Тандыр

Википедия дан

Тандыр (дандыр) - нан бышырылуучу атайын очок. Кыл кошулуп ийленген чоподон жарым айлана түрүндө оозу кууш, түп жагы кенен, ар кандай көлөмдө (бийиктиги 1, 5, айланасы 2–3 м) жасалат. Кээде тандыр атайын курулган тектирченин үстүнө орнотулат. Нан жапканга, отун жагууга оңой болсун үчүн тандыр тикесинен гана эмес, жантыгынан да курулат. Ошондой эле нандан башка тандырга түрдүү тамак ашты да жасашат. Тандыр Кыргызстанда, Казакстанда, Азербайжанда, Арменияда, Кытайда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Моңголдо, Тажикстанда, Орусияда жана Жапонияда көп тараган. Тандыр ар бир өлкөдө ар түрдүүчө айтылат: Азербайжанда - „тэндир“, Тажикстанда — „танур“, Арменияда — „тонир“, Грузияда — „тонэ“, Индияда — „тандури“.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия