Палестиналыктарга каршы геноцид

Википедия дан

Газа секторунда палестиналык калкына каршы Израилдин аскердик акциясы 2023-жылдын 7-октябрдан бери өткөрүлүп келе жатат.


Талкаланган Газа шаары.

Адам жоготуулары жана келтирилген зыян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Газа секторунда Израилдин согуш аракеттеринин (аба соккулары жана артиллериялык аткылоо) натыйжасында 40 миңден ашуун адам каза болду жана 75 миң адам жаракат алган. Каза болгондордун көбү аялдар жана балдар.
Газа секторунун имараттарынын жана курулуштарынын бир бөлүгү урандыга айланды. Ооруканалар талкаланган.
Израиль аскерлери Газа секторун блокадада (анын ичинде деңизден) кармап турушат.

Көйгөйлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарадарларды кабыл алуу үчүн медициналык мекемелер жана дарыгерлер жетишсиз. Ошондой эле качкындарды жайгаштыруу үчүн жылуу жайлар да жетишсиз. Көп жерлерде электр энергиясы жок. Санитардык нормалар бузулган. Азыктардын, ичүүчү суунун жана дары-дармектердин жетишсиздиги байкалууда. Мунун баары жугуштуу оорулардын (КРВИ, диарея, суу чечек, гепатит А, холера) жайылышына алып келди.

Гуманитардык жардам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Израилдин тоскоолдуктарынан улам Газадан жабыркагандарга эл аралык гуманитардык жардам чектөө жана кечигүүлөр менен келип жатат.

Башпаанек берүүдөн баш тартуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Израилдин премьер-министри Нетаньяху качкындарды кабыл алуу үчүн Батыш өлкөлөрүнөн Египет менен Иорданияга кысым көрсөтүүнү суранды. АКШнын кысымына карабастан Египет менен Иордания Газа секторунан качкындарды кабыл алуудан баш тартууда. Себеби Израиль ушундай жол менен араб калкынан толук кутулууну каалайт жана кылмыштарынын изин жашыргысы келет. Ал эми палестиналык качкындар эч качан өз мекенине кайтып келе алышпайт.

Эл аралык реакциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык коомчулук Израилдин Газа секторундагы согуш аракеттерин тынч палестина элине каршы кылмыш катары баалоодо.
БУУнун Гаагадагы эл аралык соту Израилди геноцид кылмыштарын алдын алуу жана жазалоо боюнча Конвенцияны бузган аракеттерди токтотууга чакырды. Сот палестиналыктар Израилдин геноцид актыларынан коргонууга укуктуу деп токтом чыгарды жана Израилди геноцид кылмыштарынын алдын алуу жана согуштан кыйраган анклавга маанилүү гуманитардык жардамдын келишине жол берүү үчүн "ага көз каранды болгон бардык чараларды көрүүгө" чакырды. Ошентип, этияттык жана айрым эскертүүлөр менен БУУ, палестиналыктардын үстүнөн геноцидди тааныган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]