Металлдардын карбонили

Википедия дан

Металлдардын карбонили - металлдардьш көрмүртек кычкылы менен бирикмелери; жалпы формуласы Mem(CO)n.

Биринчи жолу (1890) никелдпн карбонили Ni (СО) 4 ачылган. Андан берн көпчүлүк металлдардын ж-а кээ бир металл эместердин карбонилдери алынды. Никель, темир, осмий, рутений карбонилдери — суюктук; башка металлдардын карбонилинин көпчүлүгү — кристалл заттар. Жез, күмүш, алтындын көмүртек кычкылынын атмосферасын гана туруктуу карбонилгалогениддерп Ме(СО)Х белгилүү. Металлдардын карбонили белгилтүү температурадан жогору ысытканда көмүртек кычкылы м-н ме­таллга ажырайт. Металлдардын карбонили жогорку температурада жана басымда металлдарга көмүртек кычкылын таасир этүүдөн алынат. Никель, кобальт жана темир карбонилдерпнип [Ni(CO)4, Со (СО) 4, Fe(CO)5] техникалык мааниси чоң. Карбонилдер таза металлдарды алууда, антидетонаттар, химиялык процесстерде катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.