Сары-Таш (Алай району)
Сары-Таш | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Ош облусу |
If: |
Алай району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1939 |
Бийиктиктиги |
3200 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Сары-Таш — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай р-ндагы айыл. Сары-Таш айылдык аймагынын составына кирет. Алай өрөөнүндө, Талдык ашуусуна жакын, деңиз деңгээлинен 3120-3200м бийктикте, Ош-Хорог автомобил жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 104 км, дубандын борбору Ош шаарынан 185км аралыкта. Сары-Таш тоо арасында деңиз деңгеелинен бийик жайгашкандыктан, климаттык шарты татаал, такай шамал согуп турат, жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 600мм.
Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Калкы - 2337 киши[1]. Калкынын 42,9%-и эмгек жашына чейинкилер, 50,9%-эмгек жашындагылар, 6,2%-эмгек жашынан өткөндөр. Шаарчанын негизги функциясы - унаалык кызмат көрсөтүү.
Негизги ишканалары: жол оңдоочу бөлүм жана асфальт-бетон заводу. Айыл аркылуу Ош-Хорг, Ош-Эркечтам, Ош-Дарооткоргон автомобиль жолдору өтөт. Орто мектеп, тилкелик оорукана, поликлиника жана дарыкана бар.
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, ISBN 9967-14-006-2.