Маканов Орозбай

Википедия дан

Маканов Орозбай (1931, Фрунзе району, Бел. кыштагы. -1981, Хайдаркен, Кадамжай району, Баткен облусу) — жумушчу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971). 1963-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1947-жылы «Бирлик» колхозунда эсепчи болуп иштөөдөн баштаган, кийин айыл советинин секретары болуп иштеген. 1955-жылдан Хайдаркен сымап комбинатынын металлургия заводунда жумушчу. 8-беш жылдыктын пландарын аткарууда жогорку көрсөткүчторгө жетишкен.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган. 1967-71-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.