Обишир үңкүрү

Википедия дан

ОБИШИР ҮҢКҮРҮ – мезолит дооруна (б. з. ч. 9–7-миң жылдык) таандык археологиялык эстелик. Баткен облусунун Сох жана Айдаркен айылдарынын аралыгында, Катыраң тоосунун түштүк тарабында, Сох суусунун куймасы Обишир сайынын оң жээгинде жайгашкан. 1966-жылы Өзбекстан ИАнын Ферганадагы таш доорун изилдөө боюнча отряды (жетекчиси М. Р. Касымов) тарабынан ачылган. Ошондой үңкүрдөн 1 жана 5 маанилүү, калган үңкүрлөр археологиялык табылгага жарды. 1966–73-жылдары казуу иштери жүргүзүлгөн. Экөөнөн тең жаныбарлардын сөөк сыныктары, таш чамындылар, жалпак таштар, таштын чордондору, миздүү таш кыргычтар, таштан жасалган көзөгүч жана бургу куралдары табылган. Табылган буюмдар Обишир маданиятынын эрте мезгилине таандык.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.