Тууганбай Абдиев
Бул макаланын мазмунун «Абдиев Тууганбай» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Бул макаланын мазмунун «Абдиев, Тууганбай (төкмө)» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Тууганбай Абдиев | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Тууганбай Абдиев |
Туулган жылы: | 1937-жылы 3-май |
Каза болгон жылы: | 2009-жыл |
Туулган жери: | Ничке-Сай айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | ![]() |
Ишмердүүлүгү: | төкмө акын, дастанчы |
Төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев (1937–2009) Токтогул районунун Ничке-Сай кыштагында 1937-жылы 3-майда туулган.
Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]
1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө,
1956–1961-жж. Жалал-Абаддагы облустук драма театрында, 1961-жылдын март айынан өмүрүнүн акырына чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында артист болуп эмгектенген.
Алгач устаты Коргоолдон комуздун коштоосунда ырдоону, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды айтууну үйрөнгөн.
Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Замирбектер менен бир нече айтыштарды жаратып, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуу залкарлар менен учурашып ырдап алардын ак баталарын алган.
Чет мамлекеттерде чыгармачылык гастролдо болуп, кыргыз искусствосун даңазалаган.
1993-жылы «Ак таңдай–93», 1995-жылы «Манас–1000» эл аралык акындар айтыштарынын жеңүүчүсү болгон,
Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
2000-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде дастанчылардын жеңүүчүсү болгон.
1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген.
1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]
- Таңшы комуз: Ырлар жыйнагы. Ф.: Кыргызстан, 1979. 64 б.
- Ыр канатында: Ырлар жана термелер: Тестиер балдар жана өспүрүмдөр үчүн. Ф.: Мектеп, 1984. 44 б.
- Залкарлар. Замандаштар. Чоңколор: Эскерүүлөр, айтыштар, ырлар жана чакан аңгемелер. Б.: Кыргызстан, 1999. 272 б.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.
Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- "Курманбек" дастаны Т. Абдиевдин аткаруусунда (Кыргыз элинин эпикалык мурасынын антологиясы)