Палеоазия тилдери

Википедия дан

Палеоазия тилдери, Байыркы Азия тилдери – Түндүк жана Түндүк-Чыгыш Сибирдин, Түндүк Американын аз сандагы элдери сүйлөгөн, теги ар башка тилдердин шарттуу аталышы. Орус илимпозу Л. И. Шренк бул жерде жашаган элди Түндүк Азиядагы байыркы элдердин укум-тукумдарынан экендигин божомолдогон. Палеоазия тилдерине бир тектүү 4 топ жана бир обочолонгон тил кирет:


Теги ар башка болгону менен морфологиялык түзүлүшүндө жалпылык бар, б. а. Палеоазия тилдеринин көбү – агглютинацияланма тилдер. Бирок агглютинация бул тилдердин бардыгында бирдей мүнөзгө ээ эмес. Палеоазия тилдерин изилдөөдө В. Г. Богораз, Л. Я. Штернберг, И. И. Мещанинов сыяктуу окумуштуулар салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]