Сейтек (китеп)

Википедия дан

«Сейтек» (китеп) - «Манас» эпосунун 3-бөлүгү, курама варианттын жарык көргөн 4-китеби (Фр., 1960). «Манас» үчилтигин жыйынтыктаган корутунду бөлүм. Текст эки колонка менен терилген, көлөмү 20 750 сап ыр, 265 беттен турат.

«Сейтек» жомогу «Манас» менен «Семетей» бөлүмдөрү сыяктуу бир нече варианттардан курулбастан Саякбай Каралаев уулунун вариантынын гана негизинде түзүлгөн. Түзүүчү Т. Сыдыкбеков, кириш сөзүн жазган К. Афанасиев.

Китептин аягына көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген.

«Сейтек» жомогунан китепке төмөнкү окуялар кирген: Күлчоро менен Айчүрөктүн туткунга кетиши, Сейтектин төрөлүшү жана анын балалык чагы, Кыястын өлүмү, Сейтектин Таласка келиши, Чоң энеси менен Бакайга жолугушу, Семетейдин элге кайра кошулушу, Желмогуз уулу Сарыбайдын урушу жана сөз аягы окуясы менен аяктайт. Саякбай Карала уулунун таланттуулугу аркылуу өөрчүтүлгөн жана Т. Сыдыкбеков чебердик менен кыскартып түзгөн эпостун «Сейтек» бөлүгүнүн көркөмдүк мааниси чоң, эмоционалдык таасири күчтүү. Бул таасир биринчи кезекте, эл сүйгөн оң каармандардын өтө аянычтуу шарттарда көрсөтүлүшү аркылуу жомоктун трагедиялык мүнөзгө айланышында, душмандар жеңилип, эл жыргалчылык заманга жетет деген оптимисттик жогорку идеяларга негизделгендигинде. Ошондой эле кекчил Канчоронун элге жана элдин ишенген баатыры Семетейге карата чыккынчылыгы бул бөлүмдө кеңири көрсөтүлөт. Эпостун биринчи бөлүгүндөгү негизги оң каармандар Каныкей, Бакай , экинчи бөлүгүндөгү оң каармандар Семетей, Күлчоро, Айчүрөктөр да «Сейтектин» сюжетинин өнүгүшүнө маанилүү роль ойнойт. Китеп кыргыз окурмандарына «Сейтекти» жазма түрүндө тааныштыруунун алгачкы аракети болгон.

Сейтек 1991[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Сейтек» — Саякбай Каралаевдин вариантынын «Манас» үчилтиги боюнча жарык көргөн 3-бөлүгү (Фр., 1991). Тексти эки колонка менен терилип, 32634 сап ырдан турат. Баш сөзүн А. Жайнакова жазган. Сүрөтчү Т. Курманов көркөмдөгөн. Сөздүгүн жана айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсүн Р. 3. Кыдырбаева, А. Жайнакова түзгөн. Саякбай Каралаевдин вариантынын бул китебине: Сейтектин төрөлүшү, Кыястын Сейтекке той бергени, Сейтекке ат коюлушу, Айчүрөктүн Сейтекти тарбиялашы, Карадөөнүн Сейтекти издеп, ага ата-тегин айтышы, Сейтектин Карагулду өлтүрүшү, Айчүрөк менен [[Күлчоро|Күлчоронун]] Акбала менен Каныкейди көрүшкөнү, Карадөөнүн Тайбуурул минген Семетейди көрүшү, Желмогуз уулу Сарыбайдын казат башташы, Карадөөнүн өлүшү, Желмогуз уулу Сарыбайдын окуясы, Сейтек менен Акжолтойдун перинин кыздарына үйлөнүшү, кытай каны Китенин жиберүүсү менен Чоң-Билгичтин кыргыздардын жылкысын тийиши, Кенен, Кенендин төрөлүшү сыяктуу окуялар кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4