Стефан Ламбиел

Википедия дан
Стефан Ламбиел (2010).

Стефан Ламбиел (фр. Stéphane Lambiel; 1985-жылы 2-апрелде Валэ кантонундагы Мартини шаарчасында төрөлгөн) - Суисс көркөм муз тебүүчүсү жана хореографы. Ал Дүйнөнүн эки жолку (2005–2006) Чемпиону/0}, 2006-жылкы Олимпик оюндарынын күмүш медалисти, эки жолку (2005, 2007) Гран При Чемпиону жана Суисс улуттук тогуз жолку (2001–08, 2010) чемпиону. Ламбиел өзүнүн айлануулары менен белгилүү жана айлануудагы бир нече абалды жайылткан киши катары таанылган.

Ал жука чурайынын (бир санынын кыймылдатуучу булчуңунун) жаракатынын айынан муз тебүү мелдештеринен кеткени тууралуу 2008-жылы 16-октябрда жарыялаган.[1] Бирок 2009-жылы 25-июлда ал муз тебүү мелдештерине кайтып келип, Ванкувердеги 2010-жылкы Кышкы Олимп оюндарына квалификацияланууга аракет кыларын айтат. 2010-жылдын 9-мартында ал мелдештерден кайрадан кетээрин жарыялайт.[2]

Жеке турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел Суитзеленддин Саксонунда өскөн. Анын Сильвия аттуу эжеси (1982-жылы төрөлгөн) жана Кристоф деген иниси (1989-жылы төрөлгөн) бар. Ламбиелдин энеси Португез. Ата-энеси 1999-жылы ажырашып кеткен.[3] Ламбиел Суитзеленддин Лозан шаарында жашайт жана биология жана химия боюнча өзүнүн жетилүү аттестатын ("maturité") 2004-жылы июнда алган.[4]

Ламбиел Франса, Герман (Суисс Герман эмес), Инглиш, жана Португез тилдеринде куюлуштуруп сүйлөй алат. Ал Италиан тилин үйрөнүп жатат.[5]

Анын кокустаган эки тизеси тең кайра-кайра сезгенип, аны көрсөтмө оюн-зооктордон жана машыгуу убактысынан калтырып келсе да, бул көйгөйлөрдүн дабасы 2009-жылы табылган.[3] Башка көп көркөм муз тебүүчүлөрдөй болбой, Ламбиел сааттын жебеси боюнча да, тескери багытта да айлана жана секире алат.[6] Ал багытын улам-улам алмаштырып, эки сыйра айланып аксел секире алат, бирок мындай машыгууларын токтоткон.[6]

2008-жылы берген интервьюсунда Алексей Мишин аны "көрүнүктүү артист жана айлануунун генийи" деп атап, анын кеткенин "оркойгон жоготуу" деп кошумчалаган".[7] Мишиндин сөзү боюнча, Ламбиелди "учурдагы көркөм муз тебүүнүн эрежелери чектеп койгон".

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел эжесин көрүп алып анын артынан жети жашынан баштап Суитзеленддин Саксон кыштагында муз тебе баштаган.[6][3] Энеси аны хоккей ойносун дегени менен, ал секирүүгө көбүрөөк кызыкчу.[6] Ал сегиз жашынан баштап машыктыруучу Питер Грүттер менен иштеш үчүн Женевага жүрүк менен бир жарым саат жол жүрчү жана он жашында үч айланып тоулуп секирген.[6]

Ошол убакта Суитзеленддин балдар арасындагы улуттук биринчилигин утуп алган Ламбиел Лозаннада өткөн 1997-жылкы Дүйнө Биринчилигинде галага чыгып өнөр көрсөткөн.[3] Кийинки эки жылы ал өспүрүмдөрдөн улуттук чемпион болгон жана өспүрүмдөр арасындагы Гран При айлампасында үч жыл өткөрүп, бул учурда эки медал утуп алган. Бир жыл машыгуунун кымбат турганынан (100,000 Суисс франкы), анын ата-энеси 1999-жылы ажырашып кеткенден кийин анын кыштагы чыгымдарды көтөрүш үчүн күйөрмандар клубун уюштурган.[3] Ламбиел чоңдор арасындагы биринчи улуттук наамын 15 жашында, 2001-жылы утуп алган. Ал чоңдор арасындагы дебютун 2001-жылкы Европа Биринчилигинде онунчу болуп жасап, 2001-жылкы Дүйнөлүк Өспүрүмдөр Биринчилигинде бешинчи орунду алган.

Кийинки сезондо Ламбиел чоңдорго аралашып, өмүрүндөгү биринчи чоңдор арасындагы Гран При - 2001-жылкы Трофи Лаликте (Trophée Lalique) 6-орунду алган. Суисс муз тебүү федерациясы эгер ал 2002-жылкы Европа Чемпионатында жогорку он эки орунга кирсе, аны Солт Лейк Ситидеги 2002-жылкы Кышкы Олимп оюндарына жиберебиз деп ага айтышкан. Ламбиел төртүнчү орунду алып, Олимп оюндарына жиберилген, ал жактан он бешинчи болуп кайткан. 2002-жылы Дүйнөдө ал он сегизинчи болгон.

Андан кийинки сезондо Ламбиел 2003-жылкы Европада бешинчи орунду алып, Дүйнөдө онунчу орунга көтөрүлгөн. 2003-2004 сезонунда ал 2004-жылкы Европа Чемпионатында алтынчы, 2004-жылкы Дүйнөлүк Чемпионатта төртүнчү болгон.

2004–2005 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел 2005-жылкы Дүйнө чемпионатында.

Ламбиел 2004–2005 ISU Гран При сезонуна жаракаттарынын айынан катышпай калганга мажбур болгону менен, 2005-жылкы Европа Чемпионатында 4-орунду алганга жетишкен.

Орусиянын Москва шаарында өткөрүлгөн 2005-жылкы Дүйнө БиринчилигиндеЛамбиел квалификациялык айлампа менен кыска програмдан кийин Евгений Плющенконун алдында келе жаткан. Плющенко ошондо жаракаты менен мелдештен баш тарткан. Эркин програмда биринчи Дүйнөлүк Чемпиондук титулун утуу үчүн Артур Падыша тасмасынын үн жолуна муз тебүү менен Ламбиел эки жолу төрт айланган тоулуп секирип, жалпысынан эле күчтүү оюн көрсөткөн;ошондой эле бул анын ISU тааныган мелдештердеги биринчи медалы да болгон. 1947-жылы бул иш-чараны утуп алган Ханс Гершуилерден (Hans Gerschwiler) кийинки биринчи Суисс киши болгон.

2005–2006 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел Гран При баскычтарынын экөөнөн тең күмүш медаль утуп алып Гран При финалынан жеңген. Ал Франциянын Лион шаарында 2006 Европа Чемпионатында экинчи - Плющенкодон кийин - болгон. Ламбиел Италиянын Турин шаарында өткөн 2006 Олимп Оюндарына медаль утууга чоң шанс менен киришкен. Кыска програмдан кийин ал үчүнчү жана узун програмдан кийин төртүнчү гана орунга ээ болгон, бирок бул башка атаандаштары жарыта мүдүрүлүп калганда күмүш медал алуу үчүн жетиштүү болгон. Ламбиел Олимп оюндарында үч айланма аксел аткарган эмес, бирок ал төрт айланма тоулуп-үч айланма тоулуп-эки айланма луп айкашын таза жасаган.

Плющенко 2006-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликке барбайын деп чечкендиктен, Ламбиел өзүнүн титулун коргоп калат деген көпчүлүктүн ою менен барган. Ал квалификациялык айлампадан кийин биринчи, кыска програмдан кийин төртүнчү жана узун програмда биринчи орунга жетишип, эки жолку Дүйнө Чемпиону болгон тарыхтагы биринчи Суисс муз тебүүчүсү болуп калган.

2005–06 сезонунан кийин Ламбиел Муз үстүндөгү Чемпиондор туруна катышкан.

2006–2007 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел 2006–2007 сезонун "Скейт Канадада" ал кыска програмдан кийин жетинчи болсо да, эркин тебүүдө биринчи орунду алып, жеңиш менен баштаган. Ал ошондой эле 2006 NHK Trophy мелдешине катышмак, бирок ден соолугуна байланыштуу деп окуянын так алдында баш тарткан.[8] Суисс Чемпионатына катышыш үчүн ал убагында сакайып, ал жерде өзүнүн жетинчи улуттук титулун жеңип алат.

16-январда Ламбиел "оту өчүп" калганын айтып, 2007-жылкы Европа Биринчилигине катышуудан баш тарткан.[9] Ал Жапандын Токио шаарында өткөн 2007-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликке катышуу үчүн мелдешке кайтып келген. Кыска програмдан Ламбиел үчүлүк акселден жыгылып, ошондой эле кылышы керек болгон төрттүк тоулуп-экилик тоулуп айкашынын биринчисин үч эле айланып алтынчы болуп келген. Узун програмды ал жакшыраак аткарып, эки төрттүк тоулуп жана үчтүк аксел секирген жана програм курамбөлүктөрү үчүн жогорку упайларды топтогон, ал эми айланууларынын үчөө төртүнчү деңгээлдеги катары бааланган. Ламбиел ошол кечте экинчи, ал эми жалпы жыйынтыгы боюнча Бриан Жубер (Brian Joubert) менен Дайсуке Такахашиден (Daisuke Takahashi) кийин үчүнчү болгон.

2007–2008 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lambiel at the 2007-2008 Grand Prix Final.

2007де Ламбиел Кытай Чөйчөгүн үчүнчү, ал эми Орусия Чөйчөгүн экинчи болуп аяктап, Гран При Финалына өткөн. Ал Дайсуке Такахашиден (Daisuke Takahashi) болгону 0.16 упай алдыда, 239.10 упай менен бул иш-чарадан мансабында экинчи жолу уткан.

Загреб шаарындагы 2008-жылкы Европа Биринчилигинде Ламбиел үчүлүк акселде жыгылып жана болгону үчүлүк тоулуп-экилик луп айкашын жасоо менен көңүл калтырарлык кыска програм аткарган; ал төртүнчү орунду алат. Ал Фламенко програмынан төрттүк тоулуп-экилик тоулуп-экилик луп айкашын аткаргып, програм компоненттери үчүн ошол убакта абдан жогору болгон 80 упай алуу менен узун програмды экинчи болуп аяктаган. Ал Чех Томаш Вернерден (Tomáš Verner) кийин болуп, экинчи Европа күмүш медалын утуп алган.[10]

Суедендеги Гетенбург шаарында өткөрүлгөн 2008-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликте Ламбиел кыска програмда үчүлүк акселден жыгылып, төрттүк тоулуптан колу жерге тийгендиктен, эркин муз тебүүгө бешинчи орунда кирген. Эркин муз тебүүдө ал үчүлүк аксел аракетинен эрте басып кеткен, айкаштагы төрттүк тоулуптан кайра колун такай койгон, жана жалгыз аткарылчу төрттүк тоулуптан басып кеткен. Жыйынтыгында ал бешинчи болгон.[11]

2008–2009 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел Ню Жерсидеги Уейнде Виктор Петренко (Viktor Petrenko) менен машыгыш үчүн Америка Кошмо Штаттарына көчүп барат.[1] Ал Канада жана Франстагы Гран При окуяларына бөлүштүрүлгөн, бирок экөөнөн тең баш тарткан.[1] 2008-жылдын октябрында ал жука чурайынын (бир санынын кыймылдатуучу булчуңунун) жаракатынын айынан мелдешүүчү муз тебүүдөн кетерин жарыялаган.[1] Анын сөзү: "Мен эң кыйын дарыгерлерге көрүнүүгө барып жүргөнүмө жети ай болду. Дагы эле ооруп жатат жана чындыгында эле мындай машыгууга болбойт. Мен көздөгөнүмө жетүүгө дарманым жок болду."[1] Ал Суитзеленд, Франс, Итали, Түштүк Корея жана Жапондогу көптөгөн шоуларда, ошондой эле Канаданын Муз үстүндөгү Жылдыздар турунда чыгып муз тепкен.

2009–2010 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел кайрадан Олимп оюндарында медал алуу үчүтү менен 2009-2010 сезонунда мелдешүүчү муз тебүүгө кайтып келген. Анын машыгуусу дагы эле кандайдыр бир деңгээлде кыйнаса да, анын айтымында ооруну көзөмөлгө алынып калган.[12] Ал сезонду 2009 Nebelhorn Trophy турниринен баштаган, ал Олимп оюндарында орду жок өлкөлөр үчүн өтүү мелдеши болгон.[13] Ламбиел кыска тебүүдө төрттүк тоу-луптан жыгылып, бирок айланууларынын баары үчүн төртүнчү деңгээл алып, 77.45 упай менен биринчи болгон. Ал 154.91 упай менен эркин тебүүдөн да уткан; ал төрттүк тоулуп-экилик тоулуп-экилик тоулуп айкашын жана үчтүк флик-үчтүк тоулуп айкашын аткарып, айланууларынын экөө төртүнчү деңгээл деп бааланган. Ал програм компоненттери үчүн мелдештин эки бөлүгүндө тең бийик упайларды алып, окуяны 232.36 упай менен утуп, 2010-жылкы Кышкы Олимп оюндарына Суитзелендди өткөргөн.

Ламбиел 2010 Суисс Чемпионатында тогузунчу улуттук наамын жеңип алат. Ал кыска програмда да, эркин тебүүдө да биринчи болуп, Жамал Отмандан (Jamal Othman) 44.78 упай артык 244.23 упай менен алтын медал утуп алган. Ал андан кийин Эстониянын Таллин шаарында өткөн 2010-жылкы Европа Биринчилигинде мелдешке катышып, ал жерде кыска програмда төрттүк тоулуп көйгөйлүү болгондуктан, 77.75 упай менен бешинчи болгон. Ал эркин муз тебүүдө секирик жасап, 160.79 упай менен күмүш медал утуп алган. Анын програм компоненттери үчүн алган 85.00 упайы ал кечте башкалардыкынан көп болгон.[14] Ал баары биригип 238.54 упай алган, бул жеңүүчү Евгений Плющенкодон (Evgeni Plushenko) 16.85 упай аз эле.

Ламбиел 2010-жылкы Кышкы Олимп оюндарында Суитзеленддин туу көтөрүүчүсү болгон.[15] Олимп оюндарында ал кыска програмда 84.63 упай менен бешинчи, ал эми эркин тебүүдө жаңы жеке бийиктиги - 162.09 упай менен үчүнчү болгон. Ал 246.72 упай менен медалисттер Эван Лайсачек (Evan Lysacek), Плющенко (Plushenko) жана Дайсуке Такахашиден {3}(Daisuke Takahashi){/3} кийин төртүнчү болгон .

Узун програмдан бир күн өткөндө Ламбиел мурдатан эле 2010-жылкы Дүйнөлүк Биринчиликке катышпайм деп жүргөнүн жарыялаган.[16] Бир нече жума өтүп, ал мелдештерден биротоло кетерин жарыялаган.[2]

Кесипкөй катары эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел 2010-жылдын 9-мартында мелдештен кетерин жарыялагандан кийин 2010-жылдын 19-мартында обого чыккан ABC каналынын жаңы "Thin Ice" ("Жука муз") муз тебүү түрмөгүндө мелдешке катышкан. Ал Шизука Аракава (Shizuka Arakawa) менен түгөй болуп, экөө үчүнчү болуп, жалпысынан $45,000 утуп алган. Алар Бейонсенин (Beyoncé) "Get Me Bodied" жана Robin Thicke "Magic" ырларына жылгаяк тебишкен. Бул шоуга катышканынын натайжасында ал Эл Аралык Муз Тебүү Бирлигинин (ISU) мелдештерине катышуу укугунан ажыраган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ISU ага Суитзелендде өткөн 2011 Европа Биринчилигинин көрсөтмө галасында чыгып муз тебүүгө уруксат берген.[17]

"Жука Муздан" кийин ал Брайан Жубер (Brian Joubert), Жони Уейр (Johnny Weir) жана Евгений Плющенко (Evgeni Plushenko) менен бир катарда Орусияда Муз үстүндөгү Падышалар шоусуна катышкан.[18]

Ал Суеден, Чыгыш Европа, Германия, Жапан, Кытай жана Түштүк Кореядагы, анын ичинде Ким Йу-На (Kim Yu-Na) баштаган Бардык ушул жылгаяк[19] жана Муз үстүндөгү Опера жылгаяк шоуларына да катышкан.[20]

Машыктыруучуларды алмаштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел 1995-жылдан 2007–2008 сезонуна чейин 2004-жылы кыска үзгүлтүк менен машыктыруучу Питер Грүттердин Peter Grütter[21] кол алдында машыккан. Ал негизинен Женева менен Лозанда машыккан. Женевада апрелден июнга чейин муз болбогондуктан, бул маалда ал Германияда (кээде Оберсдорфто) машыкчу.[6] Ал 11ге чыккандан (1996) бери анын хореографы - Саломе Брүннер (Salomé Brunner).[22][23] Ламбиел өзүнүн костюмдарын дизайндоого жалдамдашат.

2008-жылы 6-июнда, Ламбиел машыктыруучу Питер Грүттерден (Peter Grütter) кетип, Виктор Петренко (Viktor Petrenko) жана Галина Змиевская (Galina Zmievskaya) менен иштешиш үчүн Ню Жерсиге көчүп кетерин жарыялаган.[24] Алар аны 2008-жылдын июнунан октябрда спорттон кеткенче машыктырышкан. 2009-жылдын июлунда мелдешке кайтып келгени тууралуу жарыялаганда, ал Суитзелендде кайраданПитер Грүттерде машыгарын айткан.[25]

Коомдук турмушу жана колдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиелдин Суитзелендде көп демөөрчүлөрү бар. 2007де ал Spin Master (Айлануу Чебери) аттуу Суисс саатын дизайндаган.[26]

Ламбиелдин демөөрчүлөрүнүн катарында [27] Ford Motor Company, Hublot жана Swisscom бар.

2007-жылы Ламбиел {Жапанда[28] 1}Fuji Xerox компаниясынын сыналгы жарнагына жана Суисс Дыйкандарынын өнөктүгүнө катышкан.[29]

Ал негизинен Суитзеленддин Лозан жана Зюрик шаарларында өткөрүлүүчү муз шоусу "Муз үстүндөгү Өнөрдүн" топбашыларынын бири.

Ал ошондой эле Колумбиянын жетишпеген балдары үчүн үй-жай жана мектеп куруу менен алектенген ӨЭУ Moi pour Toit ишине катышат.

Хореограф катары эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламбиел хореограф катары да эмгек жолун баштаган[30][31] Булар үчүн бий койгон:

  • Карлолина Костнер (Carolina Kostner)[20][32]
  • Татсуки Машида (Tatsuki Machida)[33]
  • Дайсуке Такахаши (Daisuke Takahashi)[34]
  • Денис Тен (Denis Ten)[35]

Програмдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lambiel at the exhibition at the 2007-2008 Grand Prix Final.
Quidam
by Cirque du Soleil
Born
by Bond
2000–2001 La Cumparsita
by Xavier Cugat
Triton
by Joseph Racaille
1999–2000 La Cumparsita
by Xavier Cugat
Triton
by Joseph Racaille

Мелдештердеги баскычтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2001ден кийин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lambiel(center) at the 2007-2008 Grand Prix Final.
Иш-чара 2001–02 2002–03 2003–04 2004–05 2005–06 2006–07 2007–08 2009–10
Кышкы Олимп Оюндары 15 2 4th
Дүйнө Чемпионаттары 18th 10th 4th 1st 1st 3rd 5th
Европа Чемпионаттары 4th 5th 6th 4th 2nd 2nd 2nd
Суисс Чемпионаттары 1st 1st 1st 1st 1st 1st 1st 1st
Гран При Финалдары 1st 1st
Кытай Чөйчөгү 2nd 3rd
Орусия Чөйчөгү 5th 2nd 2nd
Skate Canada International 1st
Trophée Lalique 6th
Nebelhorn Trophy 1st
Ondrej Nepela Memorial 1st
Finlandia Trophy 11th
Les Etoiles de la Glace 1st
Ламбиел 2008-2009 сезонунда мелдешке катышкан эмес
WD = Баш тартуу (Withdrew)

2001ге чейин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иш-чара 1996–97 1997–98 1998–99 1999–00 2000–01
Европа Чемпионаттары 9th
Дүйнөлүк Кичи Чемпионаттары 10th 5th
Суисс Чемпионаттары 1st N. 1st J. 1st J. 1st
Кичи Гран При, Mexico 2nd
Кичи Гран При, France 8th 9th
Кичи Гран При, Norway 7th
Кичи Гран При, Жапон 3rd
Кичи Гран При, Кытай 8th
Европа Жаштар Олимп Фестивалы 2nd J.
Triglav Trophy 1st N. 3rd N.
N. = Балдар баскычы; J. = Өспүрүмдөр баскычы

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named retire08
  2. 2.0 2.1 Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named Lambiel à la retraite
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named absk120402
  4. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named hldon
  5. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named orbite
  6. 6.0 6.1 6.2 6.3 6.4 6.5 Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named gs070903
  7. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named loss
  8. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 06nhk
  9. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 07euros
  10. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 08euros
  11. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named gs03222008
  12. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named swissnat2009
  13. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 09nebelhorn
  14. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 2010euro
  15. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named flagbearer
  16. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 2010wch
  17. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named isintpreview11
  18. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named koi2010
  19. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named ats2010
  20. 20.0 20.1 Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named absk111017
  21. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 09grutter
  22. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named 05grunnerpt2
  23. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named brunner2009pt1
  24. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named newjersey
  25. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named aoi090725
  26. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named watch
  27. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named sponsors
  28. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named xerox
  29. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named sfuc
  30. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named absk41211
  31. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named lematin
  32. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named kostner
  33. Biography. International Skating Union. Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2011.
  34. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named dreamteam
  35. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named abssknov22010

Цитатанын катасы: <ref> tag with name "retire08" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "Lambiel à la retraite" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "hldon" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "orbite" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "gs070903" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "loss" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "06nhk" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "07euros" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "08euros" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "gs03222008" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "swissnat2009" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "09nebelhorn" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "2010euro" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "flagbearer" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "2010wch" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "isintpreview11" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "koi2010" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "hyundai" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "ats2010" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "absk111017" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "09grutter" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "05grunnerpt2" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "brunner2009pt1" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "newjersey" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "aoi090725" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "watch" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "sponsors" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "xerox" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "sfuc" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "absk41211" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "lematin" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "dreamteam" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "abssknov22010" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.
Цитатанын катасы: <ref> tag with name "kostner" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.

Цитатанын катасы: <ref> tag with name "absk120402" defined in <references> has group attribute "" which does not appear in prior text.

Тышкаркы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:NavigationWorldChampionsFigureSkatingMen Калып:NavigationGrandPrixFinalChampionsFigureSkatingMen Калып:NavigationSwissChampionsFigureSkatingMen

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]