Москва кеңешмелери

Википедия дан

Москва кеңешмелери (1941, 1943, 1945) СССР, АКШ жанa Улуу Британия өкүлдөрүнүн Экинчи дүйнөлүк согушту жүргүзүүнүн, согуштан соңку тынчтыкты жөнгө салуунун кээ бир маселелери боюнча өткөрүлгөн.

Биринчи кеңешмеде (1941, 29-сент.— 1-окт.) АКШ менен Улуу Британия 1941-ж. 1-окт.— 1942-ж. 30-июнь аралыгында СССРге ай сайын 400 само­лёт, 500 танк ж. б. курал-жарак, ма­териал жиберүүгө, ал эми СССР болсо берки эки өлкөнүн согуш өндүрүшү үчүн сырьё берип турууга милдеттенген. Экинчи кеңешмеде (1943, 19—30-окт.) согуш мөөнөтүн кыскартуу чаралары жөнүндөгү маселе каралып, эң маанилүү үч документ («Жалпы коопсуздук жөнүндөгү ма­селе боюнча төрт мамлекеттин декларациясы», «Италия жөнүндөгү декла­рация» жанa «Австрия жөнүндөгү дек­ларация») кабыл алынган. Үчүнчү кеңешмеде (1945, 16—26-дек.).

Европа жанa Ыраакы Чыгышта согуштан кийин тынчтык орнотуу маселелери каралган. Италия. Румыния, Болга­рия, Венгрия жанa Финляндия менен тынчтык келишимин түзүү шарты макулдатылган. Ыраакы Чыгыш комиссиясынын жанa Япония үчүн Союздук советин жанa Убактылуу корей демократиялык өкмөтүн түзүү чечилген. Совет өкмөтү менен дипломатиялык мамиле түзгөн Ру­мыния жанa Болгария мамлекеттерин АКШ, Улуу Британия тааныган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.