Манас ууда жүрүп, Алмамбетке жолукканы

Википедия дан

Манас ууда жүрүп, Алмамбетке жолукканыАлмамбетке байланыштуу окуялардын чечүүчү мааниге ээ бөлүмү.

Манас түшүн жоруткандан кийин бир нече ай убакыт өтүп, күзгө таяганда баатыр кырк чоросун ээрчитип кийик уулап Таластагы Бото-Мойнокко чейин келет. Эртең кетебиз деген күнү Манас атчан белге чыгып, туш тарапка дүрбү салып Чүй өрөөнү тараптагы койдой жайнаган жейрендерди көрүп, таң калып карап калат.

Көкчөнүн масы тараганда артымдан киши жиберер деп Алмамбет узап кетпей адырдан ышкын, балтыркан терип жеп үч күн күттү. Үч күн өткөн соң Көкчөдөн үмүтүн үзүп, кайда барарын билбей туш келди кете берди.

Бото-Мойноктун белинде көп жейренге таң калып турган Манас Ак-Эрмендин боюнда өзү тарапка келе жаткан ат-тону бөлөк, алп мүчөлүү, сүрдүү, жөн адамга окшобогон жолоочуну көрүп, Алмамбет го деп болжоп, шаша келип кырк чорого кабарлап, дүрбөп камданып калышат. Сынамакка тосуп чыгып капыстан кол салып көргүлө деп Ажыбайды баш кылып беш чорону жөнөтөт. Алмамбет жолдон тоскон беш баатырды карап да койбой Манастын үстүнө келип түшөт. Манас аты Аккуланы баш кылып бир нече тулпарды, өзүнүн жоо кийимдерин, куралына чейин тартууга берип, кан тартуусун кылып, ат чаап, байгесине кырк чоронун жаштарын сайып, Алмамбетти зор урмат менен тосот. Элге сүйүнчүлөп кабарчы жиберишет. Тосо келген Жакып, Чыйырды Алмамбет менен учурашып, Манас менен Алмамбет Чыйырдынын эмчегин ээмп эмчектеш тууган болушат.

Радлов жазып алган вариантта Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилген. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Көкчөгө тарынып аттанган Алмамбет Манаска бар деген Акеркечтин кеңешине карабай Мекеге кетип калат. Анда барганда жолго калтырып кеткен аты Сарала түшүнө кирип, кайра келет. Бактырып койгон думанадан атын алып Букарга кирет. Ошол кезде Букарда жүргөн Бакай Алмамбетке кезигип Каныкейдин сарайына алып барат. Каныкей Алмамбетти урматтап тосуп, сиңдиси Агынай кызы Аруукени алып берет. Алмамбеттин Кытайдан кетиш себептерин угуп, Каныкей аларды Манаска айтпагын деп андан ант алат.

Башка белгилүү манасчылардын көбүнүн варианттарында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4