Мазмунга өтүү

Нью-Йорк бандалары

Википедия — ачык энциклопедия
Нью-Йорк бандалары
РежиссеруМартин Скорсезе
Сценарийи
ОператоруМихаэл Баллхаус
Тартылгандар
МузыкасыГовард Шор
РедакторуТелма Шунмейкер
Студия
  • Alberto Grimaldi Productions
  • Initial Entertainment Group
ЖайылтуучуMiramax
Чыккан жылы
  • декабрь 20, 2002 (2002-12-20)
Узактыгы168 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$100 млн[2]
Киреше$193.8 млн[2]

Нью-Йорк бандалары (англ. Gangs of New York, орус. Банды Нью-Йорка) — 2002-жылы Мартин Скорсезе тарткан америкалык эпикалык доорду баяндаган драма. Тасма 19-кылымдын ортосунда Нью-Йорк шаарындагы Файв Пойнт районун чагылдырат. Тасманын сценарийин Жэй Кокс, Стивен Зайлиан жана Кэннез Лонерган жазышкан. Тасмадагы окуя 1927-жылы Херберт Эсбүри жазган "Нью-Йорк бандалары" аттуу чыгармадан эргүү алган. Тасма Синнесита, Римде тартылып, "Miramax Films" тарабынан жайылтылган. Ошондой эле ал "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" сыяктуу дагы башка тогуз наамына көрсөтүлгөн.

Тасмадагы окуя 1862-жылды сүрөттөп, ойдон чыгарылган банданын лидери "Касап" Биллдин (Дэниел Дэй-Лүис) окуясын баяндайт. Ал "Твид" (Жим Бродбент) аттуу босстун кол алдында иштеген кылмыш иштери боюнча лидер жана саясий жактан таасирдүү болгон адамдын ролун аткарат. Тасма "Касап" менен тасманын баш каарманы Амстердам Валлон (Леонардо Ди Каприо) жана анын союздаштары 1863-жылга туш келген Нью-Йорк көтөрүлүшүндөгү катаал согушуусун баяндайт. Тасма 2002-жылы 20-декабрда чыгып, дүйнө жүзү боюнча 193 миллион АКШ долларын тапкан.

  1. Gangs of New York (18). British Board of Film Classification (December 10, 2002). Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2016.
  2. 1 2 Gangs of New York (2002). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 27 -февраль (бирдин айы) 2017.