Манселькя

Википедия дан

МанселькяФенноскандиядагы жапыз тоо жалчаларынын жана дөңсөөлөрдүн тизмеги; негизинен Финляндиянын, ошондой эле Норвегия менен Карелиянын аймагында. Узундугу 750 км, жазылыгы 75 кмге, бийиктиги 718 мге чейин (Сокусти чокусу). Балтика калканынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, Балтика, Ак жана Баренц деңиздеринин суу бөлгүчү болуп саналат. Байыркы муз каптоонун издери көп кездешет, морена дөбөлөрү, суу-мөңгүнүн аракетинен пайда болгон түздүктөр кеңири таралган. Көлдөр, өрөөнү калыптана элек босоголуу дарыялары өтө көп. Саздак тайга мүнөздүү; Манселькянын токойсуз бийик бөлүктөрү тундра өсүмдүктөрү менен капталган. Жыгач даярдоо, бугу чарбасы, балыкчылык өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]