Путин Владимир Владимирович
| Путин Владимир Владимирович | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 7-май 2012-жылдан тарта | ||||
| Андан мурунку: | Дмитрий Анатольевич Медведев | |||
| 7-май 2000-жыл — 7-май 2008-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Борис Николаевич Ельцин | |||
| Андан кийинки: | Дмитрий Анатольевич Медведев | |||
| ||||
| 8-май 2008-жыл — 7-май 2012-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Виктор Алексеевич Зубков | |||
| Андан кийинки: | Дмитрий Анатольевич Медведев | |||
| 16-август 1999-жыл — 7-май 2000-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Сергей Вадимович Степашин | |||
| Андан кийинки: | Михаил Михайлович Касьянов | |||
| ||||
| 29-март — 9-август 1999-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Николай Николаевич Бордюжа | |||
| Андан кийинки: | Сергей Борисович Иванов | |||
| ||||
| 27-май 2008-жыл — 18-июль 2012-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Виктор Алексеевич Зубков | |||
| Андан кийинки: | Дмитрий Анатольевич Медведев | |||
| ||||
| 25-июль 1998-жыл — 9-август 1999-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Николай Дмитриевич Ковалёв | |||
| Андан кийинки: | Николай Платонович Патрушев | |||
| ||||
| 7-май 2008-жыл — 26-май 2012-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Борис Вячеславович Грызлов | |||
| Андан кийинки: | Дмитрий Анатольевич Медведев | |||
| Жарандыгы: | ||||
| Дини: | православие | |||
| Туулган жылы: | 7-октябрь 1952-жыл | |||
| Туулган жери: | Ленинград, ОССФР, ССРС | |||
| Атасы: | Владимир Спиридонович Путин | |||
| Апасы: | Мария Ивановна Путина | |||
| Жубайы: | Людмила Александровна Путина (Шкребнева) (1983-2013) | |||
| Балдары: | Катерина, Мария | |||
| Партиясы: | КПСС (1991-жылга чейин) Наш дом — Россия (1995) председатель «Единая Россия» партиясынвн төрагасы, бирок мүчөсү эмес (2008—2012) | |||
| Билими: | А. А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университети | |||
| Илимий даражасы: | экономика илимдеринин кандидаты | |||
| Кесиби: | саясатчы | |||
| Ишмердүүлүгү: | Орусия Федерациясынын президенти | |||
| Сайты: | https://kremlin.ru/ | |||
| Автограф: | ||||
Путин Владимир Владимирович (орус. Путин Владимир Владимирович) — орусиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, 1952-жылдын 7-октябрында СССРдин Ленинград шаарында туулган[1].
Орусия Федерациясынын учурдагы президенти, Орусия Федерациясынын Мамлекеттик кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы, 2012-жылдын 7-майынан тартып Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы колбашчысы. 2000-жылдын 7-майынан 2008-жылдын 7-майына чейин президенттин кызматын ээлеген, ошондой эле 1999–2000 жана 2008–2012-жылдары Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы болуп иштеген. Ар кандай маалымат булактарына ылайык, 1999-жылдан[2] же 2000-жылдан[3] бери Орусияны иш жүзүндө башкарып келет.
Ленинград мамлекеттик университетинин (ЛМУ) юридикалык факультетин аяктаган. СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тышкы чалгындоо кызматынын офицери катары 16 жыл кызмат өтөгөн, анын ичинен 6 жылын Дрезден шаарында иштеген. Ленинградга кайтып келгенден кийин ЛМУнун ректорунун жардамчысы, андан соң Ленинград шаардык кеңешинин төрагасы Анатолий Собчактын кеңешчиси болуп иштеген. 1991-жылы Мамлекеттик коопсуздук комитетинен кеткенден кийин Санкт-Петербург шаарынын мэриясында иштеген. 1996-жылы Собчак губернатордук шайлоодо жеңилгенден кийин Москвага көчүп барып, Орусия Федерациясы Президентинин иш башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп дайындалган. 1997-жылы экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси жана Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматтарында иштеген, 1999-жылдын августунда өкмөт башчысынын кызматына дайындалган.
1999-жылдын 31-декабрында Борис Ельцин отставкага кетип, Путинди өз мураскери деп атаган соң, ал президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2000-жылдын март айында биринчи жолу президент болуп шайланып, 2004-жылы жаңы мөөнөткө президент болуп кайрадан шайланган. 2012-жылы Путин Владимир Владимирович дагы бир жолу кийинки мөөнөткө президент болуп шайланган. 2012-жылы өткөн шайлоонун алдында президенттик кызматтын мөөнөтү 4 жылдан 6 жылга чейин узартылган. 2018-жылы дагы бир мөөнөткө кайрадан президент болуп шайланган. Орусия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, 2024-жылы дагы бир жолу кезектеги шайлоодон жеңип чыгып, кайрадан президент болуп шайланган.
Владимир Путиндин биринчи президенттик мөөнөтү учурунда, реформалар жана мунай менен газга болгон баанын беш эсе жогорулашынын негизинде, Орусиянын экономикасы жылына орточо 7%га өскөн[4][5][6] жана Орусия Экинчи Чечен согушунда жеңишке жеткен. Дмитрий Медведев президент болуп турганда, Путин премьер-министр катары Грузия менен болгон согушту жана армия менен полиция реформаларын жетектеген. 2014-жылы Путиндин башкаруусунда Орусия Украинага каршы согуш баштап, Украинага таандык Крымды басып алып жана аннексиялаган[7][8], андан кийин Орусия жарандары жана аскерлери Донбасстагы согушка катышкан[9][10]. 2015-жылы Орусия Сириядагы аскердик куралдуу операцияны баштаган[11][12].
2022-жылдын 24-февралында Путин согуштун жүрүшүн күчөтүп, Орусиянын Украинага карай толук масштабдуу басып кирүүсүн баштаган. Путиндин бул аракеттери эл аралык деңгээлде кескин айыптоолорго дуушар болгон. Бир катар мамлекеттер Орусияга жана жеке Путинге карата ар тараптуу санкцияларды киргизишкен. 2022-жылдын күзүндө Орусия мобилизацияны баштаган жана басып алынган Украина аймактарын аннексия кылган. 2023-жылдын 17-мартында Гаагадагы эл аралык кылмыш иштери боюнча соту Владимир Путинге Украинага кол салуу учурунда украин балдарын мыйзамсыз депортация кылган деген шек менен камакка алуу ордерин чыгарган[13].
Путиндин башкаруусу борбордук жана президенттик бийликтин күчтөнүшү менен мүнөздөлөт. Анын жетекчилиги алдында Орусия демократиядан авторитаризмге жана диктатурага өттү. Эксперттер жана адам укуктарын коргоо уюмдары учурдагы орусиялык режимди коррупция, маалымат каражаттарынын үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдүн күчөшү жана басма сөз эркиндигинин чектелиши, адам укуктарынын бузулушу, саясий каршылаштарды куугунтуктоо, камакка алуу жана өлтүрүү, ошондой эле эркин жана адилет шайлоолордун жоктугу үчүн сындап келишет[14][15][16].
Балалык жана жаштык чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1952-жылдын 7-октябрында Ленинград шаарындагы Маяковский көчөсүндөгү В.Ф. Снегирёв атындагы төрөт үйүндө төрөлгөн. Спасо-Преображенский чиркөөсүндө чокунтулган. Калк каттоодогу маалыттарга ылайык, улуту — орус.
Атасы — Владимир Спиридонович Путин 1911-жылдын 23-февралында Тверь губерниясынын Тверь уездинин Поминово айылында төрөлгөн[17], 1999-жылдын 2-августунда каза болгон. 1933–1934-жылдары суу астында жүрүүчү кайыктар флотунда кызмат өтөгөн[18]. Ленинград облусунун Петергоф райондук аскер комиссариаты тарабынан аскерге чакырылган жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1941-жылдын июнунан тартып Кызыл Армиянын 86-аткычтар дивизиясынын 330-полкунун котрдагы жоокери болгон. «Невский пятачокту» коргоо салгылашуусунда, 1941-жылдын 17-ноябрында сол бутунун тизе жана таман бөлүктөрүнөн катуу жарадар болгон[19]. «Аскердик эмгеги үчүн», «Ленинградды коргогону үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган. 1941-жылдан бери СССРдин коммунистик партиясынын мүчөсү болгон. Согуштан кийин Ленинграддагы И.Е. Егоров атындагы вагон куруу заводунда иштеген (бул ишкана 1990–2013-жылдары «Вагонмаш» ЖАК деп аталган). 1985-жылы I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени менен сыйланган.
Энеси — Путина Мария Ивановна (туулгандагы фамилиясы Шеломова) Тверь уездинин Заречье айылында 1911-жылдын 17-октябрында туулган, 1998-жылдын 6-июлунда каза болгон. Ушул эле айылдан Путин Владимир Спиридонович менен таанышкан[17]. Заводдо иштеген жана Ленинград блокадасын башынан өткөргөн. Балтика флотунун штабы тарабынан «Ленинградды коргогону үчүн» медалы менен сыйланган[20].
- Атасы — Путин Владимир Спиридонович
- Энеси — Путина Мария Ивановна (туулгандагы фамилиясы Шеломова)
- Владимир Путин энеси менен. 1958-жылдын июль айы
Владимир үй-бүлөдөгү үчүнчү бала болгон. Анын эки агасы — Альберт (Улуу Ата Мекендик согушка чейин каза болуп калган) жана Виктор (1940–1942)[21].
1960–1965-жылдары №193 сегиз жылдык мектепте окуган. Андан соң Технология институтунун алдында химия багытында атайын орто билим берген №281 мектепке таштырып, аны 1970-жылы аяктаган. Мектепти бүтүргөндөн кийин, 17 жаштагы Владимир СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ленинград шаары жана Ленинград облусу боюнча башкармалыгына барып, кызматка кирүү ниетин билдирген. Бирок коопсуздук комитети ага гуманитардык багыттагы жогорку билим алып келүүнү сунуштаган.
1964-жылдан тартып «Труд» ыктыярдуу спорт коомунун «Турбостроитель» спорт клубунда дзюдо менен машыккан. Анын машыктыруучулары Анатолий Рахлин жана Леонид Усвяцов болушкан[22]. Ленинграддык башка спортчулар менен чогуу «Ленфильм» студиясынын фильмдеринде каскадёр катары катышкан. Анын катышуусу менен тартылган тасмалардын арасында «Ижорский батальон» аттуу аскердик драма жана «Блокада» эпопеясы[23].
1970–1975-жылдары Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин эл аралык бөлүмүндө окуган. Университетте окуп жүргөн мезгилинде СССРдин Коммуничтик партисына мүчө болуп кирген. Студент учурунда биринчи жолу ошол кездеги ЛГУнун доценти Анатолий Собчак менен таанышкан. Дипломдук ишинин темасы — «Эң жайлуу улуттун принциби». Илимий жетекчиси — эл аралык укук кафедрасынын профессору Галенская Людмила Никифоровна болгон.
Мамлекеттик коопсуздук комитетинде кызмат өтөшү жана мамлекеттик кызматтагы эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетиндеги кызматы (1975—1991)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1975-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин, мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу Мамлекеттик коопсуздук комитетине жумушка жиберилген[24]. Ошол эле жылы Охтадагы («401-мектеп») оперкурамды даярдоо курсунан өтүп, СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аймактык органдарынын тутумунда юстициянын улук лейтенанты даражасында, жаш офицер катары аттестациядан өткөн[25]. 1976-жылы Путин Петропавловск чебиндеги Царёв бастионуна Олег Волков жана Юлий Рыбаков жазып кеткен «Силер эркиндикти таепселеп жатасыңар, бирок адамдын жан дүйнөсүн кишендөө мүмкүн эмес» (орус. «Вы распинаете свободу, но душа человека не знает оков!») деген жазуу боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүгө катышкан[26]. 1977-жылдан кийин Ленинград жана Ленинград облусу боюнча СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө каршы чалгындоо багыты боюнча иштеген.
Коопсуздук комитетинин оперкурамы үчүн кайра даярдоо курстарын Ленинградда (1976) жана Москвадагы Ф. Э. Дзержинский атындагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебинде (1979) бүтүргөн[24].
1985–1990-жылдары Путин ГДРде (Германия Демократиялык Республикасы) Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тышкы чалгындоо кызматында иштеген[25]. Анын жетекчиси — СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин ГДРдеги мамлекеттик коопсуздук министрлигиндеги өкүлү, советтик чалгындоо тобунун башчысы, полковник Лазарь Матвеев болгон. Путин менен бирге Дрезденде иштеген кесиптештеринин арасында Сергей Чемезов жана Николай Токаревдер да болушкан[27]. Майор Путин ГДРдин мамлекеттик коопсуздук министрлигин Дрезден округдук башкармалыгынын башчысы генерал-майор Хорст Бём менен үзгүлтүксүз кызматтык байланышта болгон. 1987-жылдын 7-октябрында Бём Путиндин 35 жаш курагы менен куттуктап открытка жөнөткөн[28].
Германиядагы иш сапары маалында кызмат өтөө мөөнөтүнө байланыштуу Путин полковник наамын алып, бөлүм башчысынын улук жардамчысы кызматына дайындалган. 1990-жылдын январында ГДРдеги иш сапары аяктап, Ленинградга кайтып келген.
1989-жылы ГДРдин Улуттук элдик армиясынын «Эмгеги үчүн» коло медалы менен сыйланган.
1991-жылдын 20-августунда Ленинграддын мэри Собчак Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитетинин көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тарткан учурда, ошол мезгилде Собчак менен бир жылдан ашуун иштешип калган Путин Мамлекеттик коопсуздук комитетинен өз каалоосу менен кетүү тууралуу рапорт жазган, кызматтан кетүү боюча рапорту кабыл алынган[29].
Санкт-Петербургдагы ишмердүүлүгү (1990-1996)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1990-жылдын жаз айларынан тартып Путиндин негизги расмий жумуш орду Ленинград мамлекеттик университети болуп калган. Ал жерде эл аралык маселелер боюнча ректор Станислав Меркурьевдин жардамчысы болгон. Кийинчерээк Меркурьев Путинди жоопкерчиликтүү кызматкер катары Собчакка сунуштаган[25].
1990-жылдын май айында, Собчак Ленинград шаардык эл депутаттары кеңешинин төрагалыгына шайлангандан кийин, Путин анын кеңешчиси болгон.
1991-жылдын 28-июнунда Собчак мэр болуп шайлангандан кийин, Путин мэриянын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган, ал эми 15-июлдан тартып бул комитеттин төрагасы болгон[25]. Тышкы байланыштар комитетинен тышкары, Путин мэриянын оперативдик маселелер боюнча комиссиясын да жетектеген[25].
1992-жылы Ленсоветтин депутаты Марина Салье жана Юрий Гладков жетектеген депутаттык жумушчу топ (ошол кезде «Салье комиссиясы» деп аталган) Путинге карата Санкт-Петербургга азык-түлүк жеткирүү программасынын алкагында сырьё менен алмашуудагы мыйзам бузуулар боюнча айыптоолорду койгон[30][31][32]. Кийинчерээк, президенттик милдеттерди аткарып жаткан кезде, Путин азык-түлүк толук көлөмдө жеткирилбегенин мойнуна алган, бирок «кылмыш ишин козгоого негиз жок болчу» деп билдирген. Анын айтымында, Салье комиссиясы чыныгы иликтөө жүргүзгөн эмес[33]. Путиндин пикиринде, бул чыр-чатактын жардамы менен Ленсоветтин айрым депутаттары Собчакка басым көрсөтүп, аны кызматтан кетирүүгө аракет кылышкан[33].
1993-жылдан тартып, Собчак чет өлкөгө чыкканда, өзүнүн ордуна Путинди убактылуу калтырып турган[25].
1994-жылдын мартында Путин Санкт-Петербург өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган жана тышкы байланыштар комитетинин төрагасы кызматын дагы сактап калган[25]. Бул кызматта Путин мэриянын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары (ИИБ, Коргоо министрлиги, ФКК, прокуратура, соттор, бажы комитети), ошондой эле саясий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттерин координациялаган. Анын карамагында каттоо палатасы, ошондой эле мэриянын адилет, коомчулук менен байланыш, администрациялык органдар жана мейманканалар башкармалыктары болгон.
1995-жылы Путин «Наш дом — Россия» партиясынын аймактык бөлүмүн жетектеген.
1992–1996-жылдары Путин «реформалык көз караштагы саясий активисттердин» бири катары АКШнын Эл аралык демократиялык улуттук институтунун (англ. National Democratic Institute for International Affairs, NDI) программасынын алкагында тренингден өткөн[34].
1996-жылдын жай айларында Собчак шайлоодо жеңилип, мэрлик кызматтан кеткенден кийин, Путиндин мэриядагы ишмердүүлүгү да аяктаган.
Кийинчерээк Путин менен Санкт-Петербург мэриясында чогуу иштеген көптөгөн адамдар (И. И. Сечин, Д. А. Медведев, В. А. Зубков, А. Л. Кудрин, А. Б. Миллер, Г. О. Греф, Д. Н. Козак, В. П. Иванов, С. Е. Нарышкин, В. Л. Мутко ж.б.) 2000-жылдары Орусия өкмөтүндө, президенттик администрацияда жана мамлекеттик компаниялардын жетекчилигиндеги жогорку кызматтарга Путин тарабынан дайындалган[35][36].
Москвадагы ишмердүүлүгү (1999-1999)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1996-жылдын августунда Собчак шайлоодо утулгандан кийин, Путиндин өзүнүн эскерүүлөрүнө таянсак, ал 1991-жылдын августундагы окуялар кезинде эле такси айдап күн көрүүнү ойлогон. Петербургдун мурдагы вице-мэри контр-адмирал Вячеслав Щербаковдун айтымында, Путинди Владимир Яковлевдин жаңы администрациясына ишке чакырышкан, бирок Игорь Сечиндин билдирүүсүнө ылайык, Путин бул сунушту «саткынчылык» деп атап, баш тарткан[37][38].
Көп өтпөй Путин Москвага чакырылып, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Павел Бородиндин орун басары кызматын аркалай баштаган. Ал бул кызматта юридикалык башкармалыкты жана Орусиянын чет элдик мүлкүн башкаруу ишин көзөмөлдөгөн[1]. Жазуучу Рой Медведевдин пикири боюнча, Бородин Путиндин эл аралык байланыштардагы тажрыйбасын эске алып, аны кызматка тарткан[39].
1997-жылдын 26-мартында Путин Орусия Федерациясы президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары — Орусия Федерациясы президентинин Башкы контролдоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган, бул кызматта ал Алексей Кудриндин ордуна келген[1]. Бул кызматка аны ошол учурда администрацияны жетектеген Валентин Юмашев чакырган. Юмашевдин айтымында, Путинди администрацияга алууну ага Анатолий Чубайс «Петербургда иштешкен күчтүү кандидат» деп сунуш кылган[40].
Путиндин айтымында, Башкы контролдоо башкармалыгы тарабынан коргонуу заказдарын аткаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары 1997-жылдын май айында Орусиянын коргоо министри Игорь Родионовдун кызматтан кетишине себеп болгон[41].
Диссертацияны коргоо (1997)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1997-жылы Путин экономика илимдердин кандидаты даражасын алуу үчүн «Базар мамилелеринин калыптаныш шарттарында аймактын минералдык-сырьё базасын калыбына келтирүүнүн стратегиялык пландаштырылышы (Санкт-Петербург жана Ленинград облусу мисалында)» деген темада диссертациясын коргогон[42][43]. Диссертация Санкт-Петербург мамлекеттик тоо-кен институтунда корголгон[44]. Анын илимий жетекчиси — минералдык ресурстар экономикасы боюнча адис, экономика илимдеринин доктору, профессор Владимир Федосеев болгон.
2005-жылы Вашингтондогу Брукингс институтунун кызматкерлери Клиффорд Гэдди жана Игорь Данченко Путинди 1978-жылы жарык көргөн Уильям Кинг жана Дэвид Клиланддын «Стратегиялык пландаштыруу жана саясат» аттуу макаласынан үзүндүлөрдү көчүрүп алуу же жеңил өзгөртүп берүү менен плагиатка барган деп айыпташкан[45][46].
2018-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик тоо-кен университетинин ректору Владимир Литвиненконун кызы Ольга Литвиненко Путиндин диссертациясын атасы жазып бергенин билдирген[47][48].
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1983-жылдын 28-июлунда Путин 25 жаштагы Шкребнева Людмила Александровнага үйлөнгөн[1].
2013-жылдын 6-июнунда «Россия-24» телеканалына берген маегинде Владимир менен Людмила Путиндер өз ара макулдашуу менен ажырашарын билдиришкен[49]. Путиндин айтымында, алардын чиркөөдө никеси болгон эмес, ошондуктан диний жагынан ажырашуу маселеси коюлбай турганын белгилеген. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун маалыматына ылайык, 2014-жылдын март айына карата ажырашуу расмий түрдө катталган[50]. Кийин Людмила Путина Артур Очеретныйга турмушка чыккан[51].
Балдары жана неберелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Туугандары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Путинге туугандык байланыштары бар деген адамдар тууралуу маалыматтар кээ бир басма сөз кызматтарында жарыяланган:
- Чоң атасы — Путин Спиридон Иванович (1879—1965).
- Тууганы — Путин Игорь Александрович (1953-жылдын 30-мартында Ленинградда туулган), кесиби боюнча инженер жана юрист, 24 жыл Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, андан кийин мамлекеттик кызматта эмгектенген, 2013-жылы «Мастер-банк» компаниясынын вице-президенти жана башкармалыктын мүчөсү болгон[52][53].
- Тууганы — Путин Евгений Михайлович (1933-жылдын 25-февралы — 2024-жылдын март, Суздаль), кесиби боюнча уролог[54][55][56].
- Тууганы — Путин Роман Игоревич (1977-жылы туулган), «МРТ Групп Компани» ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы, «МРТ-АВИА» компаниясынын ээси[57]. 2020-жылдын июль айынан ноябрга чейин «Народ против коррупции» партиясынын төрагасы, декабрда «Россия без коррупции» партиясын негиздеп, анын лидери болгон. 2021-жылы Санкт-Петербургдагы 214-шайлоо округунда парламенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлгөн, бирок белгисиз бир кадыр-барктуу адамдын кеңеши менен талапкерлигин алып салган[58][59]. 2013-жылга чейин Сейшел аралдарында катталган Infinite Capital Corp оффшорунун ээси болгон[60].
- Тууганы — Михаил Шеломов. 2000-жылдан 2017-жылга чейин Петербургдагы «Совкомфлот» компаниясынын башкы адиси болгон. Туунду компаниялар аркылуу «Россия» банкынын 8,4%, «Согаз» компаниясынын 12,47% акцияларына ээ, «СОГАЗ-недвижимость» компаниясынын 100% ээси (2009-жылдан бери), «Игора драйв» компаниясынын 50% ээси. 2017-жылдын сентябрында жарыяланган OCCRP «Путин жана ортомчулар» иликтөөсүнө ылайык[61], Михаил Шеломов президенттин 21 кишиден турган жакын чөйрөсүнө кирет жана акыркы жылдары 573 млн долларлык активдерди сатып алган, ал эми 2016-жылы таза кирешеси 2,04 млрд рублга жеткен (күнүнө 5,5 млн рублден ашык)[62][63].
- Тууганы — Анна Евгеньевна Цивилёва («Агентство» журналынын иликтөөсү боюнча). Кемерово облусунун губернатору Сергей Цивилёвдун жубайы. 2012-жылдын мартынан Геннадий Тимченкодон символикалык баада «Колмар» көмүр компаниясын сатып алган[64]. Андан бери компания мамлекеттик каржылык жардам катары 11 млрд рублдан ашык акча алган, компаниянын баасы 2,5 млрд долларга бааланат жана 2022-жылга коюлган пландын аткарылышы менен Орусиядагы эң ири 5 көмүр казып алуучу компаниянын катарына кириши мүмкүн. Күйөөсү тарабынан «Кузбасска кызмат үчүн» медалы менен сыйланган[65]. 2024-жылы Путин аны Орусиянын коргоо министринин орун басары — статс-секретарь кызматына чейин жогорулаткан[66].
- Тууганы — Михаил Путин. Кесиби боюнча дарыгер, 2018-жылы «Газпром» компаниясынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Дмитрий Песков бул адам Путинге «алыс тууган» экенин тактап, президент менен «жакын мамиледе эмес» деп белгилеген[65].
- Тууганы — Вера Подгузова (23 жашка чейин фамилиясы Соколова, 2007-жылдан кийин фамилиясы — Путина). Санкт-Петербургдагы «Единая Россия» партиясынын журналынын редактору, «Единая Россия» партиясынын кадрдык резервинин мүчөсү, Санкт-Петербургдагы Борбордук районунун муниципалдык депутаты. 2010-жылдын сентябрынан «Ганзакомбанктын» директорлор кеңешинин мүчөсү, 2015-жылдан тартып «Россия экспорт борбору» мамлекеттик мекемесинде тышкы байланыштар жана коммуникациялар боюнча башкаруучу директор, 2020-жылдан бери мамлекеттик «Промсвязьбанкта» башкы вице-президент. Жолдошу Дмитрий Подгузов — ОФ темир жол ооруканасында административдик-чарбалык иштер боюнча директордун орун басары[67].
Экинчи, расмий эмес үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айрым маалымат каражаттарында Владимир Путиндин жеке жашоосу тууралуу түрдүү маалыматтар жарыяланган. «Proekt Media» басылмасынын иликтөөсүнө ылайык, Путин студент Светлана Кривоногих менен жакын мамиледе болгон деген айыптоолор айтылып, алардын ортосунда 2003-жылы Елизавета Владимировна аттуу кызы төрөлгөнү тууралуу кабарланган. Басылма Кривоногих кийинчерээк бир катар ири компанияларда үлүшкө ээ болуп, «Россия» банкынын (Путиндин жакын досу Юрий Ковальчук жетекчилик кылат) 2,8 % акциясына ээ болгонун белгилеген. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул айыптоолорду «ишенимсиз жана олуттуу эмес» деп атап, аларды комментарийсиз калтырган[68][69]. 2023-жылдын февралында Улуу Британия Кривоногихке «Россия» банкынын жана Улуттук Медиа Группанын акционери катары санкция киргизген[70][71].
Ошондой эле, швейцариялык Tages-Anzeiger гезити менен «Проект» басылмасынын иликтөөсүндө Алина Кабаева Путинден эки уулдуу болгону тууралуу маалыматтар жарыяланган: тун баласы 2015-жылы Швейцариядагы Sant'Anna клиникасында, экинчи баласы 2019-жылы Москвада төрөлгөнү айтылат. Путин менен Кабаеванын байланышы тууралуу алгачкы кабарлар 2008-жылы «Московский корреспондент» гезитинде чыккан, бирок көп өтпөй ал басылма жабылган[72][73][74][75]. 2022-жылы август айында АКШ Кабаевага каршы санкция киргизип, аны Путин менен «жакын мамилеси бар» инсандардын бири катары атаган[76].
Кирешелери жөнүндө маалыматтар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2008-жылдын февралында Путин өзүнүн материалдык абалы жана байлыгынын булагы тууралуу суроого жооп берип жатып, «Европада гана эмес, дүйнөдө эң бай адаммын» деп айткан, бирок анын байлыгы материалдык эмес экенин белгилеп: «Мен эмоцияларды топтогондуктан баймын», ошондой эле «Орусия эли мага ушундай улуу өлкөнү башкарууну эки жолу ишенип тапшырды» деген. Путин көп миллиарддык байлыгы тууралуу дооматтарды «талкуулоого арзыбаган куру сөз, баарын мурдунан чукуп алып, кагаздарына жаза коюшкан» деп атаган[77].
Путиндин 2018-жылы жарыяланган расмий кирешеси 8,6 миллион рублд түзгөн. Декларацияга ылайык, анын менчигинде 77м² батир жана 18м² гаражы, мындан тышкары 153,7м² батирди пайдалануу укугу бар экени белгиленген. Путин мурункудай эле эки ГАЗ М21 унаасына, «Нива» унаасына жана «Скиф» прицепине ээлик кылгары дагы жарыяланган[78]. Президенттин 2019-жылдагы декларация боюнча расмий кирешеси 9,7 миллион рубль болуп, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк курамы 2018-жылдагыдан өзгөргөн эмес[79].
2016-жылы АКШнын каржы министрлигинин терроризм менен күрөшүү жана каржылык чалгындоо боюнча орун басары Адам Шубин Путинди коррупцияга айыптап, анын жылдык 110 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү расмий айлыгы Орусия президентинин чыныгы байлыгын чагылдырбай турганын белгилеген[80]. 25-январда BBC көрсөтүлгөн «Путиндин жашыруун байлыктары» даректүү тасмасында Шубин «Путин өзүнүн чыныгы бай абалын жашырууда чоң тажрыйбага ээ» деген пикирин билдирген[81].
Ден соолугунун абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Путин дени сак жашоо образын карманат, тамеки тартпайт жана айланасындагыларга да тамекини тарттырбайт[82], бирок дарыгери Сергей Мироновдун айтымында, дары-дармек колдонууга скептикалык көз карашта[83]. Керектүү учурларда дарылануусу Борбордук клиникалык ооруканадан өтөт[84].
2012-жылдын 27-ноябрында Беларустун президенти Лукашенко Александр Путиндин белинен жаракат алганын тастыктаган[85].
2022-жылы «Проект» басылмасы иликтөө жарыялап, мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматтарга таянып, Путин Сочиде жүргөн учурда аны ар дайым дарыгерлердин тобу коштоп жүргөн деген жыйынтык чыгарган. Дарыгерлердин тобун «Лаура» тоо лыжа курортундагы «Гранд Отель Поляна» жана «Поляна 1389 Отель и Спа» мейманканаларына же «Русь» резиденциясына жана «Сочи» санаторийине жакын жайгаштырылган. 2016–2017-жылдары Сочиде Путинди орто эсеп менен беш дарыгер коштосо, 2019-жылга карата алардын саны тогузга жеткен. Эң көп жолу жанында жүргөндөр — оториноларингологдор Алексей Щеглов жана Игорь Есаков, ошондой эле хирург Евгений Селиванов. Дарыгерлердин жайгашуу жана чыгуу даталары президенттин Сочидеги расмий сапарларына же анын коомчулукта түшүндүрмөсүз жоголуп кетүү учурларына туура келген[86].
Пандемия учурунда Путиндин ден соолугун коргоо үчүн кеңири система түзүлгөн. Ага жолугушууга кирүү үчүн көптөгөн анализдерден өтүү зарыл болгон. BBC менен сүйлөшкөн дарыгерлер бул чараларды ашыкча деп аташкан[87]. 2021-жылдын 13-сентябрында Путин айланасындагы адамдарын көптөрү коронавируска чалдыгып калганын айтып, өзүн изоляцияга алуу зарылдыгын билдирген. Андан кийин ал адамдар менен өтө чоң үстөлдө, бири-биринен абдан алыс аралыкта отуруп гана жолугушуларды өткөргөн[88].
АКШнын чылгын кызматынын үч өкүлүнүн маалыматына ылайык, Newsweek журналында жарыяланган кабарга таянсак, 2022-жылдын апрелинде Путин рак оорусунан дарылануу курсунан өткөн. Чалгын өкүлдөрү Путиндин чет өлкөлүк лидерлер менен жолугушпаганы анын ден соолугун баалоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын жана изоляция анын саламаттыгына байланышкан божомолдорду күчөткөнүн белгилешкен[89].
2022-жылдын 20-июлунда БЧА директору Уильям Бёрнс Владимир Путиндин психикалык абалы туруксуз же ден соолугу начар деген маалымат жок экенин айткан. BBC болсо орус президентинин ден соолугуна байланыштуу маалыматтарды «далилденбеген ушак» деп мүнөздөгөн[90].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Путин В. В. Стратегическое планирование воспроизводства минерально-сырьевой базы региона в условиях формирования рыночных отношений (Санкт-Петербург и Ленинградская область): диссертация канд. экон. наук. — Санкт-Петербург, 1997. — 218 с.
- Путин В. В. Избранные речи и выступления. — М.: Книжный мир, 2008. — 471 с.
- Путин В. В. Прямая речь. — М.: Звонница-МГ, Новый ключ, 2016. — Т. 1—3. — 1000 экз.
- Путин В. В. Россия на рубеже тысячелетий. Независимая газета. — 1999. — 30 декабря.
- Владимир Путин Почему трудно уволить человека. Русский пионер. — 2009. — 16 июня.
- Путин В. В. Россия сосредотачивается — вызовы, на которые мы должны ответить. Известия. — 2012. — 16 января.
- Путин В. В. Россия: национальный вопрос. Независимая газета. — 2012. — 23 января.
- Путин В. В. О наших экономических задачах. Ведомости. — 2012. — 30 января. — № 15(3029)
- Путин В. В. Демократия и качество государства. Коммерсантъ. — 2012. — 6 февраля. — № 20/П (4805)
- Путин В. В. Строительство справедливости. Социальная политика для России. Комсомольская правда. — 2012. — 13 февраля.
- Путин В. В. Быть сильными: гарантии национальной безопасности для России. Российская газета. — 2012. — 20 февраля. — № 35(5708)
- Putin V. A Plea for Caution From Russia. The New York Times. — 2013. — September 11.
- Wladimir Putin Offen sein, trotz der Vergangenheit. ZEIT ONLINE. 22. Juni 2021
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 4 Владимир Путин. Биография
- ↑ The Washington Post. Vladimir Putin says he’ll run for reelection. Nobody is surprised.
- ↑ BBC. Vladimir Putin: From Russia's KGB to a long presidency defined by war in Ukraine
- ↑ Judah Ben - Fragile Empire: How Russia Fell in and Out of Love With Vladimir Putin
- ↑ Richard Sakwa. Putin: Russia's Choice
- ↑ The New York Times. Pessimistic Outlook in Russia Slows Investment, and the Economy
- ↑ Новая-Европа. Россия 10 лет назад провела «референдум» в Крыму и аннексировала полуостров
- ↑ Азаттык. 11 лет аннексии Крыма: история захвата и сопротивления
- ↑ ИноСМИ. Путин признал отправку россиян на войну в Донбассе, пожелал мира
- ↑ Meduza. Путин рассказал об участии россиян в войне на Украине
- ↑ Интерфакс. Госдума ратифицировала соглашение о размещении в Сирии авиагруппировки РФ
- ↑ Соглашение между Российской Федерацией и Сирийской Арабской Республикой о размещении авиационной группы Вооружённых Сил Российской Федерации на территории Сирийской Арабской Республики от 26 августа 2015 года
- ↑ BBC. Международный суд в Гааге выдал ордер на арест Владимира Путина
- ↑ Graeme Gill. Building an Authoritarian Polity. Russia in Post-Soviet Times. University of Sydney. ISBN: 9781107562424
- ↑ Timothy Frye. Weak Strongman: The Limits of Power in Putin's Russia
- ↑ Oxford Reference. Vladimir Putin
- 1 2 Московский Комсомолец. В КОРНЯХ У ПРЕЗИДЕНТА
- ↑ Геворкян Н. П., Тимакова Н. А., Колесников А. И. От первого лица. Разговоры с Владимиром Путиным
- ↑ Память народа. Документ о награде Путин Владимир Спиридонович, Медаль «За боевые заслуги»
- ↑ Национальная Энциклопедическая Служба. Путина Мария Ивановна. Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2025. Түп булактан архивделген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2022.
- ↑ Медведев Р. А. Владимир Путин. — М.: Молодая гвардия, 2007. — 685 с. — (Жизнь замечательных людей). — ISBN 978-5-235-03059-6.
- ↑ Профессор Д. Момот о В.В. Путине и их тренере Усвяцове Л.И
- ↑ Газета.ru. Путин в кино: почему не сложилась карьера актера
- 1 2 ТАСС. Биография Владимира Путина
- 1 2 3 4 5 6 7 Российская газета. Биография Владимира Путина
- ↑ Meduza. В 1976 году на Петропавловской крепости оставили 42-метровую надпись «Вы распинаете свободу, но душа человека не знает оков!» В расследовании дела участвовал лейтенант КГБ Путин
- ↑ Ведомости. Николай Токарев: путь от КГБ до «Транснефти»
- ↑ Welt. Die Stasi sandte Putin „brüderliche Kampfesgrüße“
- ↑ Росбизнесконсалтинг. Путин и Золотов рассказали о своем участии в событиях августа 1991 года
- ↑ Журналист, расследовавший «доклад Салье»: документальные доказательства махинаций Путина существуют
- ↑ Радио Свобода. Как Собчак и Путин ходили на ковер
- ↑ Радио Свобода. Почему Марина Салье молчала о Путине 10 лет?
- 1 2 Н.Геворкян, Н.Тимакова, А.Колесников. От первого лица. Разговоры с Владимиром Путиным
- ↑ Домрин Александр. Грустная история американской помощи Москве
- ↑ Le Monde. Путин и «питерские»
- ↑ Коммерсантъ Власть. Тридцать три путинских богатыря
- ↑ The Insider. 5 фейков из второй части фильма Андрея Кондрашова «Путин»
- ↑ Радио Свобода. Как Владимир Путин стал тем, кем он стал после поражения Анатолия Собчака на губернаторских выборах 15 лет назад
- ↑ Унгвицкий В.Н. ПОЛИТИЧЕСКАЯ МЕМУАРИСТИКА 90-Х ГОДОВ ХХ ВЕКА
- ↑ Коммерсантъ. Юмашев рассказал, как Путин получил работу в Кремле
- ↑ Коммерсантъ. ГКУ объявляет войну коррупции. Контрольное управление президента начинает чистки
- ↑ Титульник диссертации Путина
- ↑ Каталог записей - Search RSL
- ↑ Вартанов М. Путина не смогли завалить «чёрные рецензенты»
- ↑ Коммерсантъ. Президент в кандидаты
- ↑ Клиффорд Гэдди: Поиск плагиата: Кандидатская диссертация президента России Владимира Путина.
- ↑ Радио Свобода. "Пусть сам Путин скажет, что это не плагиат": Литвиненко отвечает Пескову
- ↑ Радио Свобода. Ксерокс на даче: тайна фальшивой диссертации Владимира Путина
- ↑ РИА. Владимир Путин и Людмила Путина объявили, что их брак завершен
- ↑ Песков официально подтвердил развод Путина
- ↑ Людмила Путина вышла замуж
- ↑ Газера.ру. У Мастер-банка поехала крыша
- ↑ РИА. Игорь Александрович Путин. Биографическая справка
- ↑ Московский комсомолец. В Суздале скончался Евгений Путин, когда-то работавший врачом в Иванове
- ↑ IvanovoNews. Умер Евгений Путин
- ↑ Лента. Умер двоюродный брат Путина
- ↑ Коммерчантъ. Силовики нагуляют автожир
- ↑ РБК. Племянник Путина снялся с выборов после встречи с «уважаемым человеком»
- ↑ РБК. Племянник Путина решил пойти на выборы в Госдуму
- ↑ Радио Свобода. Опубликовано расследование об активах ближайшего окружения Путина
- ↑ BBC. Друзья Путина с 24 млрд долларов: главное в расследовании OCCRP
- ↑ BBC. У родственника Путина нашли миллионы. Что о нем известно?
- ↑ Новая газета. Обереги. У кого ищут защиты Ротенберги и Ковальчуки?
- ↑ Meduza. Капитан третьего ранга, партнер друзей Путина Губернатором Кузбасса стал Сергей Цивилев. Кто он такой?
- 1 2 Радио Свобода. Правительство потратило на поддержку компании племянницы Путина больше ₽11 млрд
- ↑ Sibnet. Путин назначил племянницу статс‑секретарем Минобороны
- ↑ The Moscow Times. Племянница Путина оказалась топ-менеджером военного банка. Текшерилген күнү 10 -сентябрь (аяк оона) 2025. Түп булактан архивделген күнү 11 -август (баш оона) 2023.
- ↑ Meduza. «Проект»: близкая подруга Владимира Путина благодаря знакомству с ним получила долю в банке «Россия»
- ↑ Радио Свобода. Президент и его Золушки
- ↑ The Insider. Великобритания ввела санкции против Светланы Кривоногих — бывшей любовницы Путина и акционера банка «Россия»
- ↑ Gov.uk. New sanctions target Putin’s war machine and financial networks as UK accelerates economic pressure on Russia
- ↑ Mondo. I lussi di Putin
- ↑ Spiegel. Putins Sohn wurde angeblich im Tessin geboren
- ↑ Tamedia. Putins Sohn wurde im Tessin geboren
- ↑ Проект. Железные маски. Царская жизнь Алины Кабаевой
- ↑ BBC. США вслед за Британией и ЕС ввели санкции против Кабаевой из-за ее отношений с Путиным
- ↑ Газета. Путин: я самый богатый человек в мире
- ↑ РИА. Путин и Медведев опубликовали декларации о своих доходах
- ↑ Декларатор. Путин Владимир Владимирович
- ↑ Ведомости. Песков: США официально обвинили Путина в коррупции
- ↑ РБК. Представитель Минфина США обвинил Путина в коррупции
- ↑ ТАСС. Песков рассказал, как Путин относится к курильщикам
- ↑ Врач Путина раскрыл тайну его моложавости - спорт, чай с медом, баня и массаж
- ↑ Путин отказался остановить реформу здравоохранения и поинтересовался, что нужно, "чтобы не тырили деньги"
- ↑ РБК. А.Лукашенко рассказал, что у В.Путина со спиной
- ↑ Проект. Расследование к 70-летию Владимира Путина
- ↑ BBC. Кремлевский карантин во время войны. Как охраняют здоровье Владимира Путина
- ↑ Meduza. Что происходит со здоровьем Путина? Президент очень беспокоится о своем организме. Он принимает ванны из экстракта рогов оленей и ездит в Сочи в сопровождении бригады врачей
- ↑ DW. Newsweek: Путин в апреле прошел курс лечения от рака
- ↑ BBC. Ukraine war: CIA chief says no intelligence that Putin is in bad health
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]|
Ельцин Борис Николаевич (1991—1999) · Путин Владимир Владимирович (2000—2008) · Медведев Дмитрий Анатольевич (2008—2012) · Путин Владимир Владимирович (2012-жылдан тартып) |
|
| |



