Мажарлар

Википедия дан

Мажарлар - (өздөрүн мадъялар деп аташат) улут, Мажарстандын негизги калкы. Румыния, Словакия, Сербия, Черногория, Украина, ошондой эле АКШ, Канада, Түштүк Америка, Германия, Австрия, Хорватия, Россия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 15 млн адам, анын ичинде Мажарстанда 9,4 млн. (2001) Мажар тилинде сүйлөшөт. Негизинен католиктер. Б. з. 1-кылымында Мажарстандын аймагында кельт уруусу, кийинчерээк готтор, гунндар, аварлар, 6-кылымдан славян уруулары жашаган. 9-кылымдын аягында көчмөнмалчы мажар уруулары Кама дарыясынын боюн, кийин Кара деңиздин түндүгүн мекендеп, оногур менен протоболгарлардын бийлиги астында болушкан. 895-96-ж. В. Карпатка жер которушуп, Ортоңку Дунай дарыясынын боюна отурукташкан. 11-кылымда Венгрия мамлекети пайда болуп, католик динин кабыл алышкан. Венгр урууларынын мадъярлардын Дунай дарыясынын боюнда жашаган славян ж. б. уруулар менен аралашуусунун негизинде венгр эли калыптанган. Венгриянын аймагына кыпчактар, түрктөр, немистер, француздар, италиялыктар ж. б. ар түрдүү элдердин өкүлдөрү көчүп келишкен. Алар менен болгон байланыш мажарлардын материалдык жана рухий маданиятына таасирин тийгизген. Мажарлардын көпчүлүгү өнөр жай тармактарында иштешет. Негизги кесиби дыйканчылык жана мал чарбачылык. Мажарлардын турак жайы өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө ар түрдүүчө. Мурда дубалы сокмо ыкмасы менен топурактан, айрым аймактарда камыштан, жыгачтан тургузулуп, сырты ылай менен шыбалган үйлөрдө, учурда кыштан, таштан ж. б. курулуш материалдарынан салынган үйлөрдө жашашат. Кийими аялдар этеги кенен, бели кыналган юбка, жеңи кенен, кыска тигилген көйнөк кийишкен. Элдин арасына башына чепец же жоолук салынмайынча чыгышкан эмес. Эркектер боз кендирден жасалган көйнөк, жилет, шым, башына чий калпак, губа (нооту пальто), сюр (арты тилик, саймаланган плащ), тон кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт (гуляш, паприкаша), дан азыктары, жашылчалар. Жүзүмдөн жасалган шарап, жемиш арагы палинка, суусундук катары кара кофе колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]