Милет

Википедия дан

Милет - Кичи Азиядагы Меандр дарыясынын чатындагы байыркы шаар.

Милетке гректер б. 8. ч. 16-кылымда келген. 14-кылымда Милет ахейлердин ири шаарына, 8—6-кылымда шаар-мамлекетке айланып, Мрамор жанa Кара деңиздердин жээктерине гректердпн отурукташында маанилүү роль ойногон. Шаарды перетер б. з. ч. 6-кылымдын ортосунда каратып, 494-ж. талкалаган. 479-ж. калыбына келтириле баштап, 478-ж. Делос союзуна кирген. Пело­поннес согушунан (431—404) кийин кайрадан перстерге, 334-ж. Александр Македонский бийлигине, б. з. ч. 129- жылдан Римге караган. Милеттин борбору түн., түш. жанa батыш агордон (базардан) турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.