Орто кылымдардагы чыгыш жазуу эстеликтери

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Орто кылымдардагы Чыгыш жазуу эстеликтери
Араб жана перси буларда кыргыздардын жана Кыргызстан-булактары, тарыхы жана географиялык абалы боюнча V-XV кк. тиешелүү бай маалыматтар бар.

Көрүнүктүү персиялык тарыхчы Рашид ад-Дин 1247-ж. Хамаданда, окумуштуунун үй-бүлөсүндө туулган. Рашид ад-Диндин атасы да, чон атасы дагы өзү сыяктуу эле монгол ильхандардын кызматында болгон. Ал финансылык мекеменин катардагы кызматкеринен Газан хандын жана Олжайту хандын увазирлигине чейин көтөрүлгөн. Бирок бул анын окумуштуу жана сарай дарыгери болушуна эч тоскоолдук кылган эмес.

Рашид ад-Дин 19 жыл бою жогорку бийликте болуп, феодалдык топтордун саясий оюндарына катышкан. Каршылаштары аны кызматынан кетирип, андан кийин ага Олжайту ханды ууландырды деген күнөө коюлуп, 1318-ж. дарга асылган. Рашид ад-Дин өз мезгилинин өтө көрүнүктүү жана ар тараптан өнүккөн окумуштууларынан болгон. Окумуштуу дарыгерлик жана ботаниктик репутациясы анын кадыр-баркынын көтөрүлүшүнө түрткү берди. Ал куранга комментарий катарында «Мифтах-ат-тафасир» аттуу эмгекти жазган.

Бирок Рашид ад-Динге чыныгы атак-даңкты «Жамы ат-таварих» («Жылнаамалар жыйнагы») деген тарыхый эмгеги алып келди. Бул эмгек тарыхый булак катары өтө баалуулугу менен айырмаланат.

Орто кылымдардагы мусулман тарыхчыларынын ичинен Рашид ад-Дин алгачкылардан болуп кеңири ой жүгүртүүгө жөндөмдүү экендиги далилденди. Ага чейинкилер, исламга чейинки мезгилдеги бүткүл дүйнөнүн жалпы тарыхын исламдын гана тарыхынын кириш сөзү же исламга чейинки падышалардын жана пайгамбарлардын гана тарыхы катары карап, ал эми хижрадан кийинки жалпы тарыхты ислам дүйнөсүнүн тарыхы деп эсептеп, мусулман эмес элдердин тарыхын жокко чыгарышкан. Рашид ад-Дин өзүнө чейинки мусулман тарыхчыларынан айырмаланып, мусулман элдерине чектеш мамлекеттердин жана калктардын тарыхын б. а. дүйнө тарыхын жазууга аракет жасаган.

«Жамы ат-таварих» негизинен арабдардын, персилердин жана түрктөрдүн тарыхына арналган. Ошол мезгилде белгилүү болгон бардык элдер жөнүндө да маалымат берет. Рашид ад-Диндин тарыхнаамага киргизген жаңылыгы - анын мусулман эмес элдердин тарыхын алардын өздөрүнүн булактарынын негизинде үйрөнүүгө аракет жасагандыгында.

Ушундай көлөмдүү тарыхый эмгектин XIII-XIV кк. башында пайда болуусу да тарыхый кырдаал менен шартталат. Себеби бул мезгил көрсөтүүлөрдүн жортуулу, абдан зор Монгол империясынын түзүлүшү, Жер Ортолук денизи аркылуу азиялык деңиз-кербен соодасынын өнүгүшү, ильхандардын көрсөтүүлөр жана батыш мамлекеттери менен карым-катнаштары, Иран, Азербайжан, Орто Азия, Кытай, Монголия, Индия, Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрү менен байланыштарынын кеңейишинин мезгили эле.

Ильхандардын сарайында перс, араб, азербайжан тили менен катар эле кытай, тибет, хинди, байыркы еврей, сирия тилдерин билгендер жана ушул элдердин өкүлдөрү да болушкан. Ушунун баары «Жамы ат-таварих» сыяктуу эмгектин пайда болушун шарттаган.
Мындай зор эмгекти жазуу бир адамдын колунан келбеси белгилүү эле, анын үстүнө Рашид ад-Дин мусулман эмес өлкөлөрдүн жана элдердин тарыхын түзүүдө ошол элдин өзүнүн булактарына таянууну каалаган, ал эми алар араб жана персиялык тилдерде болгон эмес. Максатты ишке ашыруу үчүн Рашид ад-Дин кээ бир өлкөлөрдүн жана элдердин тарыхчыларын пайдаланган.


Рашид ад-Дин түрк жана монгол урууларынын Чыңгыз ханга чейинки тарыхын иликтеген. Бул бөлүмдү түзүүдө ал Махмуд Кашгаринин, Жувейинин жазуу булактарын жана Чынгыз хандын, анын ата-бабаларынын жана жолун улантуучулардын монгол тилинде жазылган расмий тарыхы болуп, ильхандардын архивинде сакталган «Алтын дептерин» пайдаланган. Андан тышкары монгол жана түрк урууларынын оозеки элдик чыгармалары дагы булак катары пайдаланылат. Материалдарды чогултууда жана мусулман эмес элдердин тарыхын түзүүдө Рашид ад-Дин башка адамдарды: Кытай тарыхын жазуу да - эки кытай окумуштуусун; Индиянын тарыхын жазууда - Кашмирдик будда кечилин; Батыш Европанын тарыхын жазууда - француз католик кечилин тарткан. Ошентип, «Жамы ат-таварих» окумуштуулар тобунун Рашид ад-Диндин жетекчилиги астында иштелген чыгармасы десек болот. Бул китепте кыргыздар жөнүндө маалымат жазылган.

Маалымат булактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]