Оромо (тамак)

Википедия дан
Оромо
Тамактын улуттук ашканасы:

Кыргыз ашканасы
Казак ашканасы и Өзбек ашканасы

Пайда болгон өлкөсү

Кыргызстан

Курамы
Негизги курамы:

Камыр, Эт, эт азыктары, Ашкабак, potato, herb, Brassica и пияз

Oromo (dish)

Оромо (каз. орама, өзб. ўрама) — Казак, Кыргыз жана Алтай ашканасында кеңири бышырылуучуу, камырдан жасалган тамак түрү. Тамактын негизги курамы болуп, камыр жана майда туураган эт (кээде фарш) же жашылчалар (картөшкө, ашкабак ж. б.) эсептелет. Ошондой эле тамак, манты-казанда бууга бышырылат (маныказан — атайын бууга бышырылуучуу тамактар үчүн идиш, өзүнүн аталышы манты тамагынан алынган.

Даярдоо ыкмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Камырды жука жайып, анын бетин май менен майлап, андан соң бетине туурамжыдан (фарштан) себелеп, түрмөктөлүп оролот. Даяр болгон оромону, тегеректелген абалында, манты-казанга салынып бууга 30 мүнөт бышырылат. Бышкан оромону кесип, каймак, айран, кетчуп жана башка соустар менен жегенге болот.

Табитке жараша оромонун курамына төмөнкүлөр кирет: эт, пияз, май, картөшкө, ашкабак, көк чөп ж. б

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]