Мазмунга өтүү

Семетейдин Кыяс менен урушу жана каза болушу

Википедия дан

Семетейдин Кыяс менен урушу жана каза болушу Тайбуурул казактардын колуна барганда Акеркечтин кеңеши боюнча он эки чылбыр катып, чидер салып, кулагына коргошун эритип куюп, төрт бутунун муунуна он эки ийне кагышып караңгы жайга багышат. Акеркеч Кыяска кат жиберип, Семетейге каршы тукурат. Семетейдин атсыз калганын уккан ал аны чабууга камынат. Кадырбай, Төлөнбай деген жөн билги адамдары тыйса болбойт. "Канчородон кат алдым. Семетейге таарынган ал мага болушат" деди. Канчоро Кыястын колун баштап келе жатканын угуп ичинен кубанып, Семетейге келип, Манастын арбагына тайына элекпиз, Түндө түшүмө кирип бизге нааразы болуп жатыптыр, арбактын каарына калгыча тайынып келели деп азгырды. Семетей анын айтканына макул болуп жөнөгөнү жатканда, Айчүрөк жаман түш көргөнүн айтып, барбагын деп жолун торойт. Кое бербей койгондо каары келген Семетей аны булдурсун менен капталга чабат. Жаны ачыган Айчүрөк аны барганыңдан келбе деп каргайт, бирок каргышы ката кетпеген ал өз жоругуна өкүнүп, каргышым кайтсын деп кара сууга түкүрсө, булак соолуйт, ташка түкүрсө таш бырын-чырын болот. Семетей токсон кысыр бээ алып, толуп жаткан төө алып Манастын күмбөзүнө барат. Каныкей Семетейге: "Өкүрүп барсаң күмбөз күңгүрөнөт, анда сени атаң колдоп алганы, эгер күңгүрөнбөсө колдобой калганы, тайынбай кайра бат кел", — дейт. Семетей өкүрүп түшсө күмбөз жооп кылбады, ал жолу болбой калганын түшүнүп, кайгыланып жатып калат. Күлчоро Манастан калган кырк кулактуу жез казанга жетелеп барган токсон бээнин этин салып, от жакса: он эки күнгө чейин бышпай туруп алат. Бул жөнүндө ал Семетейге айтат. Анда ал менден айрыла турган учуруң келгени деп казанды бөлө чабат. Ошол учурда кароолдо турган Канчоро Кыястын келе жатканын кабарлап аны мактап: "кармашкан менен күчүбүз жетпейт, а көрөкчө тартуу тартып, алдына түшүп, эки тизгин, бир чылбыр эми колго алгын деп, элди жөнгө салгын деп Таласка кан көтөрүп алалы" дейт. Күлчоро Канчоронун арам оюн ашкерелеп, наалат айтат. Семетей жоо-жарагын жайланып, Нарторуну минип, жоого каршы чыкты. Жедигер колу келип бирок Семетейге кол салбай токтоп турушат. Анткени ал аргын, кыргыз аз журтту бармактууну баткызбай, тырмактууга чектирбей, канаттууга кактырбай, каарлууга чаптырбай багып турган шер эле. Ал жедигерге жамандык кылган эмес. Чынкожо, Толтой өздөрү барып катылышып, каза болушкан. Өзү катылып өлгөн адамдын кунун кууган тууган ичинде туура эмес. Ушуну ойлошуп токтоп калган калың элди Кыяс кыстап согушка салды. Күлчоро жедигердин колуна каршы чыгып, алардын мизин кайтарды. Эл Кыяска качып барып бөөдө кыргын болгуча, Семетей менен жараш деп талап кылышты. Кыяс алардын тилин алмак болгондо бузуку Канчоро : "Эгер силер качсаңар мен кайра Семетейлерге кошулам да баарыңды кырам," — деп коркутту. "Алты күн тынбай уруш кылсаңар, Семетейдин аты баспай жөө калат, мына ошондо Кыяс барып беттешсе болот", — деди. Айласы кеткен жедигерлер Семетейге кайрадан кол салышты. Жоо менен тынбай салышкан Семетейдин астындагы аты Нартору баспай калды. Күлчоро Семетейге Суркоёнду мингизди. Ал жоого кирди. Аккелтени атса, ок атылбады. Ошондо Сырнайзасын алып Кыясты качырды, астындагы Суркоён баспай туруп алды. Күлчоро Толтойду өлтүргөндө Суркоён жедигерди көздөй качып, Семетей убара болуп узакка кубалап кармайт да ачуусу келген боюнча кулагын кесип, ногойдун оюк энин салат. Суркоён ошону кектеп жүргөн экен, ошондуктан, баспай туруп алды. Ачуусу келген Семетей Суркоёндун башын кесип алды да чабуул койгон жедигерди бучкагына теңебей, Аккаңкыны баштанып, чоң тердикти жазданып, Аколпокту жамынып жатып алды. Жалгыз калган Күлчоро Семетейге келип: "Сенин көзүң өтсө каптап кетчү жоо көп экен, эл айласы не болот" — деп зар ыйлады. Семетей абасы Бакайды ардактап өз колу менен көмбөй калганын, артында карыган энеси калганын жана башкалар айтып арман кылды да, Айчүрөк өзүн-өзү өлтүрбөсүн, боюнда үч айлык күмөн бар, ошону аман өстүрсүн, эл туш-тушка сакчы коюп камдуу жатсын, сыртка сыр чыгарба, кытай келип кыргын кылбасын деп керээз кебин айтты. Жедигер колу кайрадан камап киргенде, жардамга келген Сарыкан аларды сүрүп чыкты. Канчоро аны кантип өлтүрүүнүн жолун Кыяска үйрөттү, бирок коркок ал анын айткайын аткара албады. Сарыкан качкан жоону кубалап, жалгыз ат чубап өтчү Жаңырыктын жар кыяга кептелгенде аңдып жаткан арамза Канчоро анын маңдайындагы жалгыз көзүнө атып өлтүрдү. Күлчоро Сарыкандын сөөгүн Төрт-Күлдүн төмөн жагына жашырып, кайрадан салгылашка чыкты. Ортодо узак салгылаштар болуп, Күлчоронун өзүнө жеке беттешүүдө алы жетпеген жоо астындагы минген аты Актелкини атып өлтүрдү. Атсыз калган Күлчоро жоо менен тең ата болуп салгылаша албай шайманы ооп, жетимиш жерден жара жеп, Эчкиликтин Кара-Зоого барып корголоду. Аты жок, жөлөгөн таянычы жок калган Семетей, ажалы жакындаганын сезип, Аккаңкыны жазданып Аколпокту жамынып кыймылдабай жатып алганда Кыяс өлтүрмөк болуп бир нече жолу камынып сүрүнөн батына албайт. Канчоро катуу кыстаганда аргасыздан макул болуп, Семетейдин артынан келип сайып качат. Семетей Зулпукор менен жаскап калганда этегин эшип, астындагы аты Тооторунун томугунун жарымын жара чапты. Жат эмес, өздөн кордук көргөнүнө, белгилүү баатыр эмес, алсыз Кыястан жарадар болгонуна капа болгон Семетей: "кыдыр алла кудурет, кана алсаң жаным мына", — деп чылгый ичи өрт болуп жатып калды. Аңгыча коктудан шамал табылып, тоо-тоодон туман табылып, жер силкинип бөлүнүп, көктөн көк кашка мөндүр төгүлүп, күн бузулуп, кыш болуп, колго келген жедигер кыңшылаган кыз болуп, караса көзгө илинбей, бу дүнүйө караңгы, кайсы экени билинбей, артык мүшкүл болду. Күндү мына ушундай жайлаган Айчүрөктүн сиңдиси Көкмончок бир жанга көрсөтпөй — Семетейди кайып кылып алып кетти, аны менен бирге жаралуу жатканында ит-кушту жолотпой кайтарып турган Акшумкар менен Кумайыкты да кошо ала кетти. Семетейди издеп Күлчоро анын жаткан жеринен, ал аманат таштап кеткен Бозкисени таап, абасын өз колу менен кастарлап көмбөй, анын кайда кеткенин дайнын билбей калганына өкүнүп арман кылды. Канчоро, Кыяс баш болгон жедигерлер Семетейдин казынасын талады, аны кайтарган Бөлөкбайды кырк калчасы менен каршылык кылгандыгы үчүн өлтүрүштү. Олжого тунган жедигерлерди Канчоро: "Күлчорону таап жок кылбасаңар өч алмайын тынбайт, издегиле" — деп буюрду. Жаралуу болуп алы кеткен, мылтыгында ок-дарысы жок Күлчоро Кара-Үңкүрдө корголоп жаткан эле, ага Канчоро жедигерлерди ээрчитип келди. Мылтык атып, жаа тартып каптаган жедигердин колуна Күлчоро жаралуу болсо да бой бербей жакын келгенин кылычтап, алысыраактарын найзалап турду. Айласы кеткен Кыяс: "Күлчоронун сырын жакшы билесиң, өзүң кармап бербесең болбойт" — деп Канчорого кайрылды. Ал жаралуу абалы менен кармашып жатып шайы оогон Күлчорону айбалта менен шилиге чапты. Ачуусу келген Күлчоро Канчорону кылыч менен качырып калганда жедигерлер артынан көптөн келип басып калышып колу, бутун байлап, далысынын кечирин кесишти. Кыяс менен Канчоро мындан кийин Семетейдин Таластагы ордосун чаап, талап, жакын адамдарына кордук көрсөтүп, кулдукка айландырды. Канчоро мурунтан алдыртан сүйлөшүп жүргөн Чачыкейге үйлөнүп, Таласка кан болду. Айчүрөктү Кыяс зордук менен жерине алып кетти. Радлов жазып алган вариантта Семетей жаман түш көрүп, атасынын күмбөзүнө тайынып келүүгө жөнөйт. Айчүрөк астынан тосуп жаман түш көрдүм, бу сапар эмес, кийин бар, болбосо бир байталды аябай, Үмөтөйгө тартуу тартып, Тайбуурулду суратып алып анан бар", — деди. Семетей аны булдурсун менен капталга чаап жөнөп кетет. Айчүрөктөн кабар уккан Каныкей да Семетейди токтотууга аракет кылат. Анын да тилин албай күмбөзгө тайынууга барып казанга эт салганда кара кочкул кан чыгып жаман белги берет. Семетей, Күлчоро, Канчоро ал жерден аттанып жөнөшкөндө астыларынан жедигердин колу чыгат. Семетей эки чоросун эки жерден жоону тостуруп, өзү Боз-Сеңирден Кыясты тосот. Анын тосуп жатканын Кыястын Тоотору аты билип ээсине эскертти. Семетей Аккелте менен атканда Тоотору так түйүлүп Кыясты куткарды. Семетей жоону кыра баштаганда астындагы аты Чоңбаш семизинен баса албай калды. Атсыз калган Семетейге Күлчоро өзүнүн минген Көкчебичин берип, үйдү көздөй кач дейт. Семетей сени таштап кете албайм дегенде экөө Көкчебичке учкашып минет. Жаңырыктын жалгыз жолго келгенде экөөнү катар көтөрө албай Көкчебич баспай калат. Душман курчап келгенде Күлчоро Көкчебич менен качып кутулат. Анын астынан чыккан Канчоро Семетейден үч жолу көөнүм калган Кыяска качып кирели дейт. Күлчоро: "Өлсөм шейит, өлтүрсөм казымын, төрөмдөн кантип тирүү каламын", — деп Кыясты качырып ыргыта сайганда Тоотору куткарып кетти. Күлчоро: "Төрөмдү жедигерлер жайлап салса керек, Көкчебичти эс алдырып, анын сөөгүн жанды тиргизген өчкөн отту тамызган Айчүрөккө алып барып тирилтейин", — деди. Канчоро Кыяска барып: "Семетейди кармап берсем эмне жакшылык кыласың? — деди. Ал: "сени кан көтөрүп, Күлчоронун аялы Чачыкейди алып берем" деди, Канчоро Семетейдин артынан барып байлап бергенде, Кыяс айбалта менен арка-моюн арасына бир салып жөнөйт. Канчоронун кеңеши менен кайра келип сөөгүн өрттөдү. Күлчоро жедигер колу менен кармашып, Көкчебич баспай калганда колго түштү. Канчоро Чачыкейди алды, Кыяс Айчүрөктү жерине алып кетти.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4