Петров Василий Степанович

Википедия дан

Петров Василий Степанович (22. 6. 1922 - 15 апрель 2003 Киев) — эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (1943, 1945), артиллериянын генерал-майору (1962).

  • 1945-жылдан КПСС мучөсү.
  • 1939-жылдан Кызыл Армияда.
  • 1941-ж. Сумы артилл. окуу жайын бүткөн.
  • Улуу Ата Мек. согуш убагында Түш.- Батыш, Брянск, Воронеж, Дон, 1-Украин фронтторунда взвод командиринен танкага каршы истребителдик артиллерия полк командиринин орун басарлыгына чейин жеткен.
  • 1943-ж. Кременчугдун жанындагы урушта эки колунан ажыраган.
  • 1944-ж. П. өз өтүнүчү боюнча согушуп жаткан армияга жиберилип, анда танкага каршы 248- истребителдик полктун командиринин орун басары, командири болгон.
  • Согуштан кийин Куралдуу Күчтөрдө кызматын уланткан.
  • 1954-ж. Львов ун-тинин тарых факультетин сырттан бүткөн.
  • Ленин ордени, Кызыл Туу, 3 Кызыл Жылдыз ордени жанa медалдар, ошондой эле чет элдик 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.