Тейиш кандын тою, Манастын кыз Сайкал менен беттешкени

Википедия дан

Тейиш кандын тою, Манастын кыз Сайкал менен беттешкени — бөлүмдөгү белгилүү окуялардын бири, сюжеттин курулушунда бир бөлүмдүн өз ич ара бутактанып, кеңейүүсүнүн белгилеринен.

Бир чети Манас баатырды колу менен конок кылып тосконум, бир чети кан болгондогу элге берген даамым деп, Тейиш кан той баштайт. Чабылуучу аттар айдалып кеткенден кийин казак, калмак бир тарап, кыргыз, уйгур бир тарап болуп алышып, тойдун тамашасы башталат. Балбан күрөшкө казактан Байкап деген чыгып, ага каршы кыргыздын окчу уруусунан Көкжору барып, Байкапты так көтөрүп, башынан үч айлантып туруп жерге уруп, жеңип алды. Сайышка кайраттуусунан кармагыла, балбаныбыз барар замат жыгылып, ызага чыдабай араң турабыз дешип чуулдаган казак, калмак тараптан сайышууга сары буурул ат минип он жети жаштагы кыз Сайкал чыкты. Сайкалды билгендер Текестин журтунда ага тең келип кармашкан адам болбогонун, балбандыгы менен баатырдыгы жандан башка экенин айтып макташты. Кыргыз менен уйгурлар тараптан кыздын айбатынан ага даап сайышка адам чыкпай, Сайкал майданда жалгыз туруп калат. Шашкеде келген Сайкал түш оогончо туруп, Бердике менен Акбалта» Катындан качкан не жорук, намысты алдырдыңар!” — деп, тургандарга нааразы болушту. Казак менен калмактар жеңдик дешип эр сайыштын байгесин алып кете турган болгондо сайышка Манас өзү чыкты. Аны көргөн кыз Сайкал кыргыздардын кыйыны ушул дешти эле, оюнда кокус кылып Манасын өлтүрүп, калган колун анан кырайын деп ойлоду. Экөө бирин-бири качырышып келгенде Манас Сайкалдын өзгөчө сулуу кыз экенин көрүп, өзүм алчу кыз экен, катуу сайсам бекерге өлүп кетер деп ойлоп оң далынын мүрүсүн мелжеп, аярлап, коомай найза салды. Анын найзасын кагып жиберип, Сайкал жүрөктүн башына өлөр жери ушу деп күч менен найза урду. Найза катуу тийип, баатырдын көзүнөн от чагылып, атынан түшүп кала жаздап ооп барып, ат жалдап араң оңолду. Чарайнадан тайыган найза Манастын оң колтугун жарып, аркасынан чыгып кетиптир, тепчилип калган найза колтугунда сороңдоп чыгып жүрөт. Жанаша түшкөн Манасты далыдан алып, Сайкал оодарып кетмекке ат күчүнө салып тартты эле Манастын ээрден арты кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып, аттан оой баштады. Муну көргөн Акбалтанын Чубагы атын октой чуратып ортого жетип, бул эңиш эмес сайыш, жанчышкыла деп, Сайкалдын атын башка кагып жиберип, Манасты жөлөп калды. Жалт берип аты артка үркүп, өксүгөн Сайкалдын колунан Манас бошонуп, оңолуп кетти. Кайра беттешкенде эти ачынып, ызаланып калган Манас чындап найза салганда төшкө тийген анын найзасынын күчүнөн Сайкалдын эси эңгирей түшүп, ээрден ажырап атынын соорусуна кетти. Аккуланы ат чабышка кошуп жиберген Манас эр сайышка башка ат минип чыккан экен, атынын шайы жогунан Сайкалды аттан түшүрө албашы. Сайкал атынын башын буруп элин карай качып жөнөдү. Эти ооруп калган неме кайра сайышка чыкпай койду. Майданга келсин, же жыксын, же жыгылсын деп, талап кылган Манаска Сайкалдын атын тартуу тартышты. Ал атты Карачанын өзүнө кайра белек деп берди, Кечке жуук чабылган аттар келип, биринчи чыгып келген Аккуланын баш байгесин бүт элге бөлүштү. Той тарап, алты күн кол тыныгып, жетинчи күнү аттанып Каркыра, Төтө аркылуу Кер-Көлгө бет алды.

Эпизоддо Тейиш кандын тою жана Манастын кыз Сайкал менен беттешкени — деген белгилүү эки сюжет бириктириле берилген.

Тейиш кан, анын тою сөз арасында эскертилгени менен деталдаштырылып иштелип чыккан окуя катары көпчүлүк варианттарда орун алган эмес. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында гана Текестин окуясынын аягында Тейиштин кан шайланып, чоң той бергени кыска түрдө баяндалат, бирок ал тойдо Сайкал катышып, аны менен Манастын беттешүүсү эскерилбейт. Сайкал, анын Манас менен беттешүүсү, Манастын ал кармашта жеңилип кала жаздаганы эпостогу кеңири белгилүү сюжеттердин биринен. Варианттардын көбүндө өз алдынча вариациялары менен кездешет.

Окуя Радлов жазып алган вариантта жок. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын өлүмүнө байланыштуу окуяларда бир нече жолу, айрыкча Тайбуурулду Семетейге арнап Сайкал Манаска белекке бергендиги көп жолу кайталанат. «Каныкейдин жомогунда» («Семетей») окуя айрым деталдар менен баяндалат: Кыргылчалдын ушагынан улам Манас Каныкейди салбар кылып, аялым начар чыкты, Лоп дарыянын боюн жердеген, нойгуттун каны Карачанын баатыр кызы Сайкалды аялдыкка алам деп оолугуп, кырк чоросу менен аттанат. Сайкал кайгуулда жүрүп, кароол болуп турган Серекке жолугуп беттешет, кырк жигитти (Алмамбеттен бөлөгүн) бүт аттан түшүрө сайып алек кылат. Манас Сайкал менен беттешип, экөө бирин-бири жеңе алышпайт. Манас семирип алган экен, ал эңкейе албай коёт да, ошондон пайдаланган Сайкал аны ат үстүнөн эңип коё жаздайт. Ээрден көтөрүп ала коюп, бирок кыргыздын туткасы экен, элдин шагы сынат го, аялдан жеңилгенин душмандары укса кыргыздарды талап кетишер деп ойлоп, кайра атына мингизип коёт. Ошол учурда туурадан чыга калган Алмамбет Сайкалды качырып, Манасты куткарып калат. Айылга кайткан Манасты Каныкей таптап багып, кийин кайра барып беттешкенде Манас Сайкалды жеңет. Аялдыкка алам десе, Каныкей аялдын сырттаны экен, ага күнү барбаймын деп Сайкал көнбөй коёт. Экөө тиги дүйнөдө кошулмак болуп кыяматтык нике кыйдырышат. Сайкал балалуу болсоң балаң минсин деп буурул тайды (Тайбуурул) берет.

Манас менен Сайкалдын беттешүүсү башка манасчылардан Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында «Көзкамандар окуясынан» кийин берилип, мазмуну негизинен Саякбай Каралаевдин вариантына жакын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4