Насырбеков, Төлөн

Википедия дан

Насырбеков Төлөн (25.12.1935-ж. т., Нарын .ш.) — спортчу (лыжа), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыргычы (1992), СССР спорт чебери (1983, лыжа), Кыргыз Республикасынын спорт чебери (1995, жеңил атлетика), лыжа спорту боюнча республикалык категориядагы калыс (1984).
1957-жылдан "Колхозчу" спорт коомунда машыктыргыч, "Спартак" ыктыярдуу спорт коомунун Нарын шаардык тармагынын төрагасы, машыктыргыч болуп иштеген.
Көптөгөн республикадагы спартакиадаларда, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген.
Насырбеков жөө күлүк катары да белгилүү. "Манас" эпосунун миң жылдыгына карата супер марафон уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруу демилгесин көтөрүп (1995), нарындык Сагынбек Токонов, Нургазы Мамакеевдер менен бирге БишкекСтамбул (Түркия) маршрутун (6500 км) 47 күндө жөө чуркап өтүшкөн. Бишкек—Ташкен (1000 км), Бишкек — КараколТоктогулЖалал-АбадТалас (3000 км), Анкара (Түркия) — Адама (Сирия) (800 км, Марат Актанов менен бирге) маршруттары боюнча да чуркаган. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.