Окутуунун компьютердик технологиясы

Википедия дан

Окутуунун компьютердик технологиясы – окутуунун техникалык каражаттарынын бири компьютер боюнча окуу системасы. Окуу процессинде компьютер төмөндөгүдөй максаттарда колдонушу мүмкүн: мугалимдин предметти жана программалоону окуучуга окутуу; окуучунун окуу жана өз алдынча окуусу;билимди контролдоо жана кайталоо; алган билимди өркүндөтүү жана бышыктоо (эсеп, чыгарылыш, маселе, графика жана башкалар); окутуучунун жана окуучунун эмгекти илимий уюштуруусу; формуланын, физикалык чоңдуктардын, хронологикалык жана башкалар маалыматы жана библиотекалык маалыматы; окуучулардын көркөм, музыкалык жана адабий чыгармачылыгы; окуучулардын жетишүү, катышуу жана жүрүш-турушу тууралуу жыйындардын (топтом) жана анализдердин маалыматы; физикалык процесстерди, техникалык каражаттарды, химиялык реакцияларды, Жердеги саякаттарды жана космикалык учууларды моделдештирүү; бош убакытты жана оюндарды уюштуруу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004