карапайым элдин (анын ичинде негрлерге азаттык берүү) жана аялдардын укуктары (шайлоого катышууга жана башка) үчүн күрөшкөн. АКШнын түштүк аймагы кулчулук системасын колдосо, түндүгү негрлердин эркиндигин жактаган. 1854-ж. АКШнын Республикалык партиясын уюштурууга активдүү катышып, шайлоодо Ж. Ч. Фримонттун кандидатурасын жактаган. 1860-ж. Л. АКШнын президенттигине шайланган. Өлкөдөгү жарандык согуштун (1861–65) убагында Линкольндун демилгеси менен 1863-ж. 1-январда кулчулук жоюлган. 1863-жылдагы козголоңго катышкан жерсиз негр-кулдарга азаттык берилген (1863), армия реакциячыл көз караштардан тазаланган. Бул жарандык согушта Түндүктүн жеңишине шарт түзгөн. Линкольндун тышкы саясаты башка өлкөлөрдү (Англия, Франция жана башка) АКШнын ички иштерине кийлигиштирбөөгө, достук мамиле түзүүгө багытталган. Линкольн 1864-ж. экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган. АКШнын түштүк аймагын реконструкциялоо планын иштеп чыккан. 1865-ж. 9-апрелде Түштүк аймагы багынгандан кийин плантаторлор жана Нью-Йорк банкирлери жалдаган актёр Ж. У. Бутс тарабынан оор жарадар болгон. Вашингтондо (1922) жана Лондондо (1876) Линкольнго арналган мемориалдык эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7