Нарынбаева, Нуржан Осмон кызы

Википедия дан
Нуржан Осмон кызы Нарынбаева, филология илимдеринин доктору. Бишкек, 28.1.2019.

Нуржан Осмон кызы Нарынбаева (атасынын аты боюнча орусча Осмоновна; 1961-жылы 24-декабрда туулган) –– Кыргызстандагы заманбап адабият жана фолклор таануучу окумуштуусу, этнограф, филология илимдеринин доктору, доцент. Теги кыргыз. Ал адабият таануу, көркөм котормо, фольклор, мифология жана эпос таануу илимий багыттары боюнча жарыяланган 60тан ашуун илимий макаланын жана бир монографиялык эмгектин автору.

Өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуржан Осмон кызы Нарынбаева 1961-жылы 24-декабрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунда (мурдагы Тянь-Шань районунда), Нарын өрөөнүндө, Ички Теӊир-Тоо койунундагы Он-Арча айылынын Эчки-Башы кыштагында туулган.
Атасы Осмон Нарынбай уулу (1901––1992) бой тарткандан карыялык курагына чейин эл чарбасында кызмат өтөгөн. Согуш маалында “жумушчу батальон” аталган жол оӊдоо жумуштарында жүргөн.
Согуш басылгандан кийин “Коммунизм” колхозунда “арабакеч Осмон” атыгып, ошо замандын алдыӊкы “шофёру” болгон.
Энеси Жүзүм Сатыбалды кызы (1920––1989) экөө өмүр бою орток чарба жумушунда эмгектенген.
Нуржан Осмон кызы Нарынбаева 1970––79-ж. Эчки-Башыдагы “Коммунизм” орто мектебинен орто билим алган (Теӊир-Тоо, Нарын).
Ал 1984––89-ж. Кыргыз кыз-келиндер пединститутунун филология факультетинин Орус тили жана адабияты бөлүмүндө (Фрунзе, азыркы Бишкек ш.) жогорку билим алган.
1989-жылы 9-сентябрда ал Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна сынак-изилдөөчү болуп ишке кабыл алынган.
1989-жылдан ушу күнгө (2020-жылга) чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкерликтен илимий кызматкерликке которулуп, учурда «Фольклор, манастаануу жана акындар поэзиясы» бөлүмүнүн улуу илимий кызматкери катары эмгектенип келет.
Ал 2010-ж. кыргыз фольклор илиминде аз изилденген маселеге арналган «Фольклордогу кара сөз жанрларынын мифтик башаттары» деген темада кандидаттык диссертациялык ишин ийгиликтүү коргоп, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражага ээ болгон. [1]
2015-ж. ал Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан «Ага илимий кызматкер» (доцент) окумуштуулук наамга ээ болгон.
2018-ж. ал «Мифотворчество в эпической поэзии кыргызов» («Кыргыздын эпикалык поэзиясындагы миф чыгармачылыгы») деген темада илимий ишин ийгиликтүү коргоп, филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алган.
Учурда Бишкекте жашайт.

Уламыш таануу жаатындагы саамалыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.О.Нарынбаева «Миф. Оозеки кара сөздүн көөнө уӊгулары» аталган илимий эмгегинде кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында уламыш, аӊыз, санжыра түрүндө сакталган кара сөз чыгармаларынын мифтик тегин аныктоо максатын койгон.
Буга чейин адабиятчы К.Байжигитов жалпы обзор берип өткөн «Кыргыз мифтери, уламыштары жана легендалары» (Ф., 1985) аттуу китебинен кийинки эле көөнө ынанымдардан турган кыргыздын оозеки прозасын талдоого арналган көлөмдүү илимий изилдөөнүн бири.
Эгерде Байжигитов кыргыз оозеки адабиятында кездешкен уламыш, аӊыздардан мол мисалдар келтирип, алардын сюжетин талдоого көп көӊүл бурса, Нарынбаева аталган эмгегинде мифтин теориялык генезисине басым жасоо менен, анын таза түрдөгү функциясын алдыӊкы планга койот.
Изилдөөчүнүн пикири боюнча миф – бул ааламды аӊдап-билүүдөгү абалкы дүйнөтаанымдын башаты. Автор ушу жүйөнүн нугу менен жеке көз карашын билдирүүдө мифтин таза түрдөгү абалын чыгарма эмес, чыгарманын мотивине булак болуп берген негизги идея деп эсептейт. Бул өӊүттө изилдөөчү О.Фрейденбергдин, А.Лосевдин теориялык усулдарынан чыкпаганы менен, көбүнчө антропологдордун, алсак, Ж.Фрэзер менен Л.Я.Штербергдин, Э.Тэйлор менен Л.Брюлдун, Э.Кассирер менен К.Г.Юнгдун идеяларына көбүрөөк ыктаганы байкалат. Ал эми мифтик мазмундагы оозеки чыгармаларды жанрдык өӊүттөн талдап-жиктөө ишинде фольклор теоретиги В.Я.Пропптун жана фолькордогу проза жанрларынын практиктери Ст.Томпсон менен А.Аарненин тажрыйбаларынан сабак алган.
Аталган аалымдардын өрнөктүү усулдарына таянып, ал кыргыздын элдик прозасын “жөө жомок” (сказочная проза) жана “жөө жомоктон сырткаркы оозеки проза” (несказочная проза) деп улуттук фольклористикада биринчи ирет жанрдык айырмалоо ишин жүргүзгөн.
Н.Нарынбаева элдик тажрыйбага таянып, “жөө жомоктон сырткаркы оозеки проза” (несказочная проза) деген терминди “кара сөз” жанры деп атоону сунуштайт. Кара сөз жанрына “мифтен азыктанган, мазмунунда чындык окуяны сүрөттөгөн кыргыздын уламыш, аӊыз, санжыра багытындагы уламыштарды” киргизет. Булардын бардыгынын мазмуну мифтик ынанымдан, мифтен башат алган байыркы көз караштардан калыптанган деп эсептейт автор. Китептин үчүнчү бөлүгү кыргыз оозеки чыгармачылыгында мол кездешкен кара сөз чыгармаларынын мифтик тегин айкындап чыгууга арналган.
Ошону менен бирге аталган оозеки чыгармаларды мифтин фольклор теориясындагы классификациянын үлгүсүнө салып аныктап-жиктөө иштерин жүзөгө ашырган.
Филология илимдеринин доктору илимий даражасын алууга талаптанып жазылган «Мифотворчество в эпической поэзии кыргызов» («Кыргыздын эпикалык поэзиясындагы миф чыгармачылыгы») диссертациялык эмгек –– Н.Нарынбаеванын кыргыз оозеки чыгармаларынын мифтик тегин аныктоо багытындагы жогоруда сөз болгон изилдөөсүнүн теориялык уландысы.
Эгерде кандидаттык ишинин негизги мазмунун түзгөн «Миф. Оозеки кара сөздүн көөнө уӊгулары» китебинде миф элементтерин элдик оозеки прозадан издесе, кийинки изилдөөдө ал ошол уӊгуларды кыргыздын эпикалык поэзиясынан издейт. Албетте, буга чейин деле бир катар абройлуу манас изилдөөчүлөрүнөн тартып, орто муундагы окумуштуулар тарабынан дагы эпостордогу архаикалык мотивдердин орду талданып келген.
Бирок Нуржан Нарынбаеванын изилдөө стили кыргыз фольклор илиминде мурда жазылган изилдөөлөрдөн айырмаланып, жогоруда белгилеп кеткенибиздей, тексттердин поэтикасын анализге алып, идеялык мазмунун талдабастан, оозеки чыгармалардагы мифтик өзөктү антропологиялык көз караштан аныктап чыгууну көздөйт.
Дегенибиз, фольклорчулардын көпчүлүгү оозеки туундуларды тек көркөм адабияттын теориялык алкагында иликтеп-жиктөө салтында иш жүргүзүп келишет. Ошол эле жол менен эпос изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү эпикалык чыгарманын идеялык-көркөмдүк мазмуну, сюжети, образдар системасы, каармандар портрети, ырдык түзүлүш жана стил маселелери менен алектенип келген.
Ал эми Н.Нарынбаева кыргыздын эпикалык поэзиясындагы мифтик булактарды аныктоодо дагы деле антрополог, этнологдордун эмгектериндеги аргументтерге ыктап, адамзат эволюциясынын тарыхындагы турмуштук этнографиялык фактыларды кыргыздын улуттук кыртышындагы көөнө элементтерге салыштыруу аркылуу эпикалык поэзиянын мифтик поэтикасын эмес, миф элементтерин камтыган мотивдердин архетиптик маӊызына артыкчылык берет.
Маселен, эпикалык поэзиядагы жылкы жаныбар көөнө катмардагы көрүнүктүү образдын бири. Анын көркөм образын поэтикалык сыпаттоо тууралуу эмгектер жазылган. Арийне эпикалык тулпардын тотемдик функциясы кыргыз эпосторунда сакталып калган эмес.
Ал изилдөөсүндө башкыр, хакас, алтай жана монгол эпосторундагы жылкынын энелик функцияда сүрөттөлгөн мисалдарын алдыга тартуу менен, анын көөнө башаттарын ачыктайт. Ушул сыяктуу эле бөрү, бугу, аккуу жана Кумайык иттин көөнө тотемдик образы боюнча, алардын астралдык мифтерден башат алган архетиптик образдарын талдоого алат.
Н.Нарынбаеванын мифология боюнча изилдөөлөрүндөгү негизги багыт: 1) миф – бул дүйнөтаанымдын абалкы модели; 2) мифологиядагы эӊ башкы универсал идея – бул өлбөстүк – дүйнөдөгү барлык көрүнүш, кубулуш, жан-жаныбар аалам айлампасында кайрылып кайталанып келе берүү мыйзамында өмүр сүрөт; 3) ушундай анимистик теориядан үрөн алган тотемдик культ жана ага байланыштуу жайылган ынаным-жөрөлгөнүн барлыгы калк турмушундагы каада-салтка сиӊип, оозеки чыгармачылыгында көркөм проекция болгон деген идеяны алдыга чыгарат.
Изилдөөнү байытып турган дагы бир жагы – тарыхый тагдыры бирге боло келген тектеш түрк жана монгол калктарынын эпикалык мурастарынан арбын мисал алып, салыштырма-тарыхый талдоо жүргүзгөн. Бул мисалдарга кайрылуунун башкы себеби – ислам дининен оолак калган Сибир кыйырындагы эпикалык тексттерде баштапкы мифтик көз караштагы таза түрүндө сакталып калган мотивдер, аларда айкын чагылган архаика кыргыздын эпикалык мурастарында рудиментке айланып, поэтикалык символ-ишараттарга өтүп кеткен башаттарын тактоого көмөктөшөт деп эсептейт Н.Нарынбаева.
Аталган изилдөөнүн өзөктүү мазмуну Н.Нарынбаеванын 2012––2018-жылдар аралыгында жарыяланган отуздан ашуун илимий макалаларында чагылдырылган.

Илимий жана публицисттик чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.Нарынбаева 2018-жылы 26-октябрда Бишкек шаарында «Мифотворчество в эпической поэзии кыргызов» -- "Кыргыздардын эпикалык поэзиясындагы уламыш жаратуу өнөрү" деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Нарынбаева Нуржан Осмон кызы КР УИАдагы өзү иштеген институттун илимий изилдөө иштерине ургаал катышып, «Токтогул» (2014), «Алыкул» (2015), «Саякбай» (2015), «Сагымбай» (2016), «Айтматов» (2017) энциклопедияларын түзүүдө бир нече макала, илимий аннотация жазып, айрым макаларды орус тилинен которуп, аталган энциклопедиялардын негизги түзүүчүлөрүнүн бири болгон.
Ал Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк программасынын алкагында «Залкар акындар» сериясынын 8-томун «Балык, Солтобай, Жаныш жана совет доорундагы айрым төкмө акындар» жыйнагын (Б, 2016) түзгөн.
Ал «Эл адабияты» сериясынын 19-томун «Санат, насаат ырлары» (Б., 2016) жыйнактарын түзгөн. Ушул эле «Эл адабияты» сериясынан «Миф. Уламыш. Аӊыз. Санжыра уламышы» аталган 26-томду түзүп, баш макаласын жазган.
Ал «Эл адабияты» сериясынан «Нарын өрөөнүнөн жыйналган фольклордук-этнографиялык материалдар» (Б., 2018) китебин, «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын «Манас» бөлүгүнүн 1-китебин, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюшулган диалектологиялык, фольклордук-этнографиялык Экспедиция материалдарынын 2-китебин (Б.,2017) түзгөн.

Педагогдук чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2003––2008-жылдары илимий ишмерлигин окуу жүрүмү менен айкалыштырып, Н.Нарынбаева Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинде ага окутуучу болуп эмгектенүү учурунда: “Кыргыз фольклору”, “Байыркы кыргыз адабияты”, “20-жылдардагы кыргыз адабияты” сабактарынан дарс окуп, семинарлык сабактар өткөргөн, курстук жана дипломдук иштерге жетекчилик кылган. “Кыргыз фольклору” курсу боюнча Типтүү программа түзүп чыккан (2007).
Н.Нарынбаева 2010––2016-жылдары кошумча түрдө И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде доценттик кызматты аткарган.
Бул мезгил ичинде ал «Үйрөнүлгөн өлкөнүн адабиятынын тарыхы: япон, корей, кытай байыркы адабияты боюнча лекциялар жыйнагы» (орус тилинде, Б., 2013) , «Үйрөнүлгөн өлкөнүн адабиятынын тарыхы: жапон, корей, кытай байыркы адабияты» (орус тилинде) окуу-усулдук колдонмо (Б.,2014) жарыкка чыгарган. Ал курстук жана дипломдук иштерден сырткары магистрлик диссертацияларга илимий жетекчилик кылган.

Илимий чабыты жана жыйындарга катышуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуржан Нарынбаева студент кезинен баштап адабияттагы көркөм котормо маселесине кызыгып, «Кыргызстан маданияты» (1987) жумалыгына, «Ала-Тоо» журналына (1987, 1990, 1991) сын макалаларын жарыялап турган.

1990-1995-жыл аралыгында жазма адабияттагы көркөм котормо маселелери боюнча институттун календарлык пландарына ылайык бир катар чакан илимий иштерди жараткан жана алардын натыйжасы адабият таануу жыйнактарына макала түрүндө жарыяланган. 

Манастаануучу Раиса Кыдырбаеванын ((Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. Б.,2005.) 1-т., 380-392-б.), адабият илимпоздору Осмон Ибраимовдун (2-т., 656-671-б.), Валерий Вакуленконун илимий портреттерин жазган (2-т., 579-585-б.) (Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. Б.,2006. 2-том).
2000-жылдан бери кыргыз фольклорундагы мифология маселелери боюнча изилдөө жүргүзүп, андан бери бул багытта 30дан ашуун илимий макала жарыялаган. Анын ичинен 20дан ашыгы макала Москвада жана КМШ өлкөлөрүнүн (Казакстан, Азербайжан, ошондой эле Россияга караштуу Якутия, Хакасия, Тоолуу-Алтай, Башкортостан, Калмыкия республикаларынын), ошондой эле Түркия мамлекетинин илимий журналдарында жарык көргөн.
Аталган өлкөлөрдө жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлары, КР Улуттук Илимдер академиясы, Кыргыз Президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фонду, Кыргызстан антропологдорунун ассоциациясы өткөргөн эл аралык илимий-практикалык конференцияларда, ошондой эле Түркия, Казакстан Республикасынын, Орусия федерациясынын шаарларында өткөрүлгөн симпозиум, конгресстерде баяндамалар окуган.
Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгындагы мифология маселелерин изилдөөнүн андан ары тереӊдетип, эпостордогу мифтик уӊгуларды иликтеп-талдоонун натыйжасы Нуржан Нарынбаеванын 30дан ашуун илимий макаласында чагылдырылган.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2014-жылы Илим күнүнө карата КР УИАнын «Ардак грамотасы»,
  • 2015-жылы Токтогул коомдук фондусунун «Токтогул» төш белгиси,
  • 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик Тил комиссиясынын төш белгиси менен сыйланган.
  • 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданиятка эмгек сиӊирген кызматкер» төш белгисине татыктуу болгон.

Эмгектеринин чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2011-ж. «Миф. Оозеки кара сөздүн көөнө уӊгулары» (Бишкек: Авразия-пресс, 2011. 240 б.) аттуу монографиялык эмгегин жарыялаган.

МАКАЛАЛАРЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарынбаева Н. Украина кайрыктары (Б.Степанюктун ырларын которуу маселелери) // – «Кыргызстан маданияты» жумалыгы. – 1987, – июнь;
  • Нарынбаева Н. Г. Уэллс кыргыз тилинде // – «Ала – Тоо» – 1987. – №11. – 159–160-б.;
  • Нарынбаева Н. Ажарынан айрылган түп нускалар // – «Ала – Тоо» 1987, №12. – 147–154-б.;
  • Нарынбаева Н. Касым Тыныстановдун котормочулук өнөрү // – «Ала – Тоо» 1991, №13. – 150–154-б., ж.б.
  • Нарынбаева Н. «Текшерүүчүнүн» түрк тилдерине таржымаланыш тарыхынан. «Адабиятыбыздын актуалдуу проблемаларынан». Жыйнак. – Б., 1997. 52–59-б.;
  • Нарынбаева Н. «Текшерүүчүнүн» кыргызчага которулушу. «Кыргыз адабиятынын тарыхынан». Жыйнак. – Б., 1999. – 142– 54-б., ж.б.
  • Нарынбаева Н. Алп Тобок / Кыргыз адабиятынын тарыхы. Жети томдук.3-т. – Бишкек: Шам, 2004. – 414-418-бб.
  • Нарынбаева Н. Кыдырбаева Р.З. (илимий портрет) / Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. Б.,2005. 1-т., 380-392-б.
  • Нарынбаева Н. Ибраимов О. (илимий портрет) / Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. Б.,2006. 2-т., 656-671-б.
  • Нарынбаева Н. Вакуленко В. (илимий портрет) / Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. Б.,2006. 2-т., 579-585-б.
  • Нарынбаева, Н.О. Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын эпикалык теги // Эл агартуу. – 2005. – № 11-12. – 1-9-бб.
  • Нарынбаева, Н.О. Элдик прозанын структурасы // Эл агартуу. – 2005. – № 11-12. – 51-59-бб.
  • Нарынбаева, Н.О. Мифтин табияты. Анын илимде изилдениши жана маданиятта чагылышы // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. – Серия I. – 2007. Вып. 5. – 147-151-бб.
  • Нарынбаева, Н.О. Бугу эне мифинин дүйнөлүк параллелдери // Эл агартуу. – 2007. – № 1-2. – 27-34-бб.
  • Нарынбаева, Н.О. Мүйүздүү тотемдердин астралдык символикасы // Эл агартуу. – 2007. – № 1-2. – 48-54-бб.
  • Нарынбаева, Н.О. Иттин пири Кумайык, куш ыйыгы Кумай жана Умай эне // Шоокум – 2007. – № 10 (15). – 31-32-бб.
  • Нарынбаева, Н.О. Бир санжыранын тарыхый жана мифтик уӊгулары // Социальные и гуманитарные науки. – 2007. – № 3-4. – 101-105-бб.
  • Нарынбаева, Н.О. Жети карт ыйык жылдызы // Материалы международной научно-практической конференции «Формирование казахской государственности и историко-культурной ценности тюркского мира». – Шымкент. Т.3. – С. 141-144
  • Нарынбаева, Н.О. Архаические мотивы в эпическом творчестве кыргызов [Текст] / Н.О. Нарынбаева // И.Арабаев атындагы КМУ Жарчысы. – 2012. – № 4. – 242-244-б.
  • Нарынбаева Н. О. Миф. Оозеки кара сөздүн көөнө уӊгулары. Монография. – Б.,2011. 240 б.
  • Нарынбаева, Н.О. «Кожожаш» эпосундагы мифтик мотивдер // Түрк дүнүйөсү альманахы. – Астана, 2013. – 319-325-б.
  • Нарынбаева Н. О. Краткий курс лекций по истории литературы Востока: древнеяпонская, древнекорейская и древнекитайская литература – Б., 2013. 90 с.
  • Нарынбаева, Н.О. «Манас» эпосундагы архаикалык мотивдердин мифтик контексттеги орду // Кыргызский каганат в контексте средневековой государственности и культуры тюркских народов: Тезисы материалов II международной научной конференции, посвященной 1170-летию образования Великого Кыргызского каганата в Центральной Азии (Бишкек, 15-16 ноября 2013). – Бишкек , 2013. – 199-200-б.
  • Нарынбаева Н. О. История литературы изучаемой страны: древнеяпонская, древнекорейская и древнекитайская литература. – Б., 2014. 58 с.
  • Нарынбаева Н. О. Тотемные животные в древней культуре кыргызов и японцев. Цивилизациялардын кесилишиндеги тил, маданият, коомдук аспектилери. Эл аралык II илимий конференциянын материалдары БГУ жана Цукуба унив-ти, Цукуба унив-нин Борбор Азия бөлүмү 2014-ж. 12-13-март.-Б.,2014. –С. 79-81
  • Нарынбаева, Н.О. Кенже эпостордогу адам — жаратылыш айгашы // «Манас и Шах-намэ» илимий-практикалык конференциянын материалдары. (Бишкек, 16-май 2014). И.Арабаев атындагы КМУ Жарчысы. Атайын чыгарылыш. – 2014. – 99-104-б.
  • Нарынбаева, Н.О. «Манас» эпосундагы архаикалык мотивдер Саякбай манасчынын айтуусунда // «Саякбай манасчы» коомдук фонду. Эл аралык илимий-тажрыйбалык илиимий жыйындын материалдары. (Бишкек, 6-ноябрь, 2014). – Бишкек, 2014. – 109-124-б.
  • Нарынбаева Н. О. Фольклордогу жомок эмес прозанын (оозеки кара сөздүн) жанрдык классификациясы. Кыргыз Республикасынын «Мурас» фонду жана «Кыргыз тарых коому» уюштурган «Жусуп Мамай — заманыбыздын залкар манасчысы» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция (Талас шаары, 23–25-май 2014) – Бишкек: Мурас фонду, 2014. – 214-219-б.
  • Нарынбаева, Н.О. К вопросу о тотемизме в древнтюркской культуре (тотем бёрю — волк) // Материалы Международной научно-теоретической конференции, посвященной 100-летию И. Есенберлина. Казахский национальный университет имени аль-Фараби. (Алматы. Май, 2015). – Алматы, 2014. – С. 119-122
  • Нарынбаева Н. О. «Залкар акын Токтогулдун чыгармачылыгы илимий изилдөөлөрдө» Кыргыз Республикасынын «Мурас» фонду жана «Кыргыз тарых коому» «Тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгына» арналган Эл аралык илимий-практикалык жыйын. (Кетмен-Төбө, Токтогул р-ну, 24–25-август 2014) – 145–147-б.
  • Нарынбаева Н. О. Токтогулдун чыгармачылыгынын илимде чагылдырылышы Кыргыз Республикасынын «Мурас» фонду жана «Кыргыз тарых коому» «Тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгына» арналган Эл аралык илимий-практикалык жыйын. (Кетмен-Төбө, Токтогул р-ну, 24–25-август 2014) –148–151-б.
  • Нарынбаева Н. О. «Төкмөлүк — өнөрбү же... (Ырчылык феномени)» Кыргыз Республикасынын «Мурас» фонду жана «Кыргыз тарых коому» Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына арналган илимий жыйындын материалдары (Нарын ш. 6-декабрь 2014) – Бишкек: Мурас фонду, 2014. – 136-140-б.
  • Нарынбаева Н. О. Чокан Валиханов как исследователь этнической культуры кыргызов М.Ауэзов атындагы Адабият жана көркөм өнөр институту Қазақстан Республикасы «Шоқан Уәлиханов және қазақ фольклоры» атты халықаралық ғылыми-практикалық конференциянын материалдары (Алматы ш. 24 апрель, 2015). – Алматы, 2015. – 44-52-б.
  • Нарынбаева Н.О. «Язык письма» Олжаса Сулейменова и культ солнца в тюркской мифологии // Материалы международной научно-практической конференции «VIІ Оразбаевские чтения» «Казахстанская археология и этнология: прошлое, настоящее и будущее», приуроченной к 550-летию образования Казахского ханства, 20-летию Ассамблеи народа Казахстана. –28-29 апреля 2015 г. – Алматы: Казак университети, 2015. – С. 236-239
  • Нарынбаева Н. О. Реликты древних религиозных верований в эпосе «Манас». Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университети 21-май, 2015. Бишкек, 2015. -91-98-б.
  • Нарынбаева, Н.О. К вопросу о тотемизме в древнтюркской культуре (тотем бугу — олень) // Материалы Международной научно-теоретической конференции, посвященной 550-летию основания Казахского ханства, «Проблемы традиции и инновационной новизны художественного воплощения национальной идеи и идеи «Мəңгілік ел» в литературе» (Алматы. 3-июня, 2015). – Алматы, 2015. – С. 39-43
  • Нарынбаева, Н.О. Анимисттик ой сүрүүдөгү керемет төрөлүү мотивдери // М.Ауэзов атындагы Адабият жана көркөм өнөр институту Қазақстан Республикасы «С.Каскабасов жана казак фольклористикасы» Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары (Алматы. 16-октябрь, 2015). – Алматы, 2015. – 126-147-б.
  • Нарынбаева, Н.О. Сагымбай манасчынын айтуусундагы «Манаста» кездешкен байыркы ынаным элементтеринен Текст] // Юнусалиев окуулары – 2015 Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары (Бишкек ш. 24-25-дек. 2015) – Бишкек: Улуу Тоолор, 2015. – 280-287-б.
  • Нарынбаева, Н.О. Фольклор сюжеттеринин трансформациясы // Манастан Чынгыз Айтматовго карай: проблемалар жана көз караштар. Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары (Бишкек, 15-январь, 2016). Тил адабият жана искусство маселелери. Атайын чыгарылыш. – 2016. – 46-48-б.
  • Нарынбаева, Н.О. Мотив вещего сна в эпической поэзии тюрков // Материалы I форума гуманитарных наук «Великая степь». Международная тюркская академия. (Астана, 23-24 май, 2016). – Астана, 2016. – С. 597-605
  • Нарынбаева Н. О. Камень дождя в традиционной культуре тюрков. Материалы III Международного конгресса антропологов Кыргызстана (Ош, Кыргызская республика, 13-14 июня, 2016,) Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. №3, I чыгарылыш. – Ош, 2016. С. 171-178
  • Нарынбаева, Н.О. Мифы, легенды и предания // В кн.: Кыргызы. Институт этнологии и антропологии им. Миклухо-Махлая РАН, Институт истории и культурного наследия КР УИА. – Москва, 2016. – С. 391-397
  • Нарынбаева, Н.О. Ырчылык феномени. Баш сөз. «Залкар акындар» сериясы. 8-т. – Бишкек: Принт-Экспресс, 2016. 3-12-б.
  • Нарынбаева Н.О. Некоторые параллели эпических мотивов в общетюркском контексте // Academy №9(12), 2016. – Москва,2016. С.8–11 https://elibrary.ru/item.asp?id=26582688
  • Нарынбаева Н.О. Тотемы-прародительницы в кыргызском фольклоре // Наука и образование сегодня. №7(8), 2016. – Москва,2016. С. 19–23 https://elibrary.ru/item.asp?id=26557707
  • Нарынбаева Н. О. Мифические покровители в эпосе «Манас» // Наука и образование сегодня. №8(9), 2016. – Москва,2016. С.21–24 https://elibrary.ru/item.asp?id=26724343
  • Нарынбаева Н. О. Эпический образ волка и анимистическое воззрение кыргызов // Проблемы науки. №8(9) – Москва,2016. С. 26–31 https://elibrary.ru/item.asp?id=26529443
  • Нарынбаева Н. О. Сновидение как сюжетообразующий мотив в эпическом творчестве кыргызов // Проблемы науки. №9(10) – Москва,2016. С. 28–31 https://elibrary.ru/item.asp?id=26717286
  • Нарынбаева Н. О. . Художественная функция камня дождя «яда» в эпической поэзии тюрков // Научная дискуссия: вопросы филологии, искусствоведения и культурологии. –2016. – №9(48). – С. 7-12. https://elibrary.ru/item.asp?id=26682563
  • Нарынбаева Н. О. Мотивы чудесного рождения в кыргызских эпосах // Научная дискуссия: вопросы филологии, искусствоведения и культурологии». – 2016. – №9(48). – С. 81-87. https://elibrary.ru/item.asp?id=26682573
  • Нарынбаева Н. О. Рудименты первобытной магии в эпическом творчестве кыргызов и сибирских народов // I Сибирский форум фольклористов. Тезисы докладов. Новосибирск, 7-11 ноября, 2016. – Новосибирск, 2016. С. 86-88 www.philology.nsc.ru/news/images/2016/Forum_tezisy_full.pdf
  • Нарынбаева Н. О. Некоторые эпические параллели кыргызских эпосов и калмыцкого «Джангара» (на примере эпосов «Манас», «Эр Тёштюк» и «Джангар» // Материалы III Международной научной конференции «Джангар» и эпические традиции тюрко-монгольских народов. Элиста, 2016. С.181–188
  • Нарынбаева Н. О. Реликты партеногенеза в эпическом творчестве кыргызов // Материалы IV Международной научно-практической конференции Сохранение и развитие языков и культур коренных народов Сибири. Абакан, 2016. С. 310–318
  • Нарынбаева Н. О. Несказочная проза кыргызов (краткий обзор) // Материалы ХVI Всероссийской конференции (с международным участием) (Уфа, Республика Башкортостан, 1–4 июня 2016 г.). – Уфа. С. 188–190; ж.б.
  • Нарынбаева Н. О. Фольклордук мурас // Кыргызстандын тарыхы. – Бишкек, 2016. – 421-432-бб.
  • Нарынбаева Н. О., Молдобаев, И.Б. «Манас» эпосу // Кыргызстандын тарыхы. – Бишкек, 2016. – 432-447-бб.
  • Нарынбаева Н. О. «Кут даарытар билимдеги» астралдык жана тотемдик образдар. Юсуф Хас-хаджибдин туулгандыгынын 1000 жылында «Кутадгу билиг». Эл аралык симпозиум. Стамбул, Түркия Республикасы, 18-20-ноябрь, 2016
  • Нарынбаева Н. О. Мотив непорочного зачатия в эпосе «Манас» [Текст] / Н.О. Нарынбаева // Материалы научно-практической конференции КРСУ «Эпос “Манас”: история и культура» (г. Бишкек, 21.01.2017). – Б., 2017. – С. 67-78
  • Нарынбаева Н. О. Кыргыздын кара сөзү (Баш сөз). Эл адабияты» сериясы Миф. 26-т. Уламыш. Аӊыз. Санжыра уламышы. –Б., 2017. 5-14-б.
  • Нарынбаева Н. О. Конь в тюрко-монгольской эпике // Олонхо в мировом эпическом пространстве: наследие П.А. Ойунского: сборник тезисов по материалам Международной научной конференции (г. Якутск, 27-28 сентября 2018 г.). – Якутск: Издательский дом СВФУ, 2018. – 228 с. С. 148-151. Северо-Восточный федеральный университет имени М.К. Аммосова, 2018
  • Жанры былички в кыргызском фольклоре // Материалы VI Международной научной конференции «Народы и культуры Саяно-Алтая и сопредельных территорий», посвященной 75-летию Хакасского научно-исследовательского института языка, литературы и истории (26–27 сентября 2019 г.). – Абакан: Хакасское книжное издательство, 2019. – 220 с. – С. 198-204.


Түзгөн жыйнактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Залкар акындар» сериясынын 8-тому: Балык, Солтобай, Жаныш жана совет доорундагы айрым төкмө акындар жыйнагын Г.Орозова менен бирликте түзүп, Баш сөзүн жазган. – Бишкек: Принт-Экспресс, 2016. 492 б.
  • 10 томдук Кыргыз адабиятынын тарыхы жыйнагынын 1-китебин түзүп, редакциялаган. Кыргыз адабиятынын тарыхы. 1-китеп. – Бишкек: КУТ БЕР, 2017. – 708 б.
  • «Эл адабияты» сериясынын 19-тому: Санат-насаат ырлары жыйнагын түзгөн. – Бишкек: Принт-Экспресс, 2017. – 472 б.
  • «Эл адабияты» сериясынын 26-тому: Миф, уламыш, аӊыз, санжыра уламышы жыйнагын түзүп, Баш сөзүн жазган. – Бишкек: ПРИНТ-ЭКСПРЕСС, 2017. – 632 б.
  • «Классикалык изилдөөлөр» сериясына «Манас» изилдөөлөр жыйнагынын 1-китебин түзгөн. – Бишкек: KIRLand, 2017. – 438 б.
  • Мамлекеттик тилди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюшулган Фольклордук, диалектологиялык жанаэтнографиялык экспедиция материалдарынын 2-китебин түзгөн. – Бишкек: Кожогулов К.С., 2017. – 482 б.
  • «Эл адабияты» сериясынын 39тому: Нарын өрөөнүнөн жыйналган эл оозеки чыгармачылыгы жыйнагын түзгөн. – Бишкек: Турар, 2018. – 552 б.


Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://arch.kyrlibnet.kg/uploads/KNUNARYNBAEVA%20N.O.avtoref..pdf Archived 2020-06-14 at the Wayback Machine Автореферат. Бишкек, 2010.