Нарт

Википедия дан

Нарт (нарттар) — кабарда, черкес, адыге, осетиндердин эпосу.

Нарт абхаз, балкар, карачай, ингуш, чечендерде да айтылат. «Нарт» термини өзүнчө баатырдык топту түзгөн эпос каармандарынын жалпы атын туюндурат.

Топтун башчысы сыйкырчы, акылман — Сатана (адыгече Сатаней), айрым варианттар боюнча Уархаг — эгиздер Хсар менен Хсартагдын атасы де­лет. Нарттын пайда болушу жөнүндө маалымат али так эмес. Уюткусун скиф доорунда (б. з. ч. 7—4-к.) чыккан байыркы алан эпикалык цикли түзөт. Эпопеянын улуттук варианты жерг. фольклордон байыган. Анда негизинен матриархаттын калдыгы сакталган уруучулук коом турмушу көрсөтүлөт, кийинки коомдук формациялардын элементтери да камтылган.

Нарт айтчулар Осетияда, Кабардада, Адыгеде, Абхазияда ондоп саналат. Тексти 19-кылымдын ортосунан тартып кагазга түшүрүлө баштаган. Жыйнакталган тексттеринин түп нускасына орусча котормосу сов. мезгилде басылды. Нарт немец, француз, англис тилдерине да которулган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.