Торкен, көрүстөн

Википедия дан

Торкен көрүстөнү – б. з. 1-кылымына таандык мүрзөлөр. Кетментөбө өрөөнүндөгү Миңдөбө деген жерде. 900дөн ашык дөбө мүрзөдөн турат. Казанактуу көргө арча табытка бир же эки адамдын сөөгү салынып коюлган. Мүрзөлөрдөн бет кептер, акак таштар чөгөрүлгөн алтын шакектер, сөйкөлөр, темир кылычтар ж. б. табылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.