Тонюкук
Тонюкук 𐰋𐰃𐰠𐰏𐰀 𐱃𐰆𐰪𐰸𐰸 | ||
| ||
---|---|---|
681 — 716 | ||
Дини: | Теңирчилик | |
Туулган жери: | Юлин, Таң империясы[1] | |
Уруусу: | Ашиде | |
Балдары: | Кутлуг Сабаг Катун | |
Тонюкук (байыркы. түрк. 𐰋𐰃𐰠𐰏𐰀:𐱃𐰆𐰪𐰸𐰸,[2] кыт. 暾欲谷) — түрктөрдүн саясий жана аскердик ишмери, Чыгыш Түрк кагандыгынын тарханы, ягбу жана анын негиздөөчүлөрүнүн бири.[3]
Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]
646-жылы Туул дарыясынын жанында Ашиде уруусунан төрөлгөн. 679-жылы Таң династиясынан качып, 681-жылы Элтеришке кошулган.
Кытай булактарында Тонюкуктун аты Юаньчжэнь болгондугу, ал бардык кытай салттарын үйрөнүп, чек аралардагы жана Кытай дубалындагы боштуктарды жакшы билгени айтылат. Ал Чаню аскер губернаторлугунда багынып берген кландарды көзөмөлдөп турганда аскер губернатору Чанших тарабынан кызматтан бошотулуп, түрмөгө камалган.[4]
Үй-бүлөcү[оңдоо | булагын оңдоо]
Ал Элетмиш Билга Катундун атасы жана Билге Кагандын кайын атасы, ошентип Йоллыг менен Теңри Кагандардын чоң атасы болгон.