Рим пактысы

Википедия дан

Рим пактысы, Лаваль-Муссолини макулдашуусу - 1935-ж. 7-январда Римде Италиянын фашистчил өкмөтүнүн башчысы Б. Муссолини менен Франциянын тышкы иштер министри П. Лаваль кол койгон макулдашуулар комплекси.

Рим Пактысы боюнча Франция Италияга Ливиянын чек арасындагы 114 миң км2 аймакты, Франц. Сомалинин бир аз жерин (800 км2) Думейра аралы менен, ошондой эле Жибути - Аддис-Абеба т. ж-нан түшүүчү акциянын 20%ин берген.

Лаваль Эфиопия жагынан Муссолининин «колу бош» экенине макул болгон. Рим Пактысы Франциянын Африкадагы ээликтерине (Туниске) Италия көз артуудан баш тартканын, Италиянын Эфиопияга агрессия жасашына Франция көмөктөш экенин билдирип, Австриянын көз карандысыздыгын сактоону ырастаган.

Рим Пактысын түзүү менен Франция герм.-итал. фашисттерди жакындаштырбоону, Италия Африкадагы жана Австриядагы өз позицияларын чыңдоону көздөгөн.

1938-ж. декабрда Италия Рим Пактысын денонсациялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.