Молдобек Ирсалиев

Википедия дан
Ирсалиев Молдобек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ирсалиев Молдобек
Туулган жылы: 1940-жылы 1-сентябрь
Туулган жери: Ара-Көл айылы, Кочкор району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын, коомдук ишмер

Акын жана коомдук ишмер Ирсалиев Молдобек Кочкор районунун Ара-Көл айылында 1940-жылы 1-сентябрда төрөлгөн. 1958-жылы Чолпон орто мектебин аяктап, эмгек жолун 1958–1959-жж. Кочкор районундагы Ара-Көл китепканасынын башчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1959–1964-жж. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун студенти, 1964–1967-жж. Чолпон совхозунда зоотехник, 1967–1968-жж. №1 Чолпон фермасынын башчысы, №3 Эпкин фермасынын зоотехниги, 1968–1969-жж. дасыгын жогорулатуу курсунда (колхоз-совхоз жетекчиси боюнча Фрунзеде), 1969–1970-жж. кайрадан №3 ферманын зоотехниги, 1970–1971-жж. №3 ферманын башчысы, 1971–1972-жж. Калинин районунун Тельман атындагы колхоздун башкы зоотехниги, 1972–1978-жж. Кыргыз мамлекеттик ветеринардык илимий-изилдөө институтунун кенже илмий кызматкери (конкурстан өтүп), 1978–1981-жж. Кыргыз мамлекеттик ветеринардык илимий-изилдөө институтунун улук зоотехниги, 1981–1988-жж. Кант районунун Ысык-Ата совхозунун директору (1985-жылы совхоз товардык чарбадан асыл тукум кой чарбасына айланган), 1988-жылдан Кыргыз ССРнин а/ч экономикасы боюнча илим-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери (27-апрель- 02.12), 1988–1992-жж. «Айыл чарба малдарын бордоп семиртүү» Республикалык өндүрүш бирикмесинин башкы директорунун орун басары, 1992–1995-жж. Ара-Көл фермасынын башчысы, 1995–1996-жж. «Дыйкан-Ордо», ассоциациясынын төрагасы, 1996–1999-жж. «Чоң-Туз» дарылоо-өндүрүш фирмасынын башкы директору кызматтарында иштеген. 2019-жылдын 15-июлунан баштап, Молекулалык биология жана медицина ИИМде улук илимий кызматкер болуп иштөөдө.

1982-жылы Айыл чарба илимдердин кандидаты болгон (Алма-Ата. зоовет институтта жактаган -бир добуштан).

1998-жылы Кочкор районундагы Ара-Көл айылына 10 жылдык мектептин курулушун жетектеп эки айдын ичинде бүтүрткөн. 2002-жылы ушул мектепте 3 класстык кошумча имарат куруу үчүн долбоор түзүп, «Сорос-Кыргызстан» фондусунан 2 миң Америка долларын, 2004-жылы айылдык клубдун оңдоо үчүн ПРООНдон 3 миң Америка долларын, айылга суу түтүгүн куруу үчүн долбоор жазып, Бүткүл Дүйнөлүк Банктан 2,4 млн сом алып, бул курулуштарды ишке киргизген.

2007-2008-жж. Ак-Чий айылына тогуз жылдык мектеп (АРИСтен 1 млн 54 миң сом, өбөлгөлөөчү грант 2 млн сом, элдин салымы акча түрүндө 40 миң сом), медпункт (Азия Өнүктүрүү Банкынан гранты 385 миң сом, элдин салымы 38 миң 500 сом) курдурган.

Ара-Көл айылына АРИСтен 285 миң сом жанаөз үй-бүлөсүнүн эсебинен 400 миң сомдук ФАП курдурган.

Ыр жазууну жогорку окуу жайында окуп жүргөндө баштап, 1998-жылдан «Кыргыз Туусу», «Айданек», «Эмгек Туусу», «Ветеринария» гезиттеринде ырлары жарык көрө баштаган. 2000-жылы ырлары, макалалары, санжырасы киргизилген «Асманы жакын айылым» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн.

Кыргыз Совет энциклопедиясына, Айыл чарба, Нарын облусунун энциклопедияларына ондогон макалалары жарык көргөн. 2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын терминкомунун мүчөсү.

1967-1969-жылдары Кыргызстан ЛКЖС Бкнын, 1975-жылы Кыргыз айыл чарба илимий-изилдөө институтунун, 1977-жылы Кыргыз ССРинин «Билим» коомунун жана 1979-жылы Бүткүл Союздук «Билим» коомдорунун, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамоталары менен, ошондой эле 1970-жылы «В.И.Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгынын урматына каарман эмгеги үчүн» юбилейлик медалы, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Даңк медалы, КРнын билим берүү отлтчниги (13.08.1999), КРнын Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери (21.02. 2001), КРнын маданияттын мыкты кызматкери (13.08. 2010), КРнын айыл чарбасынын отличниги (13.08.2010) төш белгилери. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгилери менен сыйланган.

2003-жылы Ысык-Ата районунун Ысык-Ата аыйылынын, 19.02. 2004-жылы “Нарын облусунун ардактуу атуулу” наамдары берилген.

1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер жана 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Фермер чарбасын уюштуруунун жолдору: Б.: Кыргызстан, 1998. – 200 б. (авторлош).
  • Асманы жакын айылым: Ырлар, макалалар, санжыра. – Б.: Бишкек, 2000. – 321 б.
  • Азык – байыркы уруу: Тарых-санжыра, ырлар, макалалар, пародия, тамсил, монологдор. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 350 б.
  • Даанышмандын дили: Пьесалар – Б.: Кыргызстан, 2009. – 60 б. (авторлош).
  • Кочкор районунун энциклопелиясы: Б.: Бишкек, 2011.- 324 б. (түзүүчү).
  • Андаш баатыр: Азык уруусу боюнча изилдөө: Б.: Бишкек, 2012. - 183 б.
  • Эл баатыры Таштанбек Акматов: Б.: Бишкек, 2013. - 320 б.
  • Алтын доордун асыл адамдары: Б.: Бишкек, 2016,- 328 б.
  • Эрки майтарылбаган адам: Б.: Бишкек, 2010, -208 б.
  • Эрки майтарылбаган адам: Б.: Бишкек, 2016, - 200 б. (авторлош).
  • Кочкор районунун энциклопелиясы. Б.:2017. -417 б.
  • Чет элдик илимий атоолордун кыргызча сөздүгү (30 миң ): Б.: Бишкек, - 464 б.
  • Биология, медицина, тарых, тил жана мал чарбасы боюнча илимий атоолордун англисче - орусча - кыргызча сөздүгү.Б.: Бишкек. - 560 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Монокорм для овец. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 190 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Айыл чарба малдарын тоюттандыруу: Окуу китеби. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 456 б. (авторлош).
  • Айыл чарба малдарын тоюттандыруунун нормалары жана рациондору: Окуу китеби. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 410 б. (авторлош).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]